Тунис президенти парламенттин иш-аракетин токтотуп, премьер-министрди отставкага кетирди!

71
0
Тунис президенти парламенттин иш-аракетин токтотуп, премьер-министрди отставкага кетирди!
Суроо:
Ал-Жазира 2021-жылы 30-июлда кабарлашынча, кеңешчи кызматынан кийин ички иштер министри болуп дайындалган Риза Гарсиллави президент Кайс алдында ант ичти. Тунис президенти Кайс Саид аскерий жана коопсуздук жетекчилери менен чукул жолугушуу өткөргөндөн кийин, 2021-жылы 25-июль күнү кечкурун мамлекеттик телевидение аркылуу парламенттин ыйгарым укуктарын токтотконун, конституциянын 80-беренесине негизделип, премьер-министр Хишам Машишийди кызматтан алганын, депутаттардын кол тийгистигин бекер кылганын, коргоо жана адилет министрлерин иштен бошотконун, жаңы дайындалган премьер-министрдин жардамында аткаруу бийлигин жетектөөнү өз мойнуна алганын билдирди. Эмне үчүн Тунис президенти мындай кадам таштады? Бул жагдайга карата эл аралык реакциялар кандай болду? Бул абал Тунис эл аралык күрөштүн курчоосунда калганын түшүндүрөбү?
Жооп:
Бул маселелер жөнүндө эң туура пикирди билдирүү үчүн ушуларды карап чыгабыз:
1 – Тунис президенти Кайс Саид менен өкмөт жана парламент ортосундагы кризис ушул жылдын башында башталган. Хишам Машиший 2021-жылы 16-январда министрликтерде технократтардан турган 25 министрдин 11и өзгөртүлгөнүн билдирди. Тунис президенти ага жакын айрым министрлер да кызматтан алынганы үчүн министрликтеги өзгөрүүлөргө вето койду. Кайс Саид 2021-жылы 25-январда ачыктаган билдирүүдө баса белгилешинче: «Премьер-министр Хишам Машиший жасаган министрликтеги акыркы өзгөрүүлөр конституцияга, өзгөчө, 92-берене тескери болгон. Т.а. маселе өкмөттүн структурасын өзгөртүүнү камтыганда биринчи кезекте министрлер кеңешинде талкууланышы керек. Андан тышкары, башка бир канча мыйзамбузууларга жол берилген». (Бирок Кайс бул мыйзамбузууларды ачыктабады). Ал дагы мындай деди: «Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү сунуштаган айрым адамдарга карата доо арыздары же кызыкчылыктар кагылышуусу боюнча сот иштери ачылган. Иши каралып жаткан адам ант иче албайт. Ант ичүү расмиятчылык эмес, ал маанилүү процедура». Андан кийин Кайс «министрликтерде аялдардын жоктугуна» нааразылыгын билдирди… (AFP, 25-январь, 2021-жыл). Мамлекет экономикалык кризис менен күрөшүп жатканда Тунис президенти ушундай чечим кабыл алды. Мамлекетке катуу таасир кылган коронавирус пандемиясы кризисти дагы да күчөтүп жиберген. Саламаттыкты сактоо түзүмү кыйроо жакасына келгени тууралуу эскертүүлөр айтылган. Ушул себептен улам, акыркы бир нече күндө айрым мамлекеттерден шашылыш түрдө медициналык жардамдар алынды. Тунис статистика институтунун маалыматына ылайык, 2020-жылы Тунис экономикасы 8,8 пайызга төмөндөгөн. «Дүйшөмбү күнү Тунис улуттук статистика институту жарыялаган маалыматтар ушуну көрсөттү: өлкөнүн экономикасы 2020-жылы рекорддук даражада 8,8 пайызга төмөндөгөн. Негизинен туризмден көз каранды Тунис экономикасы коронавирус пандемияси себептүү олуттуу зыян көрдү. Улуттук статистика институтунун маалыматына ылайык, жумушсуздук деңгээли 2020-жылдын төртүнчү чейрегинде 17.4 пайызга жогорулады. Ошол жылдын үчүнчү чейрегинде болсо 16.2 пайызды түзгөн». (Анадолу агенттиги, 2021-жыл, 15-февраль).
