(«Исламий жашоону кайрадан баштоонун шаръий тарыйкаты» китебинен).

37
0

(«Исламий жашоону кайрадан баштоонун шаръий тарыйкаты» китебинен).

Исламий жашоону кайрадан баштоонун шаръий тарыйкаты (5-бөлүк).

“Халифа” деп аталуучу мусулмандардын амири болобу, хизб амири болобу же сапар амири болобу айырмасыз, адам өзүнө буюрулган иште өз амирине итаат кылышы важиб. Себеби, маъсияттан башкасында амирге итаат кылуу далилдери ъамм болуп келген. Расулуллах с.а.в. айтат;

السَّمْعُ والطَّاعَةُ علَى المَرْءِ المُسْلِمِ فِيما أحَبَّ وكَرِهَ، ما لَمْ يُؤْمَرْ بمَعْصِيَةٍ، فإذا أُمِرَ بمَعْصِيَةٍ فلا سَمْعَ ولا طاعَةَ.

 “Мусулман киши эгер маъсиятка буюрулбаса, өзү жакшы көргөн нерседе да, жаман көргөн нерседе да амирге кулак салышы жана итаат кылышы важиб. Эгер маъсиятка буюрулса, кулак да салбайт, итаат да кылбайт”. Бухарий жана Муслим риваяты. Хадистен көздөлгөн маани, маъсият кылууда сиз амириңизге итаат кылбайсыз. Бирок, маъсияттан башка иштерде ага итаат кылуу важиб бойдон калат. Себеби, Расулуллах с.а.в. айтат;

ألا مَن وليَ علَيهِ والٍ فرآهُ يأتي شَيئًا مِن معصيةِ اللَّهِ فليَكْرَهْ ما يَأتي مِن معصيةِ اللَّهِ ولا ينزِعَنَّ يدًا مِن طاعةٍ

“Эсиңерде болсун, кимдин үстүнө бир валий келсе, анан, анын Аллахка маъсият болгон ишти кылып жатканын көрсө, анын кылып жаткан маъсиятын жаман көрсүн, бирок эч качан ага итаат кылуудан баш тартпасын”. Муслим, Ахмад жана Дарумий риваяты. Ибн Язид Расулуллах с.а.в. дан; “Я Набиййуллах, кандай ойлойсуз, эгер бизге амирлер келсе, алар бизден өз акысын талап кылып алышса да, өздөрү болсо биздин акыбызды бербесе, ошондо бизди эмнеге буюрасыз…” – деп сурады. Ошондо Расулуллах с.а.в. ал кишиден жүзүн буруп алды. Андан дагы кайрадан сурады. Акыры Расулуллах с.а.в.;

اسمعوا وأطيعوا، فإنما عليهم ما حُمِّلُوا، وعليكم ما حُمِّلْتُم

“Кулак салып, итаат кылгыла. Алар өздөрүнө жүктөлгөн нерседен жооп беришет. Силер да өзүңөргө жүктөлгөн нерседен жооп бересиңер”. Муслим жана Тирмизи риваяты. Демек, амир маъсиятка буйруса да, маъсиятты өзү кылса да анын кол алдындагылардын – алар анын амирлиги астында болгон соң – маъсияттан башка орундарда ага итаат кылышы важиб бойдон калат. Бул абал умумий амир болгон халифага гана хос деп айтууга болбойт, бул туура эмес. Себеби, далилдердин лафздары бардык амирлерди өз ичине ала турган көрүнүштө умумий болуп келген. Мисалы, “Ким амиринен маъсият ишти көрсө…”, “Ким амирине итаат кылса…”, “Эгер артыңа урулса да, малың тартып алынса да амириңе кулак саласын жана ага итаат кыласың….” Мына ушул акыркы сөз төмөнкү хадиси шарифтин бир бөлүгү болуп эсептелет. Хузайфа ибн Ямамийден риваят кылынат, ал киши айтат;

