КҮЗ КҮРӨШ

406
1

Президент Алмазбек Атамбаев 19-июлда эл аралык спорттук мелдештердин жеңүүчүлөрүн куттуктап жатып, күзүндө жана жазында кырдаалды туруксуздаштыруу аракеттери болорун билдирди. Ажонун мындай ойго баруусуна оппозициялык акыркы аракеттер таасир берген болуусу мүмкүн. ММКры Кыргызстандын ички саясатында саясий күчтөрдүн активдүү сүйлөшүүлөрү, кыймылдарга биригүү аракеттери жүрүп жатканын кабарлашууда. Сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров жергиликтүү маалымат каражаттарына билдирген. Ал эми “Акыйкат” партиясынын лидери Аликбек Жекшенкулов мекенчил күчтөр жаңы кыймыл түзүү аракетинде экенин билдирди:

– Бүгүнкү күндө мекенчилдер жаңы кыймыл түзгөнгө аракет кылып жатат. Ошолордун арасында “Акыйкат”, “Чындык”, “Ата-Журт”, “Улуттар биримдиги” партиялары бар. Алардан сырткары майда партиялар да көп. Бул кыймыл орозодон кийин активдүү аракетке өтүшөт. Кыймылдын иш аракети кандай болоору тууралуу Жекшенкулов буларды айтты:

– Биринчиси – элдик ишенимдеги өкмөт түзүлүш керек деген талап. Экинчиси – Кумтөрдү элдин пайдасына чечүү. Үчүнчүсү – конституциялык реформа жасалыш керек-дейт.

Сокур үмүт деген ушул экен го. Эл кайра эле ушул “оппозиция” жана “пропозициялардан” үмүттөнүп жаткан чыгар. Ал эми алардын “Кыргызстанды оңдоо” сыяктуу ооз көптүргөн сөздөрү эле болбосо, а акыйкатта алар “маданияттуу” малайлык үчүн ат салышууда. Биз болсо “Биздин жаркын келечегибиз Халифалыкта” деп, бул акыйкат иш акырына чыкканга чейин аракетибизди уланта беребиз.

1 COMMENT

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here