Негизи, Сирия маселесинде үч долбоор алга сүрүлүп жатканы маалым: 1. Америка түзгөн долбоор. 2. Европа түзгөн долбоор. 3. Мусулмандардын Халифалыкты тикелөө долбоору.
Жакынкы күндөрдө Америка долбоору боюнча бир нече иштер жүз берип, алар чүмбөттөлгөн айрым акыйкаттарды ачып койду.
Америкага малайлык кылып келген Башар Асадды эми бийликте алып калуунун аргасы жок, тескерисинче, Америка үчүн эми андан кутулуу керек болуп калды. Бирок, Американын жаңы малайларын да калк кабыл албай жатат. Ошондуктан, Америка бүгүнкү күндө төмөнкүдөй иштерди аткарууда. Ал Россия жана Иран аркылуу Асаддын кубатын күчөтүп, анын калкты дагы да көбүрөөк кырышына шарт жаратып берип жатат. Негизи, Сирия боюнча Россиянын эч кандай долбоору жок, анткени, ал жерде анын кызыкчылыгы абдан эле аз. Ошондуктан, орустар Америка “заказын” гана аткарып жатат. Ал эми Иран болсо кожоюндун буйругун аткарууда. АКШ ушинтип Башарды кубаттандырып коюп, кайра эле өзү көтөрүлүшчүлөргө жардам берүү менен, өзүн куткаруучу кылып көрсөтмөкчү. Ошентип, калкты Американын жаңы малайларын кабыл алууга мажбурламакчы.
Ушул себептен улам, Сирия бийлигинин химиялык курал колдонгондугун шылтоолоп, 14-июнда Обама администрациясы Сирия оппозициясына аскерий жардам берерин жарыялады. Негизи, Америка буга чейин, жүз миңдеп адамдар кырылып жатса да, калп эле караламыш болуп коюп, Башарга каршы эч нерсе кылбай олтурбады беле. Ар бир мусулман бул акыйкатты аңдап алуусу зарыл.
Обама билдирүүсү артынан эле, 16-июнда Египет президенти Мурсийдин баянаты жаңырды. Ал: “Биз учурдагы Сирия режими менен алаканы үзүүнү жана анын Каирдеги элчилигин жаап таштоону чечтик, – деди. Мурсий муну мурунураак айтса болбойт беле?
Андан кийин Мурсийдин тышкы иштер боюнча кеңешчиси Халид аль-Казаз Сириядагы согуштук иш-аракеттерге Египет жарандарынын катышууга укугу бар экендиги тууралуу билдирди. Эмнеге Египет жарандары катышкан согушка Египет мамлекети катышпайт?
Булардын баары Мурсийдин Америкага малайлыгын ачып турбайбы. Мусулмандардын муну да аңдап жетиши абдан зарыл.
Египет бийлиги мына ушул суроолорго жооп таба албай такалып калбашы үчүн, 13-июнда Каирде уламалар жыйынын уюштурган. Мындан, Мурсий жасаган билдирүүгө Обама администрациясынын билдирүүсү эмес, мына ушул уламалар жыйынынын билдирүүсү негиз болуп калгандай көрүнүшү көздөлгөн.
Мусулмандардын бул акыйкатты да аңдап-билиши албетте зарыл
Ал эми төмөнкү беренелерге карата суроолор уламалар жыйынынын билдирүүсү тууралуу жакшы күмөн кылууга орун калтырбайт жана жыйынга сарай уламалары арбын катышыптыр деген тыянакка алып барат.
Жыйын баянатында мындай делет:
1. Сириялык бир туугандарыбызга жардам берүү үчүн малы-жан менен, курал менен жана жихаддын бардык түрү менен жихад кылуу фарз.
Суроо: Кимдерге фарз, Египет, Саудия, Иордания, Иран, Пакистан, Индонезия ж.б. баарына фарзбы? Кимдерге каршы, Башар Асадга, Америкага, Англияга, Россияга ж.б. баарынабы?
2. «Хизбулла», Иран, Россия, Кытай о.э. Башар Асадга жардам берип жаткан башка тараптар кызматташтыгында Сирияда кылынып жаткан окуялар алардын Исламга жана мусулмандарга каршы жарыялаган согушу болуп саналат.
