Дүйнө мусулмандарынын Исламга болгон талпынуусу жана өз динине даават кылуусу күчөп кетти. Ал коомчулукта “исламизация” аталып калды. Бул нерсе кафирлер жүрөгүнө “исламафобияны” салды. Бул көчтөн Кыргызстан мусулмандары да артта калбады. Дүйнө бойлоп даават жүгүн мойнуна алган Хизбут-Тахрир Кыргызстанда да иш алып барып, залимдин зулумунан коркпостон, калкты исламий жашоого даават кылды. Малай акимдердин зындандары Хизб жигиттерине толуп ташты. Бирок, мындай каардуу чаралар каарман жигиттердин кайратын сындыра албады. Ал азаматтар түрмөлөрдө да даават иштерин токтотушкан жок. Мындай эрдик кафирлер дилине коркуу салып, эми алар камакканалардагы дааватка каршы күрөшүү жөнүндө баш катыра башташты.
Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму 4-6-сентябрь күндөрү “диний экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүү” шылтоосу менен Кыргызстандын жаза аткаруу кызматынын өкүлдөрүнө семинар өткөрдү.
Аты аталган уюмдун ысымы эле айтып тургандай, Европа өзүнүн империалистик кызыкчылыктары коопсуздугун коргошу үчүн, региондордогу малайларын ишке салат жана муну “кызматташтык” деп атап коёт. Ал эми малайларга тапшырмалар жүктөлчү жыйналыштар конференция же семинар деген сыяктуу сырты жалтырак терминдер менен тергеп айтылат. Буларга катышкан маңкурт малайлар өздөрүнчө корстон.
Кечеги семнарга да Кыргызстандагы малайлыкты тандап алган маңкурттардын бардыгы катышты. Бардык күч түзүмдөрүнүн, муфтияттын өкүлдөрү желе-жорто жетип барып, бардыгы биргелешип кызматташууну макулдашты.
ЕККУнун максаты өз коопсуздугун коргош болсо, малайлардын максаты кожоюндарынын тапшырмасын ашыра аткарып, алардын акчасын алып жеш. Бирок, кафир кожоюндар акчаны “ме” деп эле бере салышпайт, алар бул мунафыктардын динин дүйнө матасына сатып алышат. Кафир кожоюндардын тапшырмасын эң биринчи аткара баштагандары – баягы эле динибиздин “балта саптары”.
Кадыр Маликов “акча бергиле, биз динге каршы күрөшүп беребиз” деп ачык айтпаса да, “бул иштер албетте каражатты талап кылат” деп ушул маанини кыйытты:
– Бул бүтүндөй өлкө коопсуздугуна тийиштүү маселе. Кумтөргө байланыштуу соңку окуяны эле карап көрөлү. Кенге байланыштуу маселенин так алдында “Хизб-ут Тахрирдин” атынан кадимки светтик мүнөздөгү видеоролик пайда болгон. Экинчиси, Кумтөрдөн опузалап 3 миллион доллар сурады деп шектелгендердин бирөөсүнүн да диний фактор менен байланышы бар болууда. Бул өтө кооптуу жагдай. Өтө опурталдуу агым. Ошондуктан чукул чараларды көрүү керек, күч колдонуу эмес, агартуучулук багытта түшүндүрүү иштери зарыл. Бул албетте каражатты талап кылат.
Семинардан кийин түрмөлөрдө дааватка каршы алып барылып жаткан иштер тууралуу Кыргызстан мусулмандар диний башкармалыгынын жетекчиси Рахматула Эгембердиев мындай дейт:
– “Хизб-ут Тахрир” дейбизби, же болбосо салафия, акрамия дейбизби, кыскасы ушул сыяктуу жамааттардан кесилип, түрмөгө отуруп, ал жактан даават иштерин жүргүзүп аткандар жок эмес. Бүгүнкү күндө үч түрмөгө имам дайындап бердик. Ал имам түрмөгө кирип, салттуу дин негизинде сабак өткөнгө, жума намаздарды өткөргөнгө мүмкүнчүлүк түзүп берип жатабыз. Башка түрмөлөрдүн башчылары да имам шайлап бергиле деп суранып жатышат. Мечиттерде бүгүн соттолуучулар өздөрү койгон имамдарды аттестациядан өткөрүп бергиле деп суранышты.
Негизи, динибизде “салттуу ислам”, “мээлүүн ислам” деген сыяктуу “исламдар” жок. Колонизатор кафирлер баскында калган мусулмандар мээсин жууш үчүн мына ушундай атама жана түшүнүктөрдү ойлоп табышкан. Малайлар буларды кабыл алып, маңкурттарга айланышкан. Дааватты ушундай “рамкага” салынган имамдарга тапшыруу Исламга жана дааватка каршы кылынган кыянат болуп эсептелет. Мындай “селде-чапандарды” эч ким деле суранбайт, бирок, аларды имам кылып коюу тууралуу ЕККУ сыяктуу кожоюндар буйрук беришет.
“Ичтен чыккан ийри жыландар” имамдар эле эмес.
Жаза аткаруу кызматынын оперативдүү-издөө башкы башкармалыгынын жетекчиси Ороз Энтериев жакында эле муфтий өзү баш болуп, милициянын, атайын кызматтын өкүлдөрүнөн турган топ бардык түрмөлөрдө болгонун айтат:
– Биз демилгечи болуп комиссия түзгөнбүз. Комиссия колониялардын баарын кыдырып келди. Жалпы жаза өтөө жайларында жалпысынан 400дөн 900гө чейин адам намаз окуйт. Ошолор салттуу исламдын жолуна түшүүгө аракет кылып жатышат.
Энтериев динге каршы күрөш эл аралык деңгээлде жүргүзүлүп, кожоюндар жана малайлар ортосунда тажрыйба алмашуу болуп турарын минтип айтат:
– Былтыр Орусиядан, Казакстандан эксперттерди чакырганбыз. Алар менен чогуу семинарларды өткөрүп, кеңештерин угуп, диний экстремизм боюнча соттолгондорду өзүнчө кармоо идеясынан баш тарттык. Андан көрө абактардын ичинде чакан жайларды куруп, өзүнчө кармайлы деп жатабыз. Баарын чогултуп, бир колонияга камай албайбыз, анткени режимдери бөлөк. Казакстан менен Орусия баарын кошкон экен, кийин кайра баарын мурдагыдай эле калтырышыптыр.
Кафирлер жана алардын малайлары канчалык айла-амал кылышпасын, Аллах Субханаху ва таала алардан айлакерирээк жана Өз ишинде үстөм. Хизб дааватта бекем турат жана бул иш акырына жетет, инша Аллах.