БАРАК ОБАМА СИРИЯГА АСКЕРЛЕРДИ КИРГИЗБӨӨНҮ УБАДА КЫЛДЫ.

360
0

АКШ президенти Барак Обама америкалык аскерлерди Сирияга алып кирүү божомолун четке кагууда. Reuters билдиришинче, Коста-Рикада сапарда жүргөн Америка лидери басма сөз жыйынында мына ушундай билдирүү берген.

Б.Обама журналисттер алдына чыгып, кошуунду Сирияга жөнөтпөшүн ачык-айкын билдире алды. АКШ президенти: “Биз кошуунду жөнөтүү сценарийин карабай жатабыз”, – деп баса белгиледи.

О.э. Б.Обама Башар Асаддын химиялык куралды колдонгонуна карата АКШ ыкчам эч бир чечимди кабал албашын айтты.

Негизи, жакында Б.Обама Ак үйдө басма сөз конференциясында, эгер Сирия бийлиги химиялык куралдарды колдонгонуна реалдуу далилдер табылса, бул жагдай «оюн эрежесин» өзгөртүп жиберет деп белгилеген. Америка президенти кандай өзгөрүүлөр божомол кылынып жатканын ачыктаган жок, бирок Пентагонго Сирияга карата ар кандай варианттагы аракеттерге даярданууну буйруганын ишара кылып өттү.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here