ХИЗБУТ-ТАХРИР ЖАНА АНЫН АМИРИ СЫНДООЛОР ЖАНА ОӉДОП-ТҮЗӨТҮҮЛӨРДҮ КАБЫЛ АЛБАШЫ ЖӨНҮНДӨГҮ СУРООНУН ЖООБУ

324
0

Muafa Abu Haura.га
Суроо: Ассаламу алайкум ва рохматуллахи ва барокатух.
Индонезияда “Хизбут-Тахрир жана анын амири сындоолорду, оӊдоп-түзөтүүлөрдү жана илимий талкууларды рад кылат” деген сөз таркаган, ушул нерсе чындыкпы. Ал тургай, “эгер Хизбут-Тахрирди өзгөртүүнү кааласаӊ, оболу анын амири болушуӊ керек” деп айтышат.
Биз шаръий өкүм, исламий пикирлер, идарий иштер жана мындан башка нерселер темасында талкуу кылууну каалайбыз.
Жооп: Ва алайкум ассалам ва рохматуллохи ва барокатух.
Биз бир максатты назарда туткан талкууну жан-дилибиз менен кабыл алабыз. А бирок, бул талкуу биздин китептерибизде келген пикирлер жана өкүмдөр үстүндө болушу керек, башка китептердеги биз тууралуу токулган жалаалар үстүндө эмес. Т.а. сиз биздин китебибизде балан нерсе келген десеӊиз, албетте кабыл алабыз. Андан кийин ар канча суроо жана сындарыӊызды айта бериӊиз. Биз Аллахтын уруксаты менен сизге жооп кайтарабыз. Ал эми дилинде душмандыгы бар кээ бир кимселер бизге карата токуган жалаалары жөнүндө убакытты бекерге өткөрүүнү кабыл албайбыз. Кээде бизден “балан китепте сиз тууралуу мындай сөздөр бар” деп сурашат. Биз ал үчүн убакыт кетирүүнү каалабайбыз, тескерисинче жалаа жабуучулардын ишин Аллах Азза жана Жаллага тапшырабыз.
О.э. биз уюмга тиешелүү идарий иштер жөнүндө да талкуу кылбайбыз. Анткени бул барак анын орду эмес.
Биз, эй бир тууганым, китептерибизге бирер сөздү жаза турган болсок, албетте анын далилдерин жана далил келтирүү жактарын толук үйрөнүп чыкканыбыздан кийин гана жазабыз. Ошондуктан, бул жаатта талкуу кылууга, суроолорго жооп берүүгө жана аларды изахтап берүүгө даярбыз.
Бурадарыңыз Ато бин Халил Абу Рашта
14-ражаб, 1434-х.
24-май, 2013-м.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here