Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министрлиги келерки жылдан баштап бааны көтөрүү сунушун коюп келет. Алардын айтымында, энергетика системасындагы ишканалар чыгашалуу эсептелет. Жабдууларды жаңыртуу, жаңы көмөк чордондорун куруу жана энергетика тармагына алынган сырткы карыздарды төлөө мындай турсун, бул тармак өз чыгымдарын актабай келет, – деп билдиришет.
Мунун тескерисинче, Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин эсептөөлөрүндө, энергетика жаатындагы ишканалар кирешелүү болуп, жүз миллиондогон пайда табат.
Электр наркын көтөрүүнү сунуштаган өкмөт жана бааны көтөрүүгө каршы турган Агенттик өз позицияларына төмөнкүлөрдү негиз кылып келтиришет.
Энергетика жана өнөржай министрлигинен Айдарова Миргүл Мырзагелдиевнанын билдиришинче,эсептөөлөр электр энергиясынын учурдагы баасы аны өндүрүүгө кеткен чыгымды актабай жатыптыр. Ошондуктан электр баасын 1 сом 24 тыйынга чейин көтөрүү сунушу каралууда. “Бүгүн биздин мекемеде каралып жаткан сунуштардын бирине токтоло кетсек, бул вариантта социалдык адилеттүүлүк кепилдиги каралган. Тактап айтканда, биз калктын бай, колунда бар катмарлары үчүн жаны тарифти киргизүүнү каалар элек. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, бул социалдык ченемдин ичинде калың журт мурункудай эле, көнүмүш болгон 70 тыйын/киловатт саат наркын төлөмөкчү. Ал эми бул көлөмдөн ашып кеткендер, биз баамдагандай, колдонгон электр кубатынын толук көлөмү үчүн андан жогору бааны, тактап айтканда 1 сом 24 тыйындан төлөйт. Биз талдап чыккандай, социалдык ченемдин чегинен чыгып кетүүсү мүмкүн болгондордун саны- жалпы Кыргызстан калкынын 15-20%ын тузот. Мекемебиз толук кандуу жоопкерчиликти мойнуна алып туруп, Кыргызстанда 2013-жылы өндүрүлгөн электр кубатынын өз баасы – 1 сом 24 тыйынды түзөт деп билдирет. Бул баага электр кубатын өндүрүүнү, ташууну, болүштүрүүнү жана таратып берүүнү коштогон баардык чыгымдар жана салыктар (НДС жана НСП) киргизилген. Ошондой эле ТЭЦ өндүргөн электр кубатынын өз баасы бир топ кымбат экенин – 3 сом 21 тыйын турарын унутпашыбыз керек. Мунун баарын эске алганда: – акыры келип жалпы электр кубатынын өз баасы, 1 сом 24 тыйын келип чыгат. Эми 1 сом 24 тыйынды майдалап эсептеп берейин: 39,54 тыйын/кВтс (анын ичинде ГЭСке 16,45 тыйын/ тыйын/кВтс, ТЭЦке 3 сом 21 тыйын/кВтс таандык) – иштеп чыгарылган баасы; 16,18 тыйын/кВтс – өткөрүүнүн баасы; 1,11 тыйын/кВтс – сатуудан түшкөн салык; 6,69 тыйын/кВтс – кошумча нарк салыгы; 13,94 тыйын/кВтс – электр энергиясынын жоготуунун баасы; 46,87 тыйын/кВтс – бөлүштүрүү баасы” – деп билдирди М. Айдарова.
Буга каршы, Өкмөттүн алдындагы Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинен Тайлаков Кеңешбай Доскулович энергокомпанияларды кирешелүү ишканалар деп баалайт. “Арийне, «Электр станциялары» ААК электр энергиясын, жылуулук энергиясын жана таза сууну иштеп чыгууга каражат сарптайт. 2013-жылга карата ОЭКД бекиткен ТЭК боюнча энергия өндүрүмүнүн өз наркы 7 млрд. 417 млн. 061,3 миң сом болот, анын ичинен:электр энергиясын иштеп чыгуунун өз наркы 3 млрд. 614 млн. 154,0 миң сомду түзөт; жылуулук энергиясын иштеп чыгуунун өз наркы 3 млрд. 497 млн. 975,7 миң сом; ичүүчү сууну иштеп чыгуунун өз наркы 304 млн. 932,0 миң сомду түзөт.
Антимонополия органы КР өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралында бекиткен №83 номерлүү Жобосунун алкагында караганда, электр энергиясын иштеп чыгуунун өз наркы 2 млрд. 909 млн. 656,20 миң сомду түзөөрү аныкталган. Ошол эле учурда, экономикалык негизсиз жана электр энергиясын иштеп чыгуунун өз наркына мыйзамсыз кошулган чыгымдар 704 млн. 497,8 миң сомду көрсөткөн.Ушинтип, «Электр станциялары» ААКнын электр энергиясын иштеп чыгуусунун өз наркы 2 млрд. 909 млн. 656,2 миң сомду түзүп, таза кирешеси 1 млрд. 596 млн. 041,13 миң сом болгон, рентабелдүүлүгү 54,85%га жеткен. Башка электр энергиялык компаниялардын эсеп-чоттору да ушундай эле тартипте каралган. Агенттиктин эсептөөлөрү боюнча, 1 кВт/саат электр энергиясынын өз наркы 76,11 тыйынды түзөт жана 98,46 тыйындан сатылат. Ошого жараша, ар бир кВт/сааттан 22,35 тыйын таза киреше табышат.
