Аралык (дистанция) сактап намаз окуу бидъат болуп, күнөөсү өкүмдарларга түшөбү

515
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Суроого жооп

Аралык (дистанция) сактап намаз окуу бидъат болуп, күнөөсү өкүмдарларга түшөбү

Аллахка мактоолор болсун, Расулуллахка о.э. ал кишинин үй-бүлөсү, сахабалары жана ал кишиге ээрчигендерге саламдар жаалсын, амма баъд:

Жума жана жамаат намаздарында эки метр аралыкта араны ачып, намаз окуу туурасында суроо жолдогон бардык боордошторго жооп бермекчимин.

Суроодо келишинче, мусулман өлкөлөрүндөгү айрым мечиттерди жаап коюшууда. Ачканда болсо, намаз окуучуларды эки метр аралыкты сактап намаз окууга мажбурлап жатышат. Расмийлер муну актап, «оорулуу адам үзүрлүү, анын отуруп окушу жаиз, ошондуктан, жанындагы кишиден эки метр аралык сактап намаз окууну оорулуунун үзүрүнө кыястаса болот, ал тургай, ал оорулуу болбосо да ооруудан кооптонуп алысташат» деген сөздөрдү айтышууда… Ошондон келип чыгып, суроо берген боордошторубуз «өкүмдарлардын намазкөйлөрдү аралыкты сактап намаз окууга мажбурлоолору жайизби? Же мындай аралык сактап намаз окуу бидъатпы, анын күнөөсү өкүмдарларга түшөбү?» деген суроолорун жолдошуптур. Алар бул суроолорунун жообун билүүгө катуу умтулуп жатышат.

Аллахтан тауфик сурап, алардын суроолоруна төмөндөгүдөй жооб бермекчимин:

Бидъат жөнүндө мурда бир нече ирет жооп бергенбиз. Эгер суроо бергендер ошол жоопторубузду тадаббур кылышса, жогоруда айтылгандагыдай түрдө аралыкты сактап намаз окуу бидъат экени, аралыкты сактоого өкүмдарлар мажбурлап жатышкан болсо, анын күнөөсү ошолордун мойнуна түшүшү ачык-айкын болгон болор эле. Муну төмөндөгүдөй баян кылабыз:

Биринчи:

Хижрий 1434-жылы 28-ражаб, миладий 2013-жылы 7-июнда чыгарган баракчабызда мындай деген элек:

«… Бидъат – Шариънин кандай аткарууну көрсөтүп берген буйруктарын башкача кылып аткаруу. Бидъат лугатта – Лисанул арабда келгендей – төмөндөгү маанини билдирет: «Бидъатчы – окшошу болбогон бир ишти кылган кимсе… Бир жаңылыкты пайда кылды т.а. көрсөтүп берилгенден башкачасын ойлоп тапты». Истилахта да ушундай. Т.а. Расулуллах ﷺ көрсөтүп берген бир амал болот жана мусулман анын тескерисин жасайт. Мындан, шарият буйруган бирер бир буйрукту шариятта көрсөтүлгөндөн башкача таризде аткаруу деген маани чыгат. Бул маани ушул хадистин мадлулу:

«وَمَنْ عَمِلَ عَمَلاً لَيْسَ عَلَيْهِ أَمْرُنَا فَهُوَ رَدٌّ»

«Кимде-ким биздин буйругубуз болбогон бир амалды кылса, ал четке кагылат ». (Бухарий жана Муслим риваяты, лафзы Бухарийдики). Ушуга ылайык, кимде-ким намазда эки сажда ордуна, үч сажда кылса, бир бидъатты алып келген болот. Себеби, ал Расулуллах ﷺ кылган ишке тескери кылды. Кимде-ким жамаротто жети таш ордуна сегиз таш ыргытса, бир бидъатты алып келген болот. Себеби, ал да Расулуллах ﷺ фиълине тескери иш кылды. Кимде-ким азан сөздөрүн көбөйтсө же кемитсе, ал да бир бидъатты алып келген болот. Себеби, ал Расулуллах ﷺ макулдап белгилеп койгон азанга тескери кылды…

Ал эми Шариънин аткаруу кайфияты келбеген буйругуна тескери иш кылууга келсек, ал шаръий өкүмдөр катарына кирип, эгер таклиф хитабы болсо, харам же макрух, эгер вазъ хытабы болсо, батыл же фасид деп айтылат. Муну буйруктагы карина белгилейт…

Мисалы: Муслим Айша разияллоху анхадан риваят кылган хадисте уммул муъминин Расулуллах ﷺдын намазын сыфаттап мындай деген:

«وَكَانَ إِذَا رَفَعَ رَأْسَهُ مِنَ الرُّكُوعِ لَمْ يَسْجُدْ، حَتَّى يَسْتَوِيَ قَائِمًا، وَكَانَ إِذَا رَفَعَ رَأْسَهُ مِنَ السَّجْدَةِ، لَمْ يَسْجُدْ حَتَّى يَسْتَوِيَ جَالِسًا»

«… Расулуллах A эгер башын рукудан көтөрсө тээ боюн тике кылмайынча сажда кылбайт эле, башын саждадан көтөрсө, тээ олтуруп түз болмоюнча сажда кылбайт эле…». Бул жерде Расул ﷺ мусулман киши рукудан башын көтөргөндөн кийин, тээ боюн түздөмөйүнчө сажда кылбашын, саждадан баш көтөргөндө, тээ түздөлүп отурмайынча экинчи сажданы кылбашын баян кылып берди. Расулуллах ﷺ кандай аткарууну көрсөтүп бергени үчүн, буга тескери аракет кылган кимсе бир бидъатты алып келген болот. Т.а. намазкөй рукудан баш көтөрүп, кийин боюн толук түздөбөй сажда кылса, бир бидъатты алып келген болот. Анткени, ал Расул ﷺ көрсөтүп бергенинен башкача таризде аткарды.

Эми башка бир мисал келтиребиз. Муслим Уббада ибн Самиттен мындай дегенин риваят кылды. Ал киши «мен Расулуллах ﷺдан:

«يَنْهَى عَنْ بَيْعِ الذَّهَبِ بِالذَّهَبِ، وَالْفِضَّةِ بِالْفِضَّةِ، وَالْبُرِّ بِالْبُرِّ، وَالشَّعِيرِ بِالشَّعِيرِ، وَالتَّمْرِ بِالتَّمْرِ، وَالْمِلْحِ بِالْمِلْحِ، إِلَّا سَوَاءً بِسَوَاءٍ، عَيْنًا بِعَيْنٍ، فَمَنْ زَادَ، أَوِ ازْدَادَ، فَقَدْ أَرْبَى»

«Алтынды алтынга, күмүштү күмүшкө, буудайды буудайга, арпаны арпага, курманы курмага, тузду тузга теңме-тең, айнма айн (өзүн-өзүнө) гана сатууну буюрганын, мунун тескерисинен кайтарганын, кимде-ким көбөйтүп берсе же көбөйтүп алса, риба кылган болушун», уктум. Демек, эгер мусулман бул хадиске тескери кылып алтынды алтынга салмагына барабар эмес, көбөйтүп сатса, ал бир бидъатты алып келди делбейт, ал арам иш кылды т.а. риба алды делет.

Корутунду: Расулуллах A баян кылган кайфиятка тескери иш кылуу бидъат болуп эсептелет. Расул Aдын кайфият баян кылынбай шаръий өкүмдөрдө вакиъ боло турган мутлак буйругуна тескери кылуу болсо, далилге карап харам, макрух… батыл, фасид… болот». Үзүндү аяктады.

Биздин бидъат туурасындагы хижрий 1436-жылы 8-зульхижжа, миладий 2015-жылы 22-сентябрдагы баракчабызда көп тафсилаты менен баян кылынган. О.э. ошол баракчадан мурда жана кийин да бул туурасында бир нече суроо жана жооптор басып чыкканбыз. Аллахтын урухсаты менен булардын баары жетиштүү болгон.

Экинчи:

Ушуларга ылайык, эгер мусулман өлкөлөрүндөгү мамлекеттер эч кандай оорунун белгилерисиз эле, «вирус жугушу коркунучу» деген шылтоо менен жума жана жамаат намаздарында намазкөйлөрдү өз ара бир же эки метр аралык сактап намаз окууга мажбурласа, муну менен чоң күнөөнү жасап жатышкан болот. Себеби, аралык сактап намаз окуу бидъат. Анткени, бул сап жана анын тыгыздыгы маселесинде Расулуллах ﷺ көрсөтүп берген абалга ачыктан-ачык тескери. Бул туурасындагы айрым далилдерди келтирип өтөбүз:

  • Имам Бухарий өзүнүн «Сахих»инде Абу Сулайман Малик ибн Хувайристен кылган риваятта Абу Сулайман мындай дейт: Биз теңтуш жигиттер элек. Набий ﷺдын алдына барып, жыйырма түн бирге турдук… Ал зат өтө ырайымдуу мээримдүү эле… Бизге мындай деди:

«فَقَالَ ارْجِعُوا إِلَى أَهْلِيكُمْ فَعَلِّمُوهُمْ وَمُرُوهُمْ وَصَلُّوا كَمَا رَأَيْتُمُونِي أُصَلِّي وَإِذَا حَضَرَتِ الصَّلَاةُ فَلْيُؤَذِّنْ لَكُمْ أَحَدُكُمْ ثُمَّ لِيَؤُمَّكُمْ أَكْبَرُكُمْ»

«Силер эми ахлиңерге кайткыла, аларга таалим берип, намазга буюргула. Менин кандай намаз окуганымды көргөнүңөрдөй намаз окугула. Качан намаз убагы кирсе, араңардан бириңер азан айтсын, кийин чоңуңар имам болсун».

  • Имам Бухарий өзүнүн «Сахих»инде Анас ибн Маликтен риваят кылган хадисте, Анас разияллаху анху мындай дейт: Намазга икомат айтылды эле, Расулуллах ﷺ бизге жүздөнүп, айтты:

«أَقِيمُوا صُفُوفَكُمْ، وَتَرَاصُّوا، فَإِنِّي أَرَاكُمْ مِنْ وَرَاءِ ظَهْرِي»

«Сабыңарды тегиз жана тыгыз кылгыла. Анткени, мен силерди артыман көрүп турам».

  • Имам Муслим өзүнүн «Сахих»инде Нуман ибн Башир разияллаху анхудан риваят кылган хадисте ал киши мындай дейт: «Расулуллах ﷺ сабыбызды тегиз кылар эле, ал тургай биздин тегиз турганыбызга ишенүү үчүн жыгач найза менен бизди түздөйт эле. Кийин бир күнү намазга туруп, Аллаху Акбар демекчи болуп турганда бир кишинин көкүрөгү саптан чыгып турганын көрүп калды жана мындай деди:

«عِبَادَ اللهِ لَتُسَوُّنَّ صُفُوفَكُمْ، أَوْ لَيُخَالِفَنَّ اللهُ بَيْنَ وُجُوهِكُمْ»

«Эй Аллахтын пенделери, же сабыңарды тегиз кыласыңар, же Аллах жүздөрүңөрдүн (сүрөтүн) өзгөртүп жиберет ».

Имам Муслим дагы өзүнүн «Сахих»инде Жабир ибн Самуродон риваят кылат, Самуро айтат: Расулуллах ﷺ бизге:

«أَلاَ تَصُفُّونَ كَمَا تَصُفُّ الْمَلاَئِكَةُ عِنْدَ رَبِّهَا؟»

«Кудум периштелер Роббилери алдында сап тарткандай сап тартууну каалабайсыңарбы?!», деди. Биз я Расулуллах периштелер Роббилери алдында кандай сап тартышат? – деп сурадык. Ал зат мындай деди:

«يُتِمُّونَ الصُّفُوفَ الْأُوَلَ وَيَتَرَاصُّونَ فِي الصَّفِّ»

«Алдыңкы сапты толук кылышат (алдыңкы сап толбой туруп экинчи сапты башташпайт) жана саптарын тыгыз кылышат».

  • Хаким ушуну Абдуллах ибн Амрдан риваят кылып, Муслим шарты менен бул  хадис сахих деди: Расулуллах ﷺ айтты:

«مَنْ وَصَلَ صَفًّا وَصَلَهُ اللَّهُ، وَمَنْ قَطَعَ صَفًّا قَطَعَهُ اللَّهُ»

«Ким намазда сапты уласа, Аллах аны Өз рахматына улайт, ким сапты үзсө, Аллах аны Өз рахматынан үзөт».

  • Имам Ахмад Абдуллах ибн Умар розияллоху анхудан риваят кылат, Расулуллах ﷺ мындай деди:

«أَقِيمُوا الصُّفُوفَ فَإِنَّمَا تَصُفُّونَ بِصُفُوفِ الْمَلَائِكَةِ وَحَاذُوا بَيْنَ الْمَنَاكِبِ وَسُدُّوا الْخَلَلَ وَلِينُوا فِي أَيْدِي إِخْوَانِكُمْ وَلَا تَذَرُوا فُرُجَاتٍ لِلشَّيْطَانِ وَمَنْ وَصَلَ صَفّاً وَصَلَهُ اللَّهُ تَبَارَكَ وَتَعَالَى وَمَنْ قَطَعَ صَفّاً قَطَعَهُ اللَّهُ»

«Саптарды түз кылгыла. Себеби, муну менен периштелердин сабы сыяктуу саптанган болосуңар. Кийин ийниңер арасын жакын кылып, аралыкты толтургула, боордошуңарга (ал силерди аралыкты толтуруу үчүн тартса) жумшак мамиледе болгула жана шайтандын араңарга киришине жол койбогула. Ким сапты уласа, Аллах Таборака ва Таала аны Өз рахматына улайт, ким сапты үзсө, Аллах аны Өз рахматынан үзөт».

