Президентик шайлоо болордун алдында нааразычыктар өтүүдө. Шайлоо 14-июнга белгиленген. Интернет тармактарында тараган маалыматка караганда, митингчилердин бийликке жана мамлекет менен иштешкен дин жетекчилерине каршы толкундоолору болуп өттү. YouTube сайтында салынган видеодо он миңден ашуун адам чыгып “Диктаторго өлүм” деген кыйкырыктар жана ар кандай нааразычылык сөздөрү жазылган плакаттар менен чыгышты.Алардын бир нечесин күч органдары камакка алды.
Нааразычылыкка чыккандардын бири “Батыш менен мамилебизди өзгөртүшүбүз керек” – дейт.
Карапйым тургундар болсо эмгек акыларынын аздыгы, коммуналдык тейлөөлөрдүн, азык түлүктүн кымбатташына да нараазычылыгын билдирди.
Эске салсак, 2009-жылы президенттик шайлоодо да массалык карышылыктар болуп өткөн. Бийлик күч колдонуп кан төгүүлөр менен аяктаган.