Джон Керри ат тезегин кургатпай Жакынкы Чыгышка 5 жолу келип кетти. Ал израилдиктер жана палестиналыктар менен болгон сүйлөшүүлөрдө “жандуу жылыштарга” жетишкенин айтты.
Мунун каршысында, Израилдин мурунку тышкы иштер министри, азыр Кнессеттин коопсуздук боюнча комиссиясынын төрагасы болуп иштеп жаткан Авигдор Либерман болсо, израиль-палестинанын бир чечимге келишүү ыктымалы аз экенин билдирди.
Ал “Америка добушуна” берген интервьюсунда төмөнкүлөрдү айтты.
– Өкүнүчтүүсү, акыркы жылдар аралыгында палестиналыктаркелишимге жетишүүгө болгон ар кандай урунууларды таш каптырып келишти – деди ал, ошондой эле, эми буга кошумча болуп, Аббас араб ааламынан колдоо таппай калды дейт Либерман.
«Анын (Аббастын) башкы саясий патрону Мубарак менен Египет болгон. Эми Мубарак жок, ал эми Египет Абу Мазинден көрө Хамаска жакын. Араб Лигасыболсо бүгүн иш жүзүндө жашабайт. Ал бир да маселени чече алган жок, Сирияда да, Ливияда да, Иракта да, Тунисте да. Азыр бүткүл Жакынкы Чыгышты саясий цунамилер, зилзалалар чайпалтып турган шартта, биз өзүнчө бир чекитте палестиналыктар менен баарын камтуучукелишимге жетишебиз десек, анда ката кылган болобуз. АбуМазин азыр эч ким эмес, Палестинаавтономиясынын шайлоолору, парламенттик шайлоолор, президенттикшайлоолор үч жыл мурун болушу керек эле. Ал болсо жылдырып эле келе жатат.Ошондуктан аны эч ким легитимдүү лидер катары тааныбайт».
Абу Мазин жана Арабдар лигасындагы малайлар сыяктуу кыянатчылар кафирлерди эч качан ыраазы кыла албасын билишер бекен, деги алар качан акылдарына келишер экен…