Афганистан тарыхий тандоо алдында: Халифалыкты тикелөө же адамдар ойлоп тапкан түзүмдөр тарапка умтулуу

387
0

Басма сөз баянаты

Афганистан тарыхий тандоо алдында: Халифалыкты тикелөө же адамдар ойлоп тапкан түзүмдөр тарапка умтулуу

Халифалыкты тикелөө учурун колдон чыгарбагыла!

Бат жана күтүүсүздөн жүз берген өзгөрүүлөр Афганистанды ушундай бир чекке алып келди: мамлекетте көптөгөн саясий партиялар, уруу жетекчилери жана таасирдүү адамдар кайрадан Афганистандын келечек түзүмү туурасында чечим кабыл ала турган болушту.

Хизб-ут-Тахрирдин Афганистандагы маалымат бөлүмү бардык саясий жетекчилерди, уруу аксакалдарын, мурдагы мужахиддерди жана бийликтеги топторду эскертип, Афганистан тарыхий мүмкүнчүлүк т.а. Аллахтын динин үстөм кылып, Халифалыкты тикелөө же инсан ойлоп тапкан түзүмдөргө умтулуп, тарыхтагы ачуу тажрыйбаларды кайталоо мүмкүнчүлүгү алдында турганын билдирет.

Учурда АКШ, Европа, Бириккен Улуттар Уюму жана региондогу мамлекеттери бир катар саясий партиялар менен биргеликте аз эле исламий көрүнүшкө ээ болгон, эл аралык мыйзамдарга моюн сунган, улуттук чегаралар менен чектелген, илманийлик менен Ислам аралашкан шериктик башкарууну тикелөө үстүндө иш алып барышууда. Максат – Афганистанда тикеле турган түзүмдү эл аралык коомчулукка макул келген системага айландыруу. Мында албетте башкаруудагы адамдар өзгөрөт, бирок, башкаруу мыйзамдары, негиздери жана түзүлүшү өз ордунда калат. Соңку бир нече он жылда мындай манипуляциялар Афганистанды жарандык согушка, ойрондулукка жана саясий башаламандыкка кириптер кылды. Бул болсо, албетте кийинки башаламандыктарга жол ачат.

Бир тараптан, көпчүлүк афгандар исламий мамлекетти тикелөөнү, Ислам башкаруусун тикелөөнү каалашат. Бул өтө ыңгайлуу учур болуп, баскынчыларга каршы көп жылдык саясий, пикирий жана аскерий күрөштүн артынан келди. Ошондуктан, баёолук кылып, бул учурду колдон чыгарбоо керек. Саясий партиялар жана таасирдүү аткаминерлердин каталары себептүү мындай учур бир нече ирет колдон чыгарылган.

Хизб-ут-Тахрир дагы бир ирет бардык саясий жетекчилерди, этникалык таасир ээлерин жана топторду Кошмо Штаттар, Европа, Бириккен Улуттар Уюму жана региондогу мамлекеттер Афганистандын келечеги үчүн түзүп жаткан пландарды кескин четке кагууга о.э. афган калкынын исламий башкаруу үчүн берген ушунча курмандыктарын соодага койбоого чакырат.

Жетишет, Аллахтын ансарларына айланткан бул ыңгайлуу учурду канимет билгиле. Динди үстөм кылуу – сахабалардын жолун ээрчүүнү каалаган, өткүнчү бул дүйнө маталарынан бейишти абзел көргөн кишилер үчүн чоң мүмкүнчүлүк.  Акылман киши үчүн бул кандай гана сонун учур!

﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا اسْتَجِيبُوا لِلَّهِ وَلِلرَّسُولِ إِذَا دَعَاكُمْ لِمَا يُحْيِيكُمْ وَاعْلَمُوا أَنَّ اللهَ يَحُولُ بَيْنَ الْمَرْءِ وَقَلْبِهِ وَأَنَّهُ إِلَيْهِ تُحْشَرُونَ

«Эй момундар, Аллах жана Анын пайгамбары силерди түбөлүк жашоо бере турган нерсеге даъват кылганда, аны кабыл алгыла жана билип койгула, шек-күмөнсүз, Аллах ар бир киши менен анын дилинин ортосун ээлеп турат. Албетте, Анын алдына топтолосуңар»                                                                                                            [8:24]

 Хизб-ут-Тахрирдин

Афганистандагы маалымат бөлүмү

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here