قُلتُ: يا رَسولَ اللهِ، إنَّا كُنَّا بشَرٍّ، فَجَاءَ اللَّهُ بخَيْرٍ، فَنَحْنُ فِيهِ، فَهلْ مِن وَرَاءِ هذا الخَيْرِ شَرٌّ؟ قالَ: نَعَمْ، قُلتُ: هلْ وَرَاءَ ذلكَ الشَّرِّ خَيْرٌ؟ قالَ: نَعَمْ، قُلتُ: فَهلْ وَرَاءَ ذلكَ الخَيْرِ شَرٌّ؟ قالَ: نَعَمْ، قُلتُ: كيفَ؟ قالَ: يَكونُ بَعْدِي أَئِمَّةٌ لا يَهْتَدُونَ بهُدَايَ، وَلَا يَسْتَنُّونَ بسُنَّتِي، وَسَيَقُومُ فيهم رِجَالٌ قُلُوبُهُمْ قُلُوبُ الشَّيَاطِينِ في جُثْمَانِ إنْسٍ، قالَ: قُلتُ: كيفَ أَصْنَعُ يا رَسولَ اللهِ، إنْ أَدْرَكْتُ ذلكَ؟ قالَ: تَسْمَعُ وَتُطِيعُ لِلأَمِيرِ، وإنْ ضُرِبَ ظَهْرُكَ، وَأُخِذَ مَالُكَ، فَاسْمَعْ وَأَطِعْ.

“Я Расулуллах с.а.в., албетте биз жамандыкта элек, Аллах Таала бизге жакшылыкты алып келди. Биз азыр ошол жакшылык үстүндөбүз. Айтыңызчы я Расулуллах, ушул жакшылык артынан жамандык келеби?” – деп сурадым. Ошондо ал зат;

“Ооба”, – деди. “Ошол жамандык артынан дагы жакшылык келеби”, – деп сурадым. Ал зат;

“Ооба”, – деди. “Ошол жакшылык артынан дагы жамандык келеби”, –  дедим. Ал зат дагы;

“Ооба, менден кийин менин хидаятым менен хидаяттанбай турган, менин сүннөтүм менен жүрбөй турган, жүрөктөрү адамдын денесиндеги шайтандын жүрөктөрү болуп кеткен имамдар-амирлер келишет”, – деди.

“Я Расулуллах, эгер ошондой заманга туш болуп калсам мен эмне кылам”,- деп сурадым. Ошондо Расулуллах саллоллоху алайхи ва саллам;

“Эгер артыңа урулса да, малың тартып алынса да амириңе кулак саласын жана итаат кыласын. Кулак сал жана итаат кыл”, – деп жооп берди. Муслим риваяты.

Ушул хадис имамдар-акимдер жана валийлер жөнүндө аларга хос лафздар менен сүйлөгөндөн кийин хостоодон чегинип, лафзда ар бир залим амирди өз ичине алышын баяндоо үчүн сөздү умумийлештирет. Хадиси шарифте:  “Эгер артыңа урулса да, малың тартып алынса да амирге кулак саласын жана итаат кыласын”, – деп айтылууда. Хадиси шарифте талаффуз кылынган “аркага уруу” жана “малын тартып алуу” хасрды (ушул маанилерге гана чектелүүнү) түшүндүрбөйт. Тескерисинче, ал мааниси жактан бүтүндөй зулумга ишара кылат, хадистин мазмуну мына ушул. Насстан түшүнүлгөн мафхум – талаффуз кылынган мантук (айтылган сөз) менен биргеликте – насс буюрган же кайтарган нерселердин алдына кирет. Түшүнүлгөн мафхум талаффуз кылынган мантукка гана хос болбойт. Ошондуктан да насста итаат кылууга амр кылынган амирге – мейли, ал амир кылынган иште сизге зулум кылса да – итаат кылуу важиб. Кудум, халифа – амир катары – артыңызга уруу жана малыңызды тартып алуу менен сизге зулум кылганы сыяктуу эле,  армия амири да сизди камакка алуу же сизди акаарат кылуу менен сизге зулум кылышы мүмкүн. Хизб амири мухолиф (оппозицияда) болбосоңуз да сизди куугунтуктоо менен сизге зулум кылышы мүмкүн. Ушундай абалдардын баарында, ырасында амир  маъсиятка буйрубаган болсо, ага итаат кылуу важиб бойдон калат. Эгер анын өзү асийлик кылса же сизди да маъсиятка буюрса, же сизге зулум кылса, Расулуллах с.а.в.дын төмөнкү сөздөрүнө ылайык, аны мухосаба кылышыңыз важиб болот;

ولتَأْخُذُنَّ عَلَى يَدِ الظَّالِمِ، ولَتَأْطرُنَّهُ عَلَى الْحَقِّ أَطْرًا، ولَتَقْصُرُنَّهُ عَلَى الْحَقِّ قَصْرًا

“… жана албетте залимдин колунан кармап, албетте аны акыйкат калыбына саласыңар жана аны албетте акыйкатка чектеп коёсуңар”. Абу Давуд риваяты.  Бул бир тараптан.