Суроо: Эмне үчүн душмандар тизмесинде Америка, Англия, Франциялардын аты аталбайт? Туура, Россия, Кытайлар согуш абалындагы ахли харб экендиги анык, а бирок эмнеге бул билдирүүдө алардын артындагы “заказчиги” жашырылат? Туура, Иран “Хизбулланы” колдонуу менен, Сириядагы согушту “суннийлер менен шиалар отосундагы согуш” кылып көрсөтүүгө урунуп, муну менен кафирлерге кызмат кылып жатат. Бирок, алардын артында турган кафирлер чыныгы биринчи душман экени эмне үчүн айтылбайт бул билдирүүдө. Эмне, бул уламалар да Умманы сунний-шиага бөлүп-жарып, Иран кылган кыянатчылыкты кылмакка келишиштиби?
3. Жалпы мусулмандар арасындагы, өзгөчө Сирия ынкылапчыларынын ортосундагы келишпөөчүлүктөр ташталып, өзгөчө кызыкчылык үстүнөн жалпы кызыкчылыкка артыкчылык берилсин.
Суроо: Жакшы, Сирия ынкылапчылары келишпөөчүлүктөрдү ташташсын, бирок, алар биригип кайсыл долбоорду ишке ашырышсын? Бул уламалар кайсы жалпы кызыкчылыкты айтып жатышат? Эмнеге шарият белгилеген кызыкчылык деп айтылбайт?
4. Уламалар араб мамлекеттеринен, исламий уюмдардан, Араб Мамлекеттери Лигасынан төмөнкүлөрдү: Сирия режимине каршы катуу позицияда турууну, Сирия калкына моралдык жана материалдык жактан жардам берүүнү о.э. Россия жана Кытайга каршы да катаал позицияны ээлөөнү талап кылат.
Суроо: Уламалар эмне үчүн Үммөттүн бөлүнүшүнө себеп болуп жаткан жасалма мамлекетчелерди жоюуга, кафирлер түзгөн “араб мамлекеттери лигасы”, “исламий өлкөлөр биримдиги” сыяктуу уюмдарды жоготууга, Россия жана Кытай эле эмес, БУУ башында турган бардык колонизатор кафир мамлекеттерге каршы чыгууну талап кылбайт?
5. Башар Асадды колдогон өлкөлөрдүн, өзгөчө Ирандын товар жана уюмдарын бойкот кылуучу жалпы элдик кыймылдын маанилүүлүгүн белгилөө менен, сирия режимине саясий, дипломатиялык, экономикалык бойкот жарыялоону талап кылабыз.
Суроо: Чоң сегиздикке бойкот болобу, Израилгечи?
6. Интеллигенцияны, жазуучуларды, журналисттерди Сирияда болуп жаткан нерселер – кыргындар жана адам укуктарынын тебелениши жөнүндө чындыкты таркатууга чакырабыз.
Суроо: Мына ушул төгүлүп жаткан кандардын, тебеленип жаткан укуктардын чыныгы күнөөкөрлөрү колонизатор кафирлер жана малайлары болгон мусулмандардын акимдери экендиктери жөнүндөгү акыйкаттын таркатылышы эмнеге талап кылынбайт?
7. Сирия армиясындагы аскерлердин эсине: Сирия калкынын каны силер үчүн арам. О.э. БУУ жана Коопсуздук Кеңешине да алардын Сирияда болуп жаткан нерселер жаатында жоопкерчиликтери бар экендигин эскерте кетебиз.
Суроо: Туура, мусулмандын каны мусулманга арам, а бирок, эмне үчүн бул аскерлер Халифалыкты тикелөөдө нурат ээлери болууга шыктандырылбайт. БУУ жана Коопсуздук Кеңешине кайрылуу, аларда катышуу арам экендиги айтылып, аларды жоготууга чакырык ташталбайт?
8. Биз Сирия ынкылапчыларын террорист катары айыптоону четке кагабыз.
Бул беренени бардык мусулмандар макулдайт, инша Аллах