Булар Расулуллах ﷺдан жамаат намазын кандай аткаруу туурасындагы толук көрсөтмөлөр. Сахаба розияллоху анхумдар буга катуу амал кылышкан. «Муватта»да Малик, «Сунани Кубро»да Байхакий риваят кылышат: Умар ибн Хаттоб розияллоху анху «Саптарды тегиз кылууга буюрат эле, алар сабыбыз туз болду деп кабар беришсе гана намазды Аллаху Акбар деп баштар эле».

Үчүнчү:

Жугуштуу оору аралык сактап намаз окууга үзүр болот деп айтылбайт, мындай деш ката. Себеби, жугуштуу оору мечитке барбоого үзүр. Мечитке барууга о.э. бир же эки метр аралык сактап, намаз окууга үзүр эмес! Негизи, Расулуллах ﷺдын заманында да жугуштуу оорулар (тоун) болгон. Ал эми «тоунга чалдыккан киши намазга барып, эки метр аралык сактап, намаз окуйт эле» деген нерсе Расулуллах ﷺдан риваят кылынбаган. Тескерисинче, жугуштуу ооруга чалдыккан киши үзүрлүү болуп, намазды үйүндө окуйт. Оору таркалган региондо адамдарды акысыз дарылоого астейдил кайрат менен аракет кылынат жана муну мамлекет өз колуна алат о.э. ооругандардын дени сактар менен аралашууларына жол койбойт. Имам Муслим өзүнүн «Сахих»инде Усама ибн Зайд розияллоху анхудан Расулуллах ﷺдын мындай дегенин риваят кылат:

«الطَّاعُونُ آيَةُ الرِّجْزِ ابْتَلَى اللَّهُ عَزَّ وَجَلَّ بِهِ نَاساً مِنْ عِبَادِهِ، فَإِذَا سَمِعْتُمْ بِهِ فَلَا تَدْخُلُوا عَلَيْهِ وَإِذَا وَقَعَ بِأَرْضٍ وَأَنْتُمْ بِهَا فَلَا تَفِرُّوا مِنْهُ»

«Тоун ыпластыктын белгиси. Аллах Азза ва Жалла аны менен пенделери арасында кээ бирлерин сынайт. Демек, качан аны бирер жерде пайда болгонун угуп калсаңар, ал жерге кирбегиле. Эгер силер турган жерде пайда болсо, андан качып чыкпагыла». Башкача айтканда, жугуштуу ооруга чалдыккан киши дени соо кишилерге аралашпайт жана Аллахтын урухсаты менен жетиштүү толук дабалоо көрсөтүлөт. Дени соо киши болсо, жума жана жамаат намаздары үчүн мечитке барып, аралык сактабастан адаттагыдай намазды өтөйт.

Төртүнчү:

О.э. тоун таркаган убакта намаз окуп жатып, аралык сактоо оорулуу кишинин отуруп намаз окушу туурасындагы урухсатка кыяс кылынат деш туура эмес. Себеби, бул шаръий кыяс эмес. Кеп ушунда, оорулуу кишинин отуруп намаз окушу Аллах Субханаху тарабынан берилген урухсат. Т.а. оорусу себептүү анын үзүрү бар. Үзүрлөр болсо сабабга кирет, иллетке эмес. Шариятта үзүрлөр иллеттенбейт, балким, ар бир үзүр – ошол үзүр табыла турган өкүмдүн дал өзүнө үзүр болот. Ал ошол үзүр табыла турган хукм үчүн хос үзүр болот, башка өкүмдөр үчүн умумий үзүр болбойт. Демек, андан иллеттөө жагы түшүнүлбөйт. Ошондуктан да, отуруп намаз окууга кыяс кылынбайт. Себеби, сабаб – ошол пайда болушуна сабаб болгон нерсе үчүн хос сабаб жана бул башкага өтпөйт. Ошондуктан, ага кыясталбайт. Иллетте болсо мындай эмес. Анткени, иллет ошол иллет себептүү келип чыккан өкүмдүн өзүнө хос болбойт, балким башка өкүмгө да өтүп, ушул иллетке башкалары да кыясталат. Мындан белгилүү болгондой, ибадаттарда келген нерселер сабабдар, иллет эмес. Алар иллет эмес, балким, сабаб болгондуктан, ибадаттар тавкифий болуп эсептелет. Аларды иллеттеп да болбойт жана алар кыясталбайт да. Себеби, сабаб – ошол сабаб болгон нерсеге хос болот.