2 – 2021-жылы 25-июлда Тунис президентинин аппаратынын Фейсбуктагы расмий баракчасында жарыяланган билдирүүдө мындай делет: «Премьер-министр жана парламент төрагасы менен конституциянын 80-беренеси негизинде кеңеш өткөрүлгөндөн кийин президент Кайс Саид 2021-жылы 25-июлда мамлекетти, анын коопсуздугун жана көз карандысыздыгын коргоо жана мамлекеттик мекемелердин нормалдуу иш-аракетин камсыздоо үчүн төмөндөгү токтомдорду кабыл алууну зарыл деп эсептеди:
• Премьер-министр Хишам Машишийди кызматтан бошотуу;
• Парламенттин ишин жана укугун 30 күнгө токтотуу;
• Парламенттеги бардык депутаттардын кол тийгистигин бекер кылуу;
• Өлкө президенти тарабынан дайындалган премьер-министр жетектеген өкмөттүн жардамында аткаруу бийлигин жетектөөнү президент жеке өзү мойнуна алат». Билдирүүдө дагы мындай делет: «Кырдаалдын талабына ылайык, жүзөгө келген жана себептери жоюлушу менен бекер кылына турган бул чукул чараларды тартипке салуу үчүн жакынкы сааттарда буйрук чыгарылат… Президенттин аппараты Тунис калкын тартипсиздиктерди уюштуруп жаткандарды ээрчибөөгө чакырат». (Dubai CNN, 2021-жыл, 26-июль). Саид анын токтомдору «Конституцияны чектебегенин, конституциялык мыйзамдуулуктан чыкпаганын» баса белгиледи. (Ал-Жазира, 2021-жыл, 26-июль). Тунис президенти Кайс Саид жума күнкү билдирүүсүндө ал диктаторго айланбаганын айтып, «Конституциянын беренелерин абдан жакшы билерин, урматтарын жана үйрөнүп чыгарын» билдирди. Андан мурун Тунис расмий маалымат агенттиги сот «Нахда» партиясынын төрт мүчөсүн, анын катарында, Ганнушийдин жан сакчысы жана Тунис парламентинин депутаты Ясин Аярини парламентте зомбулук жасады деп айыптап, тергөө башталганы жөнүндө кабарлаган… (France 24, AFP, Рейтер, 2021-жыл, 30-июль).
3 – Тунис парламентинин спикери Рашид Ганнуший 2021-жылы 26-июлда Фейсбуктагы расмий баракчасында президент аны менен кеңешкенин төгүндөп, мындай деди: «Спикер конституциянын 80-беренесин колдонуу үчүн президент менен кеңешкенин четке кагат… Президент Кайс Саид конституциянын 80-беренесин колдонуу жөнүндө кеңешпеген. Андан башка бардык нерселер жалган. Дүйшөмбү күнү бир топ депутаттардын жана парламенттин эшигине келген парламент төрагасынын ичкериге киришине аскерлер уруксат бербеди. Алар парламентти жабууга буйрук берилгенин айтышты». Ганнуший: «Мен парламент төрагасымын. Мен өзүм жетектеген мекеме алдында турамын. Аскерлер менин парламентке кирүүмө жол беришпеди», – деп, Кайс Саидди «ыңкылабга жана конституцияга каршы төңкөрүш» жасады деп айыптады. (Ал-Жазира, 2021-жыл, 27-июль). Бирок, Кайс Саид анын акыркы токтомдору конституцияга каршы төңкөрүш жасоо эместигин, конституция жана мамлекеттин мыйзамдуулугуна каршы төңкөрүш жасоо ниети жок экенин, акыркы токтомдору бүтүндөй мыйзамдуу болгонун, капыстан мамлекетти камтып алган коркунуч жок болору менен токтомдор өз күчүн жоготорун айтты. (Тунис президентинин Фейсбуктагы баракчасы, 2021-жыл, 27-июль). Андан соң 2021-жылы 30-июлда Ал-Жазира кабар бергендей, кеңешчи кызматынан кийин ички иштер министрлигине дайындалган Риза Гарсиллави президент Кайс Саид алдында ант ичти.
