ОРУС “ОЮНЧУГУ”

511
0

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу шейшембиде президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушуусунда кыргыз армиясынын курал-жарак менен камсыз кылуу жана аскер техникасы менен жабдуу боюнча программа дээрлик даярдалып бүткөнүн билдирди. Жакынкы мезгилде келишимдеги айрым маселелер такталган соң, 2014-жылдан тарта Орусия кыргыз армиясын курал-жарак жана аскер техникасы менен жабдый баштайт.

-Биз Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүн курал-жарак менен жабдуу боюнча программаны карап жатабыз жана дээрлик баары даяр болуп калды. Жакынкы мезгилде биз акыркы формалдуу иштерди бүтүрөбүз деп ойлойм. Бул эми биздин өлкөнүн ичиндеги маселелер. Эки өлкө ортосунда мунун баары чечилген. 2014-жылдан тарта Кыргызстандын куралдуу күчтөрүн курал-жарак жана аскер техникасы менен жабдууну баштайбыз, – деп билдирди Шойгу.
Буга чейин Кыргызстан  армияны жаңы куралдар менен жабдууну Орусиянын жардамы менен ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келген.

Ойлоп көрөлүчү, орус берген ушул куралдар кимге каршы иштетилиши мүмкүн. Непадам, кайра кафир Орусияга каршы аттанып калдык дейли, алар менен согушканга ушул куралдар жарайбы? Жок, бул куралдар орустар үчүн оюнчук эле да. Кокустан мушрик Кытайга каршы согушуп калдык дейли, бул куралдар ага каршы тура алабы? Жок, түккө да турбашы анык. Анда кимге каршы атабыз? Алардын өз элибизди гана атканга жарары бышык…

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here