 Бешинчи:

Кийин, урухсат бул вазъий өкүмдөрдөн болуп, Шариънин пенделер амалдарына вазъ аркылуу тиешелүү болгон хытабы. Ырас, урухсаттын өзү Шариънин хытабы болгон соң, демек, ага далалат кылуучу шаръий далил болушу шарт. Мисал үчүн, оорулуу адамдын отуруп намаз окушу туурасында имам Бухарий өзүнүн «Сахих»инде Имран ибн Хиссин розияллоху анхудан риваят кылат: Менде гемморой оорусу бар эле. Ошондо Расулуллах ﷺдан кандай намаз окушумду сураган элем, ал зат мындай жооп берди:

«صَلِّ قَائِماً فَإِنْ لَمْ تَسْتَطِعْ فَقَاعِداً، فَإِنْ لَمْ تَسْتَطِعْ فَعَلَى جَنْبٍ»

«Тик туруп окуңуз, ага кудуреттүү болбосоңуз отуруп окуңуз, ага да кудуреттүү болбосоңуз жанбаштап окуңуз». Мына ушул урухсат т.а. шаръий далил менен келген үзүр. Үзүр экенине шаръий далил келген ар бир нерсе үзүр болуп эсептелет. Далили келбеген болсо, анын этибары жок жана ал таптакыр шаръий үзүр деп эсептелбейт. Ошондуктан, оорулуу киши башкалардан бир же эки метр аралык сактап намаз окуйт деген сөздүн далили жок. Демек, бул сөздүн эч кандай кадыр-кыйматы жок жана мындай деш жаиз эмес. Ко-ош, киши оорулу болбосо жана оорулуу болушу мүмкүн деп гана божомолдонуп жаткан болсо, анан кантип аралык сактап намаз окууга урухсат болсун?!

Алтынчы:

Жогоруда айткандарыбыздын тыянагы төмөндөгүдөй:

  • Расулуллах ﷺ намаз үчүн көрсөтүп берген жол-жоруктарды өзгөртүү бидъат болуп эсептелет. Тескерисинче, мындай абалда шаръий өкүм мындай, дени соо киши намазга барып, адаттагыдай сапты тегиз кылып, араны ачпастан окуйт, жугуштуу ооруга чалдыккан киши болсо, намазга барбайт жана башкаларга да жуктурбайт…
  • Эгерде мамлекет мечиттерди кулпулап коюп, дени соо адамдарды мечиттерден жума жана жамаат намаздарын өтөөдөн тоссо, ал катуу күнөөкөр болот. Себеби, ал жума жана жамаат намаздарын бекер кылды. Негизи, мечиттер Расулуллах ﷺ көрсөтүп бергендей ачык турушу керек.
  • О.э. мамлекет намазкөйлөрдү Расулуллах ﷺ көрсөтүп бергендей намазды өтөөдөн тоссо, балким «вирус жугушу коркунучу» деген шылтоо менен өз ара бир же эки метр аралык сактап намаз окууга мажбурласа, өзгөчө, эч кандай оору белгилери көрүнбөй жаткан болсо, мындай абалда мамлекеттер чоң күнөөнү жасап жаткан болушат.

Бул маселеде мен көбүрөөк туура деп билген шаръий хукм мына ушул, валлоху аълам ва ахкам. Мен Аллах Субханахудан мусулмандарга иштеринде рушд-хидаят беришин о.э. аларды Аллахка Ал Зат буюргандай ибадат кылууга, Расулуллах ﷺдын буйрук жана кайтарууларына баш ийүүгө, рошид Халифалыкты тикелөөө аркылуу ушул улуу шариятыбызды кымындай ообой колдонууга жетиштиришин сурап калам. Себеби, мында Аллахтын урухсаты менен жакшылык жана нусрат бар. Анткени, жер жүзү жана асмандагы эч бир нерсе Аллахты буга алсыз кыла албайт. Ал Зат кудуреттүү, хикматтуу.

Вассаламу алайкум ва рохматуллохи ва барокатух.

 

17-шаввал, 1441-х.

8-июнь, 2020-м.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here