2014-жылы Ооганстандан америкалык аскерлер чыгарылгандан кийинки аймактагы коопсуздукка ШКУ биргелешип кам көргөнү жатат.
Шанхай кызматташтык уюмуна кирген мамлекеттерде чек ара боюнча чечилбеген маселе болбош керек. Бул тууралуу 29-апрелде Бишкекте өткөн ШКУнун коопсуздук кеңешинин катчыларын кабыл алган кезде президент Алмазбек Атамбаев билдирди.
ШКУнун коопсуздук кеңешинин катчылары 29-апрелде Бишкекте жолугушуп, аймактагы коопсуздук, диний экстремизм, уюшма жана кибер кылмыштуулук маселелерин талкуулады.
Чек аралаш өлкөлөрдүн ортосундагы делимитация жана демаркация иштеринин ылдам жүрүшүн кааларын айткан Атамбаев келечекте ШКУга мүчө мамлекеттердин ортосунда чек ара тилкелери толук такталып бүтүшү керектигин кошумчалады.
Ал эми уюмдун баш катчысы Дмитрий Мезенцевдин айтымында, Ак-Сай – Ворухта болгон чек ара чатактары сыяктуу окуялар эки мамлекеттин ортосундагы иш жана аларга аралашуу ШКУнун ыйгарым укугуна кирбейт. Мезенцев Бишкекте коопсуздук кеңешинин катчылары талкуулап жаткан маселелерди атады.
– Бүгүн каралып жаткан маселелер өзгөчө маанилүү. Алар эл аралык терроризмге, маңзаттарды, курал-жарактарды мыйзамсыз жүгүртүүгө жана чек ара аймактарындагы уюшма кылмыштуулукка каршы күрөштөгү алга карай кадам болуп калмакчы.
ШКУга Кыргызстандан тышкары, Казакстан, Орусия, Кытай, Тажикстан, Өзбекстан кирет. Мындан тышкары, Ооганстан, Индия, Иран, Монголия жана Пакистан уюмга байкоочу мүчө макамын алышкан.
Туркистон:
Булардын ичинен Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Ооганстан, Индия, Иран, Пакистан – булардын баары исламий өлкөлөр. Алардын арасында эч кандай чек ара болушу мүмкүн эмес. Ал эми азыркы чек ара тилкелери болсо, колонизаторлор тарабынан жасалма түрдө тартылган. Азыркы эл аралык уюмдардын баары колонизаторлукка кызмат кылат. Мисалы, ШКУ орустар менен кытайлардын кызыкчылыктарын жүзөгө чыгарат. Колонизатор кафирлердин маңзаттарга каршы күрөшү карандай калп. Анткени, баңги заттардын өндүрүлүшүнө жана соодасына мына ошол кафирлердин өздөрү кызыкдар. Курал-жарак аткезчилигин да алардын өздөрү кылышат. Ал эми “терроризмге каршы күрөш” дегени болсо, Исламга каршы күрөш дегени эле. Ислам жакынкы аралыкта исламий өлкөлөрдү бир мамлекетке бириктирип, дүйнө картасын өзгөртүшү күтүлүп жатат.