Экинчи тараптан, Расулуллах с.а.в. дын “амирге кулак саласын жана итаат кыласын”( تسمعُ و تطيعُ للأمير) деген сөздөрү жазм-сукун абалында эмес,  марфуъ сийгасында риваят кылынган. Демек, бул жумла-сүйлөм “жумлаи шартия” эмес, талапка далалат кылган “жумлаи хабария” болот. Бул жумла: “Амир сага зулум кылса да сен ага кулак салып, итаат кыласын”, – деген маанини түшүндүрөт. Расулуллах с.а.в. дын төмөнкү бул сөзү да ушул мааниде:

السمع و الطاعة علي المرئ المسام فيما احب و كره

“Мусулман кишиге өзү жакшы көргөн нерседе да, жаман көргөн нерседе да кулак салышы жана итаат кылышы важиб”. Бухарий жана Муслим риваяты. Шаръий далилдерде тахсис-хостоодон кийин таъмим-умумийлештирүү келет. Мисалы, Аллах Таала айтат:

وَكَتَبْنَا عَلَيْهِمْ فِيهَا أَنَّ النَّفْسَ بِالنَّفْسِ

“Анда Биз аларга бул жөнүндө, албетте, жанга-жан деп жазып койдук (касасты важиб кылдык)». [5:45]. Аллах Таала Тооротто Бану Исраилге укубат берилишин хос формада баян кылгандан кийин бардык инсандарга умумий хытаб кылып мындай деди:

 فَمَن تَصَدَّقَ بِهِ فَهُوَ كَفَّارَةٌ لَّهُ ۚ وَمَن لَّمْ يَحْكُم بِمَا أَنزَلَ اللَّهُ فَأُولَٰئِكَ هُمُ الظَّالِمُونَ

“Эми ким аны (касасты) кечип жиберсе, өзү үчүн каффарат. Кимде-ким Аллах түшүргөн дин менен өкүм кылбаса, анда, алар залимдер”. [5:45].

Амирге итаат кылууга буйруган далилдердин көпчүлүгү бир амир калып башка амирге чектелбеген абалда мутлак болуп келген. Бул болсо, эгер амир залим болсо да, ал амир кылуучуларга жакпаган сыпаттарга ээ болсо да, шаръий өкүмдөр алкагында ага итаат кылуу важиб экендигине далалат кылат. Расулуллах с.а.в. айтат:

أوصيكم بتقوى الله، و السمع والطاعة، وإن تأمَّر عليكم عبد حبشي

“Силерди Аллахтан таква кылууну, эгер силерге хабаштык кул амир болсо да, ага кулак салып, итаат кылууну осуят кыламын”. Тирмизи риваяты.

مَن رَأَى من أمِيرِهِ شيئًا يَكْرَهُهُ فلْيَصْبِرْ عليه

“Ким амиринен өзү жаман көргөн нерсени көрсө, буга сабыр кылсын”. Бухарий риваяты.

Же амир бүткүл кызыкчылыктарды өздөштүрүп алса жана аларды өзү жана жамааты үчүн ихтикар-монополия кылып алса, ошондо да ага итаат кылуу важиб. Расулуллах с.а.в. айтат:

إِنَّكمْ سترونَ بعدي ، أثَرَةً وأمورًا تُنكِرونَها قالوا: يا رَسولَ اللهِ، كيفَ تَأْمُرُ مَن أدْرَكَ مِنَّا ذلكَ؟ قالَ: تُؤَدُّونَ الحَقَّ الذي علَيْكُم، وتَسْأَلُونَ اللَّهَ الذي لَكُمْ

“Албетте силер менден кийин өзүмчүлдөрдү жана силер жактырбаган иштерди көрөсүңөр. Ошондо сахабалар: «Я Расулуллах, арабыздан кимибиз ошол күндөргө жетсек, бизди эмнеге буюрасыз», – дешти. Ошондо Расулуллах: «Үстүңөргө важиб болгон акыларын өтөйсүңөр жана өзүңөрдүн акыңарды болсо, Аллахтан сурайсыңар”, – деди. Бухарий жана Муслим риваяты.

