Басма сөз баянаты Ислам дүйнөлүк өзгөрүүгө жетекчилик кылат

44
0

Басма сөз баянаты

Ислам дүйнөлүк өзгөрүүгө жетекчилик кылат

2019-жылы декабрь айында Кытайдын Ухань шаарында пайда болгон COVID-19 коронавирус эпидемиясынан улам капиталисттик мамлекеттердин финансылык, экономикалык жана саламаттыкты сактоо системасы кулады. Акимдердин айыбы ачылып, кризистерди жөндөөдө жөндөмсүздүгү ачыкталды. Бул илдет капиталисттик түзүмдүн жырткычтыгын жана жараксыздыгын көрсөттү. Коронавирус жана ушул сыяктуу башка илдеттер саламаттыкка тиешелүү проблема болуп, калктын саламаттыгына коркунуч туудурат о.э. диагноз коюуу жана дарылоо аракеттерин талап кылат. Капиталисттик мамлекеттердин ийгиликсиздиги медициналык чаралар көрүүдө жана дарылоодо кудуретсиз экендиктеринде гана эмес, аны менен бирге, ийгиликсиздик бул түзүмдү ойрон болуудан токтото калбай жатышканында. Алар капиталисттик түзүм социалдык, саламаттыкты сактоо, экономикалык, финансылык жана коопсуздук тармагын толук камсыздаганы менен мактанып келишет. Ооба, алардын алсыздыгы бул түзүмдү ойрон болуудан токтотуп кала албай жатышканында да көрүнүүдө. Ошондуктан, алар адамдарды эксплуатация кылууга жана канын сорууга негизделген капиталисттик түзүмдүн кулашынан кабатырланышууда. Өлүмдүн санын азайтуу же элдин ден соолугун сактоо жөнүндө таптакыр баш катырбай жатышат.

Дүйнөдө эң мыкты ооруканалары, өнүккөн лабараториялары, дары иштеп чыккан компаниялары, жылына саламаттыкты сактоо тармагына 3,6 триллион доллар сарпташы (анын 75%ы камсыздандыруу жана дары иштеп чыгуу секторуна бөлүнөт) менен мактанган эң улуу мамлекет саналган АКШ бул илдет астында алсыз болду. Анын саламаттыкты сактоо системасы кулады. Буга Италия, Испания, Британия жана Германияда жүз берип жаткан трагедияларды кошо турган болсок, аларда 75% ооруканаларда дарыгерлер жана мед айымдар жетишпей жатат. Ошентип, ушул өлкөлөрдөгү саламаттыкты сактоо системасы коронавирус пандемиясынан кийин кулоо коркунучуна жүз тутту. Ушул «өнүккөн» капиталисттик мамлекеттер эркиндик, демократия, адам укуктары сыяктуу ураандарынан баш тартууга мажбур болушууда. Акыйкатта болсо, ушул ураандар астында алардын саясаты жашырынган жана бул саясаттын акыбетинде алардын калкы гана эмес, бүткүл дүйнө азап тартууда. Алар бүгүн дүйнөнү каптаган бул балээ каршысында алсыз абалда турушат. Алар өздөрүнүн социалдык жана экономикалык түзүмдөрүн кулоодон токтото албай жатышат. Бир нече Батыш мамлекеттеринде тынчсыздануу натыйжасында адамдар куралданууну жана соода-сатык борборлорун талап-тоноону башташты. О.э. товарларды каракчылык жол менен тартып алышууда. Шек-күмөнсүз, бул нерселер өкүмдарлыктын жоголушуна жана жетекчилер өз кызматтарынан кетишине гана алып барбастан, бул түзүм толук өзгөрүшү менен аяктайт. Муну түшүнүп жаткан Батыштагы идеологдор коңгуроо кагышууда.

Эй мусулмандар!

Бул – бүткүл дүйнөнү курчап алган, континенттерге өкүмдарлык орноткон, адамдардын арасында коркуу жараткан, жерлерди басып алган, байлыктарды ээлеген, эзилген калктарга адилетсиз түзүмүн орноткон жана коомдорду бузукулукка батырган кафир колонизатор мамлекеттердин абалы. Бул – майда бир вирус алдында шал болуп калган АКШ мамлекетиндеги улуу күчтүн абалы. Силер кафир мамлекеттердин күчтүүлүгүн о.э. алардын армиялары, күчтүү экономикасы жана көздүн жоосун алган өнөр жайын көрдүңөр. Силер Түркия жана ага окшогон мамлекеттердин акимдери колонизатор мамлекеттер менен достошконун жана союздаш болгонун көрдүңөр. Алар ар бир маселеде колонизатор мамлекеттерден жардам алуу үчүн канчалык аракет кылганын көрдүңөр. Алар тест каражаттарын сатып алуу үчүн Кытайга шашышканын, ошол эле учурда, өз колундагы нерселерди Америкага жөнөтүп жатышканын көрдүңөр. Алар баскынчы яхудийлер о.э. Армения жана Англия сыяктуу кафир мамлекеттерге канчалаган жардамдарды жиберишкенин көрдүңөр. Акыйкатта болсо, алардын өз эли кыйналып жашашууда. Алар шаарларды жабууга жана үйдө калууга чакырып, иштер токтошу артынан пайда болгон натыйжаларды сүткордук кредиттер менен жабууну сунуштап жатышканын жана өз элин банктарга олжо кылып берип жатышканын көрдүңөр. Адамдарды өз муктаждыктарын, ижара акыларын жана каражаттарын ушул карыздардан төлөөгө чакырып жатышканын көрдүңөр.

Эй акимдер!

Пикирлебейсиңерби, сабак албайсыңарбы?! Эй бийлик жана таасир ээлери, эл аралык түзүм туш болгон саясий боштуктун алдында колонизатор Батыш мамлекеттери алсыз абалда турат, түпