«ДЕМОКРАТИЯ» МАСКАСЫН КИЙГЕН КАПИТАЛИЗМ МУБАРАКТЫ АСЫРАП ЖАТАТ

348
0

Кече 21-августта 85 жаштагы Мисирдин мурунку президенти Хусни Мубарак коррупцияга аралашкан деген айыптардын акыркысынан акталды. Египеттин экс-президентин бошотуу боюнча Каир соту  чечим чыгарды.

‘Башкармалык соттун чечимин прокуратурага жөнөтөт. Бул көзөмөлдөө органы Мубарактын андан аркы кармалып турушу же бошотулушу туурасындагы маселени чечет”, – деп билдирди түрмө башкармалыгынын башчысы генерал Мустафа Баз.

Мурун билдирилгендей, Мубарак түрмөдө 48 саатка кармалып, бул убакта прокуратура апелляциялык арыз бериши мүмкүн эле. Бирок, бул орган соттун чечимине доосу жок экендигин жарыялады.

Бүгүн 22-августта болсо Мубарак үй камагына чыгарылмай болду. Бул туурасындагы буйрукка премьер-министр Хазим аль-Баблавий жана Каирдин аскерий коменданты кол койду. Албетте, адамдарды алдап-соорото турган “Бул чечим акыркы чечим эмес, бул болгонуу күрөөгө гана бошотуу. Ал күнөөсүз деп өкүм чыгарыла элек. Өкүм менен бүгүнкү окуянын ортосунда чоң айырма бар. Бул окуя бар болгону мыйзамга ылайык күрөөгө бошотуу гана” деген билдирүү да берилбей койгон жок. Бийлик Мубарактын бошотулушуна “Мубаракты камакта кармоо боюнча мыйзамда каралган мөөнөттүн баары аяктагандыгын” негиз кылып келтирүүдө. Кыскасы, залим-капиталисттерди коргогон мыйзамдардан куп пайдаланды.

Экс-президент эми 2011-жылкы демонстранттарды атууга тиешелүү айыптар боюнча акыркы өкүм чыкканга чейин үй камагында кармалмакчы. Бул дегени эми Мубарак өз үй өлөң төшөгүнүн төрүнүн төбөсүндө тайраңдап жатат дегени.

Кызык, Кинана калкы бу Мубаракты бийликтен эмнеге кетирди эле өзү?..

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here