Бирок, төмөнкү эки абал амирге итаат кылууну бүтүндөй чектейт т.а. бул эки абалда амирге таптакыр итаат кылынбайт. Биринчиси, амирдин кол астында – куфрду табанний кылуу же куфрга буйруу сыяктуу – ачык куфрдун зохир болушу. Уббада ибн Самиттен риваят кылынат:

دَعانا النَّبيُّ صَلَّى اللهُ عليه وسلَّمَ فَبايَعْناهُ، فقالَ فِيما أخَذَ عَلَيْنا: أنْ بايَعَنا علَى السَّمْعِ والطَّاعَةِ، في مَنْشَطِنا ومَكْرَهِنا، وعُسْرِنا ويُسْرِنا، وأَثَرَةً عَلَيْنا، وأَنْ لا نُنازِعَ الأمْرَ أهْلَهُ، إلَّا أنْ تَرَوْا كُفْرًا بَواحًا، عِنْدَكُمْ مِنَ اللَّهِ فيه بُرْهانٌ.

“Бизди Набий саллаллоху алайхи ва саллам чакырды. Ошондо, биз ал затка байъат бердик. Байъат учурунда бизге айткан сөздөрү арасында мына булар да бар эле: биз курсант боло турган ордубузда да, капа боло турган ордубузда да, кыйынчылыкта да, жеңилдикте да кулак салып, итаат кылууга, ал затты өзүбүздөн жогору коюуга, иш ээлери менен Аллах тарабынан ачык куфр экендигине хужжатыбыз болбогон жайда тартышпоого байъат бердик”. Бухарий риваяты.

Амирге, ъамм же хосс амир болобу айырмасыз, эгер ал тараптан же анын кол астындагылардан ачык куфт зохир болсо, ага итаат кылуу арам болот. Андай абалда анын амирлигинен чыгуу же ага каршы баш көтөрүү важиб болот. Себеби “иш ээлери менен тартышпоо” дегени халифалык, даъватты жеткирүү, сапар кылуу жана ушул сыяктуу ар кандай ишти өз ичине алат. Тартышуу дегени амирге итаат кылбоо жана ага каршы чыгууну өз ичине алгандай эле, амирге тил менен каршылык кылуу жана күрөшүүнү өз ичине алат. Бирок, ушуну эстен чыгарбоо керек, ачык куфр дегени куфрдугуна катъий далил келген ачык-анык куфр. Себеби, хадиси шарифте: “Алдыңарда Аллах тарабынан хужжатыңар болгон…” – деп айтылды. Ушуга ылайык, эгер амир бир ишти табанний кылса жана анын куфр эместигине шектүү далили болсо же анын куфрдугуна келтирилген далил зонний болсо, бул абалда амирге каршы чыгуу же буюрулган иште амир менен тартышуу жаиз болбой калат. Мындай абалда анын амирлиги астындагы кишилерге итаат кылуу важиб бойдон калат.

Экинчиси: Эгер амир маъсият экендигине шек-күмөн болбогон маъсиятка буюрса, бул абалда ага итаат кылуу важиб болбойт. Балким, маъсиятта ага итаат  кылуу арам болот. Себеби, Расулуллах с.а.в. айтат:

فَإذا أُمِرَ بِمَعْصِيَةٍ فَلا سَمْعَ وَلا طاعَةَ

“…Эгер маъсиятка буюрулса, кулак да салбайт, итаат да кылбайт”. (Муттафакун алайх).

