Хизбут-Тахрир – Түркия аялдар үчүн уюштурган “Үммөттүн биримдигинде аялдын орду” деген аталыштагы конференция

385
0

Хизбут-Тахрир – Түркия аялдар үчүн уюштурган “Үммөттүн биримдигинде аялдын орду” деген аталыштагы конференция көп сандуу муслималардын катышуусунда болуп өттү. Конференцияны ачып берген Куран кыраатынан кийин турмушта Ислам өкүмдөрү колдонулбай жаткандыгы себептүү Ислам үммөтү, айрыкча, аялдар жана жаш балдардын канчалык аянычтуу абалга түшүп калгандыгын көрсөткөн документалдуу фильм көрсөтүлдү.

Биринчи болуп сөзгө чыккан Савда Карадемир мусулмандардын бүгүнкү абалга түшүп калышына себеп болгон үч чекитке т.а. Халифалыктын кулатылышы, Исламдын шарьий мыйзам-эрежелерден ажыратып ибадат жана адеп-ахлакка гана чектеп коюлушу о.э. мусулмандар Ислам байрагы айланасында биригүүнүн ордуна улутчулдук же мекенчилдик менен алаксып калгандыгына көӊүлдү бурду.

Ал: “Халифалык маселеси – бул Ислам үммөтү үчүн тагдырды чечүүчү маселе. Бул үммөт кылымдар бою дүйнөдөгү эң жакшы, сыймыктуу үммөт даражасына Исламды колдонгон Халифалык көлөкөсү астында гана жетишти”, – деди.

Конференциянын алып баруучусу Гамзе Гурсой дүйнөнүн түрдүү өлкөлөрүндө куфр зулумдарын башынан өткөргөн мусулмандардын балдарын сахнага чакырды. Сирия, Мисир жана башка мамлекеттерде кандай гана күндөрдү башынан өткөргөн бул күнөөсүз наристелер көздөрдү жашка толтурду.

Андан кийин Хизбут-Тахрирдин мүчөсү Гүл Эрен сөзгө чыгып, үммөттүн биримдиги жөнүндө сөз сүйлөдү.

“Биримдик жөнүндө сөз болгондо “мынчалык бири-биринен айырмалуу көз караштарга ээ болгон жана ар түрдүү жамааттарга бөлүнүп кеткен мусулмандар кантип бириге алышы мүмкүн” деген кишилерге айтарыбыз, “Үммөтүмдүн ихтилафы рахмат болуп эсептелет”, деген хадиске ылайык, бири-биринен айырмалуу көз-караштардын болушу рахмат болуп эсептелет. Биримдик бул – бир түрдүү услуб, бир түрдүү саясат жана бир түрдүү позицияда болуу. Бул болсо, бир Халифаны шайлап, бүт мусулмандардын ага байъат кылышы жана бир байрак астында биригиши аркылуу ишке ашат. Биримдикти кайрадан тикелемекчи болсок, бизден мурда өткөн мусулмандардын абалына бир назар таштайлы. Алар да биз сыяктуу чачырандылыкка дуушар болушканбы? Бири-бирине каршы тескери туйгуда болушканбы? Кафирлер каршысында чегинүүгө дуушар болушканда, мындай абалдан кантип чыгып кетишкен эле? Мына ушул суроолорго жооп тапсак: “Мусулмандарды кантип бириктирүүгө болот?” – деген суроого жооп тапкан болобуз, инша Аллах”, – деп сөзүн аяктады Гүл Эрен.

Конференция Хизбут-Тахрирдин борбордук маалымат бөлүмүнүн мүчөсү Доктор Насрин Наваз айымдын муслима аялдарга болгон кайрылуусу менен аяктады.

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here