МУРУНКУ-КИЙИНКИ ИРАН ПРЕЗИДЕНТТЕРИ КАФИРЛЕР МЕНЕН ДОС БОЛУУДА ЖАРЫШАБЫ

322
0

Белгилей кетсек, Иранда президенттик шайлоо төрт жылда бир жолу болуп өтөт. Конституцияга ылайык президент кызматта эки жолудан ашык боло албайт. Талапкердин жашы 45тен 75ке чейинки о.э. магистрлик даражасынан төмөн эмес билимге ээ болушу шарат. Учурдагы Иран президенти Махмуд Ахмадинижад үчүнчү жолу талапкерлигин көрсөтө албайт.

Махмуд Ахмадинижад бийликтеги таасирин сактап калуу үчүн өзүнүн жакын адамдарын президент талапкерлигине көрсөтүшү мүмкүн. Ошондой адамдардын бир – бул президенттик канцеляриянын башчысы Рахим Машаи.

Рахим Машаинин көңүлдү өзүнө бурган билдирүүлөрү бар, мисалы, 2008-жылы ирандыктар бардык улуттардын досу, ал тургай яхудийлердин досу деп билдирүү берген. О.э. ал «Иран – америкалыктардын досу» деп баса белгилеген. Бул сөздөрү үчүн көптөгөн адамдар каршы чыгып сындашкан. Бирок, бул каршылыктар аны токтото алган жок, ошентип ал 2010-жылы мамлекеттик дин – шиа исламын эмес, иран идеологиясын үгүттө керек деп чыккан.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here