Мына ушул эки абалдан башкасында амирдин амирлик ыйгарым-укуктары алкагында, амир кылып шайлаган кишилер тарабынан амирге итаат кылуу важиб бойдон калат. Эгер, ал умумий амир болсо, ага каршы чыгуу же анын амирлигинен чыгуу жаиз болбойт. Себеби, халифа бир заманда бирөө болот, бир учурдун өзүндө бир нече халифа болушу мүмкүн эмес. Ким халифалыкта исян көтөрсө же мусулмандар жамаатын бөлүп-жармакчы болсо, качан ал итаатка, жамаатка кайтмайынча, ага каршы күрөш кылынат. Ошондо да беттегенинен кайтпай койсо, ал өлтүрүлөт. Расулуллах саллаллоху алайхи ва саллам айтат:

من أتاكم وأمرُكُم جَمِيْعٌ على رجل واحد، يُريد أن يَشُقَّ عَصَاكُم، أو يُفَرِّقَ جَمَاَعَتَكُم، فاقتُلُوهُ

“Силер бир кишинин кол астында биригип жамъ болуп турганыңарда силердин исян көтөрүшүңөрдү каалап, же жамаатыңарды фиркаларга бөлүп салууну көздөп, ким келсе да, аны өлтүргүлө”. (Муслим риваяты).

Ал эми, амир хизб амири, сапар амири же делегация амири сыяктуу хосс амир болсо, албетте ага итаат кылуу да анын амирлик ыйгарым-укугу алкагында, маъсият жана куфрдан башка орунда важиб бойдон калат. Себеби, мындай хосс амирге асийлик кылуу да арам болот. Расулуллах саллаллоху алайхи ва саллам айтат:

ومَن يُطِعِ الأمِيرَ فقَدْ أطَاعَنِي، ومَن يَعْصِ الأمِيرَ فقَدْ عَصَانِي

“Ким амирине итаат кылса, анда, мага итаат кылганы. Ким амирине асий болсо, анда мага асий болгону». (Бухарий риваяты).

Даъват жүгүн көтөрүү жүктөлгөн мукаллаф мусулмандын – ырасында, хизб анын зиммасын (т.а. зиммасындагы важибди аткарып жатканын) актаса – мындай хизбден чыгып кетиши жаиз эмес. Эгер, хизбден чыгууну каалаган кишинин күмөнүнө дал ушул хизбде аракет кылуу “менин зиммамды актабай жатат, бул хизбде мен дин алдындагы өз милдетимди толук аткара албай жатамын” деген ой үстөм келсе, дал ошол максатка жеткире турган, шаръий шарттары мукаммал болгон башка хизбде Исламия жашоону кайрадан баштоо үчүн аракет кылууну максат кылып, өз аракетин улантуу шарты менен ал хизбден чыгышы мүмкүн. Же болбосо, ал мына ушундай гоя-максат – Халифалык мамлекетин тикелөө аркылуу Исламий жашоону кайрадан баштоо максатын ишке ашыруу үчүн башка хизб түзүүгө аракет кылышы керек. Себеби, Аллахтын төмөнкү аятына ылайык, Ислам акыйдасы негизине курулган хизбдердин бир нече болушу жаиз:

وَلْتَكُن مِّنكُمْ أُمَّةٌ يَدْعُونَ إِلَى الْخَيْرِ وَيَأْمُرُونَ بِالْمَعْرُوفِ وَيَنْهَوْنَ عَنِ الْمُنكَرِ ۚ

“Араңарда жакшылыкка даъват кылган, маъруфка буйруп, мункардан кайтарган бир уммат-жамаат болсун….”. [3:104]. Аяттагы “Уммат” лафзы талап мазмунундагы “накра” исм болуп эсептелет. Мындай накра исм “бир Уммат” мисалындагы “Бир” сыяктуу кандайдыр бир кайд менен чектелбесе, ал жинсти билдирет. Ошондуктан, аяттагы “уммат” эч кандай кайд менен кайддалбай, мутлак келгени үчүн анда бир умматты (жамаатты) эмес, балким умматтын (жамааттын) жинси көздөлөт. Расулуллах саллаллоху алайхи ва салламдын төмөнкү сөзү да ушуга окшойт:

من رأى منكم منكراً فليغيره

“Силерден ким мункарды көрсө, аны өзгөртсүн”.

Хадиси шарифтеги “мункар” лафзинде да бир мункар эмес, балким мункар жинси назарда тутулган.

(уландысы бар).

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here