Бисмиллахир рохманир рохим.
Кыргызстандагы жаралып бара жаткан абал Борбор Азия проблемаларына тыгыз байланыштуу экендиги, жада калса Кыргыз бийлиги да аңдап жете турган даражада айкындашып барууда.
Бирок, Кыргызстан бул абалдан чыгууда, чоң күчтүү мамлекеттердин жолун карманууга чечим кылды. Ал жаралып жаткан бардык проблемаларда Ислам жана мусулмандарды айыптап, муну менен чынында абалды курчутуп жаткан чоң мамлекеттерди ыраазы кылмакчы болду.
Бул жолдо коопсуздук комитети жыйын өткөрүп, бир канча багыттар боюнча аракеттенүүгө өз ара келишип алышты. Негизги багыт Хизбут-Тахрир жана аны калк кучагынан бөлүп алуу проблемасына каратылган.
Бардык идиолог жана саясий аналитиктер ушул максатты жүзөгө чыгарууга багыттандырылды. Маани берген болсоңор, акыркы басма сөз жаңылыктары ушул багытка ылайык кыйла ылдамдашты.
Шамиль Атахановдун: «Кыргызстанда Хизбут-Тахрирдин 20000ден ашуун тарапкерлери бар», – деген билдирүүсүнөн башталган бул аракет бир нече министр жана Маликов сыңары жасалма исламий аналитиктерди аракетке келтирди. Алар Хизбут-Тахрирди гана эмес, Ислам динин түшүнбөгөнүнө жана амал кылбаганына карабастан, Хизбдин Исламдагы орду жөнүндө фатва берүүгө чейин барышты.
Соңку кездерде, жогорудагы информациялык чабуулдар артынан бир нече хизб мүчөлөрү колго алына баштаганы тууралуу кабарлар келе баштады. Маликов дегени жада калса «Кумтөр чыр-чатагында Хизбут-Тахрир негизги ролду ойноду» деп чыкты. Бул пикир негизги элита тарабынан толук колдоого алынбаган болсо да, бир нече мамлекет жетекчилери тарабынан алга сүрүлдү.
Бирок, бул багыттагы билдирүүлөр Хизбдин кубаты мамлекетти шал абалга алып келиши мүмкүндүгүнө далалат кылышынан жана Өзбекстанда мамлекет менен Хизбут-Тахрир ортосунда жаралган күрөштүн акыбеттери кайталанышынан эскертилип токтотуп коюлду. Каримов режими Хизбут-Тахрир менен алып барган күрөштө жеңилип гана калбастан, а түгүл, бүткүл дүйнөдө Ислам жана мусулмандардын ойгонушун бир нече ондогон жылдарга алга сүрүп жиберди.
Дагы ушул жолду кармангандардын бири АКШнын 11-сентябрь окуяларынан кийин Ислам жана мусулмандарга ачкан согушу болду. Бүгүнкү Кыргызстандын башына түшкөн проблемалардын себепчиси да мына ушул АКШ көңүн тазалоо акыбеттерине барып такалат. Бул да азыркы дүйнөнүн башына түшкөн эң чоң кырсыктарга негиз болуп турат. АКШнын ушул аракеттери да Ислам жана мусулмандардын ойгонушун бир нече он жылдарга алдыга жылдырды.
Кыргызстандагы багыт Жакынкы Чыгыштагы окуяларга байланыштуу. Ал жерде исламий же башка мусулмандардын каршылык аракеттери кескиндешип олтуруп, акыры куралдуу кагылышууларга алып барды. Мунун себепчилери да учурда Кыргыз бийлигин Ислам жана мусулмандарга каршы барууга мажбурлап жаткан чоң куфр мамлекеттери болуп эсептелет. Кийинчерээк алар өздөрүнө ушунчалык малайлык кылган жетекчилерден бир четтен жүз үйрүп кетишкенине күбө болдук.
Кыргызстандын тандаган азыркы стратегиясы куфр чоң мамлекеттери биздин үстүбүзгө ыпластыктарды төгүп жатканын убактылуу жашырышы мүмкүн, бирок уктап жаткан Ислам үммөтүн ойготуп жибериши анык.
Кыргыз бийлиги үчүн эң кооптуусу, бул жаатта Исламдан жеңилген АКШ армиясы жана Өзбекстандын режими да жок экендигинде. Бул экөөсү тең ушунчалык кубаты менен али Каддафий же Мубарак сыңары жеңилүү ызасын татып көрүшкөн жок. Бирок, бир күн келип албетте татышат. Кыргыз бийлигин болсо, божомолубузда ушул багытында күтүп турган азап аларды узакка күттүрбөйт. Анткени, регионго кызыгып жаткан чоң мамлекеттердин бири болбосо башкасы ушул иштен кызыкдар болушу анык болуп турат.
Кыргыз бийлигине кеңешибиз, мусулмандарга каршы аракеттенип куфр кызыкчылыктарын коргоодон көрө Аллахтан корккула. Эч болбогондо Ислам жана мусулмандарга жалган жалаа жабуудан өзүңөрдү тыйгыла. Себеби, бул иштердин акыбеттери силер коркуп жаткан чоң мамлекеттер тарабынан келе турган балээлерден кыйла жаман экендиги анык. Коом ичинде алар ушул багыттарда абдан чоң даярдык алып барып жатышканына да күбө болуп турабыз. Силерди ушул аракеттериңер алардын максаттарына кызмат кылат.
Мусулмандарга болсо сабыр кылууну жана кабылып жаткан зулумдарына каршы күрөш алып барууда бул зулумдар ким тарабынан жана кандай тартипте алып барылып жатканын сайтыбыздын дарегине деталдуу таризде жазып жиберишиңерди кеңеш кылабыз. Болуп жаткан жакшы же жаман иштердин баары жакында тарыхка айланат, инша Аллах. Ар бир иш жазасыз же сыйлыксыз калбашы кажет. Бирок ар бир иштин аткарышы важиб болгон өз ээси болгондой, бул иштин шаръий ээси Халифа болуп, биз ошол күн келгенге чейин ар бир адамдын картотекасын туура толтуруп туруудан жооптуубуз.
Абу Али: