Оштун Кара-Суу районунда мектепке оромол оронуп барган кыздар үчүн атайын жоолук тигилет. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош облустук казыятынын аялдар бөлүмүнүн башчысы Жамила Жапашова билдирген.
Кыргызстанда окуучу кыздардын жоолук салынып жүрүүсүнө тыюу салган, же уруксат берген мыйзам жок. Билим берүү министрлиги жоолукка уруксат берген токтомду өткөн жылдын январь айында кабыл алганы менен, айрым мектептердеги жоболорго ылайык, башын ороп келүүгө уруксат берилбейт.
Негизи, атайын жоолук тиктирүүнүн кажети деле жок болчу, эгерде дин душмандары болбогондо.
Жоолукка тыйуу салуу жөнүндө мыйзам чыкканда барбы, анда ошол замат мындай мыйзам ар бир мектепте ишке ашырылмак. Анткени биздин мектеп мүдүрлөрүнүн көпчүлүгү куфр тарбиясын алып өсүшкөн жана ошондуктан алар Исламий кийимге каршы күрөшүшөт. Мисалы алар өздөрү тартайып-туртайып, дардайып-чардайып кийинип алышканына карабастан, ыймандуу муслималарды оронуп-чүмкөнүп жүрүшот деп күнөөлөшөт.