ЖОГОРКУ КЕҢЕШ: БИР ДАГЫ ПАРТИЯ ТАЛАПКЕРЛЕРИН МУФТИЯТЧАЛЫК АЯНТКА ТОПТОЙ АЛБАЙТ

313
0

Бул боюнча «Ата-Мекен» фракциясынын жыйынында анын лидери Өмүрбек Текебаев билдирди.

Анын айтымында, дин башкармалыгы учурда күчтүү уюмга айланды: «Алар Орозо айт намазына канча кишини алып келишет. Анча кишини бир дагы партия, бүт туугандарын алып чыкса да топтой албайт».

Өмүрбек Текебаев мамлекеттик дин комиссиясын муфтият ишине кийлигишпөөгө чакырды: « Силер муфтияттын кадрлык ишине эмес, терроризм, экстремизм жана масхабдар менен алектенгиле».

Депутаттын пикиринде, мамлекеттик дин комиссиясы динге кийлигишүүсү саясат менен диндин аралашуусуна алып келүүдө.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here