Суроо: Ассаламу алайкум ва рохматуллохи ва барокатух.
Муробаха бүтүмүнүн өкүмү кандай, ал жайизби же фасидби, же батылбы?
Биздин бурадарларыбыз муробаха бүтүмү боюнча келишип, бир аз убактан кийин анын туура эместигин билип калышты. Каражатты койгон тарап өзү койгончолук өлчөмдү жана дагы анын жарымына барабар өлчөмдү алды. Бүгүнкү күндө болсо, мындай бүтүмдүн жайиз эместигин билгенден кийин да, пайданын калган бөлүгүн талап кылууда. Суроо мындай, адал же арамдык жагынан бүтүмдүн табияты кандай. Ал алган мал адалбы же арамбы? Койгон каражатын ашыгы менен алгандан кийин пайданын калганын талап кылууга акысы барбы? Анын үстүнө, бул бурадарлар “амалдардагы асл шаръий өкүмгө чектелүү” экендигин билишет. Бизге ушул нерсени түшүндүрүп бериӊиз. Аллах сизди бардык жакшылыктар менен сыйласын. Абу Сухайл – Берлин.
Жооп: ва алайкум ассалам ва рохматуллохи ва барокатух.
Сурооӊузда келишинче, сиз муробаха бүтүмү деп атап жаткан нерсе мындай окшойт, мал ээси өз каражатын аны менен бирге тижарат кыла турган же аны менен кызматташтыкта иш кыла турган башка бир кишиге берет жана ага кепилденген (алдын ала белгиленген) пайданы берет. Албетте, бул Исламда жайиз эмес. Исламда жайиз болгон нерсе мындай, мал ээси өз каражатын тижарат кыла турган башка бир адамга берет. Эгер пайда болсо эки тарап теӊ ала турган нисбатка келишип алышат. Эгер пайда болбосо, эки тарап теӊ эч нерсе алышпайт. Эгер бул жерде зыян болсо, мал ээси аны көтөрөт. Анткени, күч жумшаган жана тижаратты алып барган тарап эмгегине күйөт т.а. кепилденген пайда мал ээси үчүн алдын ала белгилеп коюлган болбойт. Тескерисинче, жогоруда айтканыбыздай болот.
Бул болсо, Исламда музораба деп аталат. Музораба – бул шерикчилик түрлөрүнүн бири. Анткени, ал бадан (дене) жана мал (каражат) шерикчилиги болуп эсептелет. Шерикчилик – шариятта жайиздиги баян кылынган мамиле түрлөрүнүн бири.
Абу Хурайрадан Расулуллах саллолоху алайхи ва салламдын мындай дегени риваят кылынат: “Аллах Таала айтат, эки шерик бири-бирине кыянат кылбаган болсо, мен алардын үчүнчүсүмүн. Эгер алардын бири экинчисине кыянат кылса, мен алардын арасынан чыгамын”. Абу Давуд риваяты. Сахабалар – Аллах алардан ыраазы болсун – музорабанын жайиздигине ижма кылышкан. Ибн Абу Шайбанын муснафында келишинче, Умар р.а. жетимдин малын музорабага берген. Ал эми музорабадагы пайда, эки тараптын келишип алганына ылайык болот. Зыян болсо малдын үстүнө түшөт. Абдурраззак Санъаний өз муснафында Али р.а.дан музораба жөнүндө мындай чыгарды: “Вазиъат малдын үстүнө түшөт, пайда болсо өздөрү келишип алганына карай болот”. “Вазиъат” сөзү зыянды түшүндүрөт.
Дагы билип коё турган нерсе, муробаха истилахы (термини) шариятта алды-саттыда келет, иштер бүтүмүндө эмес. Мал ээси менен иш жүргүзүүчү ортосундагы иштер бүтүмүндө муробаха сөзүн иштетип жаткандар бул сөздү шаръий ордунан башка жерде колдонуп жаткан болушат. Анткени, муробаха сөзү лугатта пайданы жүзөгө чыгаруу маанисин түшүндүрөт. Малды пайдасына саттым же пайдасы менен сатып алдым, – деп айтылат.
Истилахта: Соодагер малын өзү сунуштаган баада жана белгилүү бир пайда эвазына сатуу үчүн сунуш кылуусу.
Муробаха аманат малдарды сатуу түрүнө кирет. Анткени, ал малдын баасы жөнүндө кабар берип жатканда сатуучунун аманаткөйлүгүнө таянат. Бул шаръий жактан жайиз. Анткени, бул сатуучунун өзү сатып алган баанын үстүнө пайда коюп сатуусу болуп эсептелет. Эгер соодагер “малды сизге өзүм сатып алган баанын үстүнө мына ушунча пайда коюп сатамын” десе, сатып алуучуга бул баа белгилүү болсо жана ал муну кабыл алса жайиз болот. Анткени, бул белгилүү соода болуп эсептелет.
Бурадарыңыз Ато ибн Халил абу Рашта
1434-хижрий, 19-ражаб.
2013-миладий, 29-май.