КЫРГЫЗДЫН КҮНҮ КЫТАЙ ЭТИНЕ КАЛГАНБЫ

507
9

Кытайдын ондон ашык фирмасы Кыргызстанга кайрадан эт экспорт кылууну көксөп турат. Бул тууралуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча маминспекциянын директорунун орун басары Жаныбек Султанов билдирди.

Анын айтымында, КР 2013-жылдын апрелинен тартып КЭРдин канаттуулар тумоосу катталган шаарларынан импорттолгон эт азыктарына убактылуу чектөө киргизген. Чектөө киргизилген аймактарга 7 провинция жана 2 шаар камтылган. «Жакынкы күндөрдө биздин инспекторлор иш сапары менен КЭРге барат жана андагы продукцияларын экспорттомокчу болгон ишканаларды  текшерип көрөт. Биз бул маселеге абдан катуу көңүл бурабыз, анткени эпизоотикалык абалы туруктуу Кыргызстаныбызга сырттан инфекция кирип келишин каалабайбыз», – дейт Жаныбек Султанов.

Жаныбек Султановдун тастыкташынча, Кытайдан сырткары Кыргызстанга эт азыктары АКШ, Бразилия жана Индиялардан да импорттолот. «Республиканын этке болгон керектөөсү жылына 340 миң тоннаны түзөт. Анын ичинен мекендик өндүрүш 193 миң тоннаны б.а. жалпы керектөөнүн 55-60 пайызын түзөт», – деп белгиледи замдиректор.

“Эл аралык интеграция” шылтоосу менен колонизатор кафирлер Кыргызстан сыяктуу 3-дүйнө өлкөлөрүн айыл чарба сырьёлорун өндүрүп бере турган аймактарга айландырган. Мунусу да аз келгенсип, алар эл аралык уюмдар аркылуу 3-дүйнөнү өздөрү өндүргөн айыл чарба азыктарын өткөрүү үчүн базар да кылып алган. Эмесе эмне, Кыргызстанда эт жетпей жатат дейсиңби, ашып-ташып, орустарды экологиялык таза эт менен багып эле жатпайбызбы… Бирок, Дүйнөлүк Соода Уюмунун мыйзамдарына ылайык, биз доңуз-чочко жеген америкалыктардын, эшек-ит жеген кытайлыктардын эт экспортуна чектөө коё албайбыз, кокустан бир грипп деген эле шылтоо чыгып калбаса… Мындан сырткары, биздин чиновниктердин “ушундай” нерселерди жеп калгандыгынын да таасири болууда. Анткени, мындай арамдарды импорттоонун аркасында алар турушат эмеспи.

9 COMMENTS

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here