ДАМБА КУРУУДАГЫ КОРРУПЦИЯ

486
0

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен билдиришинче, Нарын дарыясына дамба курууда жана Нарын-Баетов унаа жолу менен суунун ортосундагы жерди чыңдоодо мамлекетке 5 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.
Иликтөө комиссиясы Нарын дарыясына дамба куруу үчүн эсептелген 38 миллион сомдон 5 миллион 248 миң сомдук таш аз түшүрүлгөнүн жана дамба нормага жараша курулбаганын аныктады.
Буга байланыштуу Кылмыш кодексинин 3 беренесине ылайык кылмыш иши козголду. 

Буюрса, эми торго түшкөн коррупционер колго түшүргөн коррупционердин оозун басат да, андан кийин экөө тең сүттөн ак болуп чыга келет.

Деги өзү бул демократиянын бир аты – коррупция. Анткени, демократия – бул адамдар ойлоп чыгарган мыйзамдардын бийлиги. Ал эми адамдар болсо адамдар чыгарган мыйзамдарды ыңгайы келери менен буза берет.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here