4 – Тунистеги күчтөрдүн реакциясы:
а) Америка. Америка Тунисте күчтүү саясий таасирге ээ эмес. Анткени, азыркы саясий чөйрө англистердин малайы болуп эсептелет. Кийинчерээк Франция да Туниске таасир өткөрүүгө жетишти. Ошондуктан, Тунис саясатчылары Европанын т.а. Англия жана Франциянын таасири астында. Америка аскерий жана жарандык коомдун жардамдары менен Туниске белгилүү бир даражада кирүүгө аракет кылды. Аскерий жардамга келсек, АКШ Тунисте өз таасирин күчөтүү үчүн бул тактикадан пайдаланды. Ондогон жылдар бою АКШ терроризмди шылтоолоп Тунис армиясын куралдантып келди. Америка Тунис армиясын машыгуудан өткөрүп, бирге аракет кылып келүүдө. Кошмо Штаттар Эл аралык Аскерий Таалим жана Машыгуу (IMET) алкагында жана терроризмге каршы күрөш программасы аркылуу Тунис армиясын каржылады. 2012-жылдан 2016-жылга чейин Американын Тунис армиясына көрсөткөн жардамы болжолдуу 2,7 миллиард долларга жетти. 2015-жылы Тунис НАТОго мүчө болбогон союздаш катары таанылды. 2020-жылы 1-октябрда АКШ Коргоо министри Марк Эспер Тунис менен он жылдык аскерий кызматташуу келишимин түздү. Эспер президент Кайс менен жолуккандан кийин: «Биз Тунис портторун жана чегараларын коргоо, терроризмди алдын алуу жана автократиялык режимдердин зомбулук аракеттерин мамлекетиңизден алыс кылууга жардам берүү үчүн кызматташуубузду тереңдетүүгө ыраазыбыз», – деди. (Africa news, 2020-жыл, 1-октябрь).
Жарандык коомдун жардамдарынын тактикасына келсек, АКШнын Тунистеги элчилиги бул вазыйпаны жакшы башкарууну колдоо программасы жана коррупцияга каршы күрөшүү алкагында ишке ашырууда. АКШ элчилиги Тунисте коррупцияга каршы күрөшкө 5,6 миллион доллар бөлүүдө. «Мамлекеттик Соттор Улуттук Борбору (NCSC) жарандык коомдор үчүн санарип платформаны иштеп чыгуу үчүн конституциялык органдар, жарандык коом жана байланыш министрлиги менен өз ара меморандум түздү. Бул платформа жарандык коомдун уюмдарын аралыктан тизмеден өткөрүүгө о.э. майнаптуулук жана жоопкердик механизмдерин бекемдөө максатында уюмдардын финансылык жана эсеп-кысап отчётторун даярдоого жардам берет…». (АКШнын Тунистеги элчилиги, 2020-жыл, 20-декабрь). Бирок, качан мамлекетте саясий боштук жүз берсе о.э. кудум Британия сыяктуу же Европа Союзу, айрыкча Англияга жетүүгө аракет кылып жаткан Франция жана Германия сыяктуу бирер мамлекеттин бул мамлекетте таасири болбосо, мына ошондо гана бул тактикалар ошол мамлекетте өз таасирин орнотуу үчүн кирүү чекити катары колдонулушу мүмкүн. Ушул себептен улам, азыр Американын бул аракеттери Тунисте Британиянын же Европанын таасирин бузууну түшүндүрбөйт. Тунисте армия абдан чакан жана мамлекеттин саясатында экинчи даражалуу ролду ойной албайт. Ошондуктан, Кошмо Штаттар ага берилген малайларды жалдоо жана Тунисте майнаптуу роль ойноо жөндөмүн өнүктүрүү үчүн убакытка көбүрөөк муктаж. Бул көп убакыт алышы мүмкүн… Т.а. Американын ролу Тунисте али активдүү эмес. Анын ролу демократияга жана адам укуктарына чакырууну шылтоологон жалпы ролго чектелген! Бирок, Америка Туниске жылжып кирүү аракетинен баш тартпайт.