Энергетика жана өнөр-жай министри О.Артыкбаев журналисттерге энергосектордогу чыгымдардын жагдайын 16,0 млрд. сом деп түшүндүрдү. Чындыгында, 16 млрд эмес, 12 млрд. сомду түзөт. Электр энергиясын сатуудан түшкөн киреше 11,3 млрд. сом болот.Министр О.Артыкбаевдин маалыматтары менен антимонополия агенттигинин эсептөөлөрүн салыштыруу иретинде бир нече көрсөткүчтөрдү келтире кетели. – Министр газ, мазут сатып алууга 3,8 млрд. сом чыгымдалат дейт. Чындыгында 1,6 млрд. сом кетет. Энергетика секторунун кызматкерлеринин айлык маяналарын төлөөгө 2,9 млрд. сом эмес, 2,8 млрд. сом жумшалат. – Кредиттик долбоорлордун кайтарымын төлөөгө 2,3 млрд. сом эмес, 0,8 млрд. сом чыгымдалат.- Амортизациялык жана ремонттук чыгымдарга 4 млрд. сом эмес, 1,2 млрд. сом жумшалат.Чындыгында жалпы өндүрүлгөн электр энергиясынын өз наркы 8,2 млрд. сом, сатуудан түшкөн жалпы киреше 10,6 млрд. сом жана энергосектордун таза кирешеси 2,4 млрд. сом болот. – электр энергиясынын өз наркы 1 сом 24 тыйын эмес, 76,11 тыйын болот, элге 98,46 тыйындан сатылат”, – дейт К. Тайлаков.
Белгилүү болгондой, Кыргызстандагы энергетика маселеси чечилбеген көйгөй бойдон калып келүүдө. Ал тургай, эң эле жөнөкөй маселе – өндүрүлгөн энергиянын өздүк наркы – ушул кезге чейин так эсептеле элек. Ар бир бийлик тушунда ар-кандай цифралар айтылып, карапайым калктын башы айландырылып келет. Демек, Кыргызстан бийлиги эч качан туура бааны айтпоосу анык. Анткени, анын эки себеби бар:
1. Колонизаторлук саясатка күнкордук.
2. Жергиликтүү капиталисттердин кызыкчылыктары.
Колонизаторлук саясатка токтолсок, ал төмөнкүлөрдөн турат.
А) Электр энергиясын арзан баада алуу. “Стратегиялык өнөктөш” деген чүмбөт артында, азыр Кыргызстандын чыныгы кожоюну Россия болуп турат. Демек, Россия энергетикалык керектөөлөрүн кандырууда Кыргызстандан арзан электр энергия алары анык. Айрым бир жылжып чыккан маалыматтарга караганда, Акаев доорунда Россияга экспорттолгон электр энергиясынын белгилүү бир көлөмү кыргызстандыктарга сатылган баадан төмөн болгон. Россия мындай колонизаторлук саясатын шектүү экономикалык келишимдер аркылуу ишке ашырат. Бирок, мындан коомчулук кабардар болбойт. Мындай келишимдер мамлекеттик сыр катары каралып, алар ачыкка чыгарылбайт. О.э. Кыргызстан келишимде көрсөтүлгөн көлөмдү Россияга жеткирип берүү менен, өзүндөгү керектөөлөрдү толук жаба албай калат. Натыйжада, ТЭЦ сыяктуу чыгашалуу тармактарды ишке салат. Бул болсо, электр энергиясына болгон баанын көтөрүлүшүнө алып келери айдан ачык.
Б) Кыргыстандагы энерготармак жабдуулары жалаң гана орус өнөржай товарлары менен жабдылат. Алар ремонттолобу же жаңы курулабы, кыскасы бардыгында асмандаган баада орус товарлары сатып алынат.
В) Орус колонизаторлугунун бул тармактагы багыты мындай: алгач бул тармакты карызга батырып жиберип, андан кийин аны өз компанияларына алып берүү. Ушундан кийин электр энергиясын кимге канчадан сатат, өзү билет. Ал бул максатына жетүу үчүн жабдууларды карызга берүү, кредиттик инвестиция жаткаруу ж.б. ыкмаларды ишке салат. Мисалы, Кыргызгаздын Газпромго өтүүсү дал ушундай болду.
Эми жергиликтүү капиталисттердин кызыкчылыктарына токтолобуз.
А) Жергиликтүү акимдерибиз колонизатор кожоюндары менен эл-жерди саткан кыянатчыл келишимдерди түзүп, бул келишимдерди ишке ашырып беришет. Бул үчүн алар кожоюндарынын жугундусуна татыктуу болушуп, ушул аркылуу байлык арттырышат.
Б) Жергиликтүү байлар жогорудагы малай акимдер менен тил бириктирип алып, бааларды көтөрүп карапайым калктын эсебинен дагы да байлыктарын көбөйтүшөт. Натыйжада, малай акимдер жана байлардан турган бир ууч адамдардын байлыгы улам артып, калк болсо улам жакырланып бара берет. “Социалдык адилетүүлүк”, “Бааны байлар үчүн гана көтөрөбүз” деген сөздөр аңкоо адамдарды акмак кылуудан башка нерсе эмес. Анткени, байларга карата электр энергиясынын баасы көтөрүлгөнү менен, буга каршы алар өндүргөн өз товарларынын баасын көтөрүп коёт. Аларды кымбат сатып алуу жүгү кайра эле карапайым калктын желкесине келип түшөт.
Демек, жогорудагылардан маалым болгондой, өз байлыгыбызга өзүбүздүн ээ боло албай жаткандыгыбыздын түпкү себеби капитализмдин колонизаторлук саясатына жана капиталисттердин суктугуна барып такалат.
Ошондуктан, эй мусулмандар, капитализм зулумунан кутулуп, Ислам адилеттигине чыгууга шашылгыла!