Жоржтаун университетиндеги сүйлөгөн сөзүндө АКШ президенти Барак Обама климаттагы өзгөрүүлөрдү токтотуу, абаны булгаган көмүр кычкыл газын азайтуу жана энергияны сактоого багытталган жаңы планын сунуштады. Ага ылайык, АКШдагы электрстанцияларына абага көмүртекти каалагандай өлчөмдө бөлүүнү токтотуу каралган. Климаттын өзгөрүшү опурталдуу экенин эскертип, буга маани бербегендерди айыптай турганын билдирди. Обаманын айтканына караганда, буга байланыштуу мыйзамдарды кабыл алуу өтүнүчү менен Конгресске кайрылган, бирок азыркыга чейин жооп жок.
Ач көз капитализм акыры алып келген натыйжа ушул болду. Америка эле эмес, аалам бойлоп климат өзгөрдү. Окумуштуулардын баасында, буга дүйнөлүк өнөржайлардан чыккан чыгындылардын таасири зор болгон. Демейдегидей эле, ар кандай мыйзамдар кабыл алынганы менен, бул мыйзамдардын ишке ашуусу күтүлбөйт. Анткени, капитализмдеги өлчөө капитал эмеспи.