б) Англия. Ыңкылабдан мурун абал бүтүндөй Англиянын колунда болгон. Англия өз малайы Зейнулабидин жана андан мурун Буркиба аркылуу мамлекетти парда артынан башкарып келген. Тунис майданында анын эл аралык атаандашы жок эле. Англия «исламий» оппозицияны жөндөө жана керек болгондо бул маанилүү картадан пайдалануу үчүн «Нахда» кыймылынын жетекчиси Рашид Ганнушийди кабыл алуу сыяктуу оппозициячыл партияларга ачык эле демөөрчүлүк кылды… Англия Тунисте эч бир атаандашсыз беймарал шүмшүңдөп жүрчү эле. 2015-жылы Англиянын Тунистеги элчилиги «Адам Смит» эл аралык консалтинг компаниясын Тунис өкмөтүнө кеңеш берүүгө, жогорку наамдагы офицерлерди окутууга, саясатты калыптандырууга жана жаңы мыйзадарды кабыл алууга чакырды. Ушул көрүнүштө Британия тышкы иштер министрлиги жана Улуттар Шериктештиги үчүн миллион фунттук келишимдерди ишке ашырган өнүктүрүү пөдрөтчүсү «Aktis Strategy Ltd» Туниске алынып келди. Андан тышкары Британия Хабиб Буркибадан тартып Ибн Али жана 2012-жылы «Нида Тунис» партиясын түзгөн Бажи Сабсийге чейинки саясий чөйрөнү башкарып келген. Сабсий Хабиб Буркибанын санаалаштарынын бири жана Ибн Али менен союздаш болгон. Ал англистер менен кызматташкан бардык эски илманий күчтөрдү бир партияда бириктирди. Ошентип, Англия өзүнүн колу астындагы саясий чөйрө жардамында мамлекетте өз таасирин сактап калды. Зейнулабидин президенттиктен кетиши менен Англия өзүнүн күчтүү малайын жоготту, лекин режимди эмес. Анткени, Англиянын мамлекет ичинде да, тышында да көп малайлары бар. Ошого карабастан, анын саясий таасири мурункудан кыйла алсыздашты. Жада калса, Ганнушийдин Британиядан англиячыл болуп кайтышы да бул алсыздыкты жоё албады. Анткени, «Нахда» мүчөлөрү жана жетекчилери, айрыкча, алар илманийлеши артынан Ганнушийдин жетекчилик кылышы тууралуу бир пикирге келе алышпады. Себеби, кыймылдын ичинде калыс кишилер болгондой, Түркияга жана президент Эрдаганга ишенгендер да бар. Бул нерселер Англия өз малайларынын катарын бириктирүүгө тоскоолдук кылды. Америка малайы болгон Түркия «Нахда» партиясына ичинен таасир өткөрүүгө жана Ганнуший жетекчилигине ичинен коркутууга жол ачты. Бул проблеманы чечүү максатында «Нахда» кыймылы илманийлердин колдоосун алуу үчүн өзүнүн «исламийлигин» басаңдатты. Ошондуктан «даъватты» «саясаттан» бөлдү. Англис малайы Бажи Сабсийди колдоо үчүн басымдуу парламенттик фронтту түзүү максатында 2014-жылы «Нида Тунис» менен союздаш болду. Бирок, Сабсий партиясы өз күчүн сактай албады, тескерисинче, бөлүнүп кетти… Тунис окуяларына карата Англиянын жандашуусун карап чыксак, болуп өткөн окуялар ал үчүн капыстан жүз бергенин көрөбүз. Британиянын Гардиан (The Guardian) гезити «Гардиандын Тунистеги төңкөрүшкө карата көз карашы: жаз кышка айланууда» деген аталышта макала жарыялады. Бул туурасында «Ал-Жазира» веб-сайты 2021-жылы 27-июлда кабарлады. Гезит Тунис контрыңкылабга күбө болгонун айтып: «Коопсуздук күчтөрүнүн телеканалдарга бастырып кириши жакшы белги эмес», – деди. Макалада көрсөтүлгөндөй: «Жарандар кайдыгер аракет кылып, неолиберал идеяларды карманышууда. Анткени, эркиндик жана демократия саясий туруктуулукту жана экономикалык жыргалчылыкты камсыздай албады. Тескерисинче, коррупция, инфляция жана жумушсуздук өкүм сүрдү. Тунистеги үй-бүлөлөрдүн үчтөн бири өткөн жылы коронавирус пандемиясы тарагандан кийин азык-түлүктүн жок калышынан коркуп калышкан. Ачыкталган документтерге ылайык, өкмөт Эл аралык Валюта Фондунан 4 миллиард доллар көлөмүндө кредит алуу үчүн сүйлөшүүлөрдө нанга болгон мамлекеттин колдоосун бекер кылууга даяр. Бул кредит он жыл ичиндеги төртүнчү кредит болуп эсептелет. Өкмөттүн пандемияга каршы күрөшүнө карата коомчулуктун ачуусу улуттук карыздын көбөйүшүнөн улам дагы да күчөдү. Кредит төлөмдөрү учурда мамлекеттик саламаттыкты сактоо каражаттарынан алты эсеге көп». Т.а. Тунис режими Эл аралык Валюта Фонду аркылуу АКШнын басымы астында турат. АКШ бул басымдар аркылуу Тунистеги өз таасирин бекемдемекчи.
Бул нерселерден Тунистеги Англия таасири чынында эле алсыздаганы маалым болууда. Англиянын таасирин алсызданткан абал уланып жатканда Франция Туниске күчтүү таризде кирип алуу үчүн эшик ачты. Англия француз таасирин кооптуу эмес деп ойлоду. Анткени, ал Франция менен ар дайым, айрыкча Американын таасирине каршы келишип аракет кылып келген. Алар бул маселеде союздаш эле. Лекин, Британиянын «Брексити» алардын ортосунда чоң ажырым пайда кылды. Алардын эч бири бул ажырымды жамоого аракет кылбады. Мындан тышкары, Европа Союзунун бир катар мамлекеттери, өзгөчө Германия Франциянын позициясына жакын позицияны карманды. Германия Тунисте жүз берген окуяны Британия маалымат каражаттарында көрсөтүлгөндөй төңкөрүш катары баалабады. «Германия тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Адебар дүйшөмбү күнү Тунисте саясий башаламандык күчөгөнүнөн Берлин кабатырланып жатканын билдирип, мамлекетти конституциялык укуктук тартипке кайтарууга чакырды. Бирок, ал жүз берген окуяны «төңкөрүш» эмес деп эсептейт…» (Спутник, 2021-жыл, 27-июль).
в) Франция. Франциянын позициясына келсек, ага көбүрөөк көңүл буруу зарыл. Жаңы президент Кайс Саид колонизаторлукка катуу каршы эле. Анын ыңкылабдык тезистерин тунистиктер жакшы кабыл алышты. Алар ыңкылабдан кийинки доордо мамлекеттин башкаруусун кандайдыр бир мааниде уланткан «эски гвардияны» жок кылуу үмүтүндө Кайс Саидге добуш беришкен. Президент Саид 2019-жылы ноябрда президент болгондо алгач Тунистин көз карандысыз президенти эле. Бирок, бирер эл аралык күчкө таянуу пикири анын менталитетинен жана зээнинен орун алган. Ушул себептен улам, Франция ага кучак жайганын көрдү. Франция Тунисти кайра француз тилдүү өлкөлөрдүн активдүү мүчөсүнө айлантууну арзуу кылат. Франция Кайс Саидди өз малайына айлантып алганына далалат кылган бир канча далилдерди көрсөтүп өтөбүз:
– Тунис парламенти президент Кайс Саиддин тарапкерлеринен жана каршылаштарынан турган эки топко бөлүндү. Анын каршылаштары көпчүлүктү түзөт. Президент Кайс Саиддин каршылаштарынан орун алган «Нахданын» союздашы жана парламенттеги Франциянын касташкан душманы «Карама коалициясы» Франция менен Тунис ортосундагы мамилелерди бузууга аракет кылды. Маселен, ал Тунис Франциянын колониясы болгону үчүн «Францияны кечирим суратуу» идеясын парламенттик добушка койду. Сабсий же Марзуки президенттигинин доорунда парламенттин күн тартибине мындай сунуш киргизилбегени ушуну көрсөтөт: президент Саидге каршы болгон блок президентти кыйын ахвалга салууну, Франция-Тунис мамилелерин орчундатууну жана Франциянын колонизатор душмандыгын эске салууну көздөгөн. Бирок, шайлоо кампаниясы учурундагы позициясынан айырмаланып Тунис президенти Францияны коргоо позициясын карманды. Ал өз билдирүүсүндө: «Ким кечирим сураса өзүн айыптаган болот», – деди. Ал: «Келечекке назар салалы», – деп кошумчалады… Франция Тунисте кылмыштарды кудум Алжирдегидей түздөн-түз колонизаторлук негизинде эмес, режимдин коргоосу астында жасаган. Тунистиктер көз карандысыздык үчүн абдан чоң курмандыктарды беришкен. Кечирим суроону талап кылуу – алардын укугу. Лекин, кечирим суроонун өзү жетиштүү эмес. Кайс Саид: «Мүмкүн, айрым долбоорлор же жаңы кызматташуу кечиримдин ордуна өтүшү мүмкүн», – деди. Ал кечирим суроо менен актанбастыгын билдирип: «Мен таң калам, эмне биз 60 жылдан кийин гана кечирим суроону талап кылып жатабыз?», – деген суроону ортого салды. («ultratunisia.com

», 2021-жыл, 23-июнь).

