АКШ МЕНЕН ТҮРКИЯ АСАДГА КЫСЫМДЫ КҮЧӨТӨТ

315
0

АКШ президенти Барак Обама менен Түркия өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган Сириядагы Башар Асаддын режимине кысымды күчөтүүгө макулдашты.

Бул тууралуу эки лидер бейшембиде, Вашингтондо жолуккандан кийин маалымат жыйынында жарыялашты. Сүйлөшүүлөрдө Эрдоган Башар Асадды бийликтен кетирүү үчүн чечкиндүү кадамдарга өтүүнү сунуштады. АКШ президенти болсо? Сирия оппозициясына жардам көбөйтүлөрүн жана Орусия демилгелеген оппозиция менен бийликти мурасага чакырган эл аралык жыйындан үмүттөнүп жатканын билдирди.

Ак үйдөгү кездешүүдө ошондой эле бир катар башка регионалдык маселелер – Израил-Палестина сүйлөшүүлөрү, Ирактагы Күрт автономиясы жана энергетика тармагындагы байланыштары, Кипрдин болжолдуу кайра биригүүсү талкууланды.

Муну мындай түшүнүү керек. Эрдаган сунуш киргизимиш болуп, эл көзүнө калп эле кыйын көрүнө берет. Негизи, эл аралык маселелерде анын эч кандай орду жок. Карабайсызбы, Обама ага “Сен бул маселеге киришпей эле кой, аны орустар менен чечебиз” дегени да. Эрдаган Американын регион үчүн түзгөн пландарын ишке ашырып берүүгө гана кызмат кыла алат. Минтип кафирга малайлыгын уланта берсе, бир күнү Эрдаган да Асаддай түкүрүккө айланат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here