Элдин демократияга жана бийликке ишеними калбады

292
0

Элдин демократияга жана бийликке ишеними калбады

Кыргызстанда 10-январь күнү мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана референдум болуп өттү. Боршайком мүчөлөрүнүн жана байкоочулардын билдиришинче, жарандар дээрлик бардык жерлерде шайлоого активдүү катышпады. Бул эмнени билдирет?

 Бул нерсе, эл демократиядан да, учурдагы бийликтен да, бири-биринен айырмаланбай турган, чиновниктер менен акчалууларга гана кызмат кылып, карапайым жарандардын жашоосун жакшы жакка өзгөртүүгө эч кандай салым кошпой турган шайлоолордон чарчаганын билдирет. Шайлоочулардын болгону 39 пайызы катышканы да элдин учурдагы түзүм жана бийликке ишеними канчалык экендигин көрсөттү.

 Кыргызстан “эгемендүүлүккө” жеткенден бери 5 жолу президент, 32 жолу премьер-министр алмашты. Бийликтегилер алмашты, бирок жарандардын жашоо деңгээли өзгөрбөдү. Тескерисинче, мамлекет жылдан-жылга карызга батып, жашоо деңгээлибиз төмөндөп бара жатат. Буга бийликтеги адамдар өзгөргөнү менен башкаруу түзүмү өзгөрбөгөнү себеп болууда. Кыргызстан мусулмандары муну акырындык менен түшүнө башташты. Ошондуктан да көпчүлүк мусулмандар – бул жолу да бирер өзгөрүш болоруна үмүт болбогондуктан – демократиялык шайлоого барып күнөөкөр болгондон көрө ага катышпай коюуну абзел көрүштү. Бул шайлоодо катышуунун төмөн болушу, ал тургай, саясий элитанын айрым өкүлдөрүн да тынчсыздандырып койду. Алар бул көрүнүштү “кооптуу сигнал” катары кабыл алышты.

Кыргызстан калкы демократия маскасы артындагы капитализмден чарчады жана бул түзүмдү колдонуп жаткан бийликке ишеним жоголуп барууда. Бирок, саясатчылар муну дагы деле түшүнбөстөн, элди куру кыялдар менен алдоого аракет кылып жатышат. Бирок, эми кеч болду.

 Кыргызстанды өнүктүрүүнүн бир гана жолу бар! Бул жол – мусулмандардын Ислам акыйдасынан келип чыккан түзүмдү жашоого колдонушу. Ислам түзүмүн колдонуу болсо исламий Халифалык мамлекетинде ишке ашат жана ал демократияны да, аны бизге мажбурлап тыгыштырып жаткан колонизаторлорду да түп-тамыры менен сууруп таштайт. Ушундай болгон соң, биз Аллахтын жолунда Халифалыкты кайрадан тикелөө үчүн аракет кылышыбыз керек. Биз сиздерди ушуга чакырабыз.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here