– «2020-жылы июнь айында Кайс Саид Франция менен мамилелерди тереңдетүү үчүн өз кызматын ээлегенден кийин биринчи Европа сапарын Франциядан баштады». (Анадолу агенттиги, 2021-жыл, 4-июнь). Тунис президентинин Париж сапарынан мурун жана сапар алдында жогору мартабадагы француз расмийлеринин Туниске келиши Кайс Саид президент болгондон кийин эки мамлекеттин ортосундагы мамилелердин өзгөчөлүгүн көрсөтөт. «Президенттин Францияга чакырылышы эки мамлекеттин ортосундагы аскерий кызматташуу долбоорлорунун башталышы болушу мүмкүн. Өзгөчө, ушул визиттин алдынан Франция коргоо министри 2020-жылы май айында Туниске сапар кылды. Андан мурун Франция башкы штаб башчысы келген эле. Эки визиттин мазмуну жөнүндө эч кандай түшүндүрмө берилбеди. Жалпы проблемалар жөнүндөгү билдирүүлөр гана берилди». (Ал-Жазира, 2021-жыл, 18-июнь).
– Тунистеги кризис тереңдеп, Франциянын колдоосуна муктаждык көбөйгөн сайын Франция жогорку мартабадагы чиновниктерин Туниске жөнөтүүнү улантты. «Түрдүү кризистерди башынан өткөрүп жаткан жана коронавирус пандемияси астында эзилген Африка мамлекети менен мамилелерди бекемдөө максатында Франция премьер-министри Жан Кастекс шаршемби күнү алты министр менен биргеликте Туниске келди. Анын сапары бейшембиге чейин уланат. Сүйлөшүүлөрдө «экономикалык кызматташуу», «колдоо көрсөтүү» жана «саламаттыкты сактоо кризиси» сыяктуу маселелер талкууланды. Сапар учурунда бир катар келишимдер да түзүлдү. Тунисте ылдам поезддер тармагын куруу боюнча жолугушуудан тышкары тунис жана француз ишкерлери тарабынан уюштурулган санарип тармактар боюнча да жолугушуу болуп өтөт». (Франс 24, 2021-жыл, 2-июнь).
– Тунис президенти Франция өткөргөн жана Парижде болуп өткөн Африка экономикалык саммитине да катышты. (Спутник, 2021-жыл, 22-май). Саммитте Туниске айрым коронавирус вакциналарынан тышкары эч кандай тышкы жардам көрсөтүү айтылбады. Бул болсо, сапардан көздөлгөн максат президент Макрон менен Тунистин ички кырдаалын талкуулоо болгонун көрсөтөт. Анткени, Кайс Саид француз басма сөзүнө Тунистеги ички кырдаал жөнүндө көп сүйлөдү. Бул визит Ганнушийдин «парламенттик дипломатия» деп атаган Катар сапарына өч алуу катары жасалган сапар болушу да мүмкүн. Башкача айтканда, экөөсү тең кожоюндары жана малай достору менен күчтүү болууга аракет кылышууда.
– Франция саламаттыкты сактоо тармагындагы долбоорлорду каржылоо жана жумуш менен камсыздоо мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыруу үчүн 2022-жылга чейин Туниске 1,7 миллиард евро көлөмүндө жардам жана кредит берүүгө убада кылды. Франция президенти Макрон Тунис президенти Кайс Саиддин 2020-жылдын ортосунда Парижге жасаган сапарында Туниске 350 миллион евро карыз берилишин билдирген…». (Араб Жадид, 2020-жыл, 2-ноябрь).
– 2021-жылы 28-июлда Ал-Жазира Франциянын расмий билдирүүсүнөн цитата келтирди. Билдирүүдө Франция тышкы иштер министри Ле Дриан: «Франция Тунистеги саясий абалга байланыштуу өзгөрүүлөрдү дыкат күзөтүүдө», – деди. RT 2021-жылы 28-июлда ушул кабарды таратты: «Франция тышкы иштер министрлигинин шаршемби күнкү билдирүүсүндө Ле Дриан бүгүн тунистик кесиптеши Усман Жаранди менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү айтылды. Билдирүүдө көрсөтүлгөндөй, Ле Дриан «мамлекеттеги саясий кризис шартында батыраак премьер-министр дайындоо жана тунистиктердин үмүттөрүн аткара турган өкмөт түзүү маанилүү экенин баса белгилеген».
Корутунду: Тунисте курчуп бара жаткан эл аралык күрөштүн белгилери ушуну көрсөтүүдө: ал жердеги күрөш эски жана чоң таасир ээси Англия менен жаңы жана туруксуз таасирге ээ Франция ортосунда болуп жатат. Франция жана анын малайлары Америка жана анын малайлары аркылуу Тунистеги англис малайларына каршы күчөмөкчү болуп жаткан болсо да, Америка бул күрөштө али да оор салмакка ээ эмес. Франция өзүнүн Тунистеги малайларын Мисирдеги Америка малайлары тарапка багыттаганын да көрүүгө болот. Бирок, Мисирдин Тунистеги таасири Тунис менен чектешкен Алжирдеги англис малайларынын таасирине караганда кыйла төмөн. Ошондуктан, Алжир президенти Тунис жана Тунис менен Франция мамилелерине ишара кылып мындай деди: «Теббун Франциянын Алжирге олуттуу карашын айтты. Журналисттин Франция али да Алжирди француз провинциясы деп эсептейби деген суроосуна, «Жок, жок» деп оңдоп койду. Кийин: «Сиз башка мамлекетти назарга алып жатасыз. Анткени, француздар сиз назарга алган ошол мамлекетке буйрук беришет. Ал мамлекет болсо, буйруктарды каршылыксыз аткарат», – деди. Тунис президенти Кайс Саиддин Францияга жасаган сапарында: «Тунис колония астында болбогон, коргоо астында болгон», – деген сөздөрүнөн кийин, айрымдар Алжир президенти ошол сөздөрү менен Туниске ишара кылууда деп ойлошту… (https://el-hosary.com

, 2021-жыл, 8-июль).

Бул эл аралык позициялардан Франция Англия менен Тунистеги бийлик үчүн күрөшүп жатканы маалым болууда. Лекин, күрөш Европанын ичинде болуп жатат. Америка катышкан жок. Америка күрөштө активдүү катышпагандыктан Тунисте жүз береген окуяны терминологиялык маанидеги эл аралык күрөш деп атабайбыз. Жогоруда айтканыбыздай, бул Европа ичиндеги, айрыкча, бир тараптан Франция жана Германия, башка тараптан Англия ортосундагы күрөш. Ошентип, күрөш узакка созулбайт, тараптар өз ара келишүүгө кайтышат, көбүрөөк ыхтымалга ылайык, Англиянын таасири Тунисте жок болуп кетпейт. Анткени, Англия саясий айла-амалдуу мамлекет. Франция болсо, андай эмес… Бирок, биз алардын ортосундагы карама-каршылык кескин болушун жана биздин колубуз менен Халифалык тикеленишин кудуреттүү жана күчтүү Аллахтан сурайбыз. Халифалык менен Ислам жана мусулмандар кубаттуу, куфр жана кафирлер кор болот.
﴿وَيَوْمَئِذٍ يَفْرَحُ الْمُؤْمِنُونَ * بِنَصْرِ اللَّهِ يَنْصُرُ مَنْ يَشَاءُ وَهُوَ الْعَزِيزُ الرَّحِيمُ﴾
«Ошол күндө момундар Аллахтын нусраты себептүү шаттанышат. (Аллах) Өзү каалаган кишиге нусрат берет. Ал кудуреттүү жана ырайымдуу » [30:4-5]
22-зул-хижжа, 1442-х.
1-август, 2021-м.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here