ТЕНИРЧИЛИКТИН ТЕГИРМЕНИ ЖУРО БАШТАДЫ

446
0

Бишкектин райондор аралык соту теңирчиликти дин катары каттоо сунушун карап баштады!

Теңирчиликти дин катары каттоо сунушун миң чамалуу мүчөсү бар “Манас Ордо” коому Дин иштери боюнча мамлекеттик комисияга ушул жылдын башында эле берген экен. Бирок комиссия теңирчиликти дин катары каттоо элди бөлүп-жарууга алып келет деген жүйөө мене белгисиз убакытка жылдырылды.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын юристи Жаныбек Ботоев теңирчиликти дин катары каттоо коомчулуктун коопсуздугу үчүн опурталдуу жана дин катары каттоого эч кандай негиз жок экенин айтып отту.

Өзүн баш теңирчимин деп тааныштырган “Манас Ордо” коомунун төрагасы Анарбек Усупбаев теңирчиликти толук кандуу дин катары каттоо зарыл деген ойдо. Анын айтымында, теңирчиликти дин катары каттоону колдогондордун арасында интеллигенциядан да жоон топ өкүлдөр бар экен. Алардын аттуу-баштуулары катары Арсланбек Малиевди жана Ильгиз Айтматовду мисал келтирди.

Туркистон:

Чындыгында дин эмне экендигин кыргыз коомчулугу дагы да тушуно элек корунот.Себеби Дин-бул адамдын жашоосунда келип чыккан саясий,экономикалык,медициналык,таалим-тарбия маселесин,тактап айтканда 24саатта кандай гана проблема чыкпасын анын чечимин беруучу тузум.Ал эми тенирчилик кандай проблеманы кантип чечип берет болду экен?Албетте бул тенирчиликти маска кылган Батыштын сасык саясаты журуудо.Максат дин тушунугун зээнден алыстатуу, тактап айтканда Ислам динин турмуштан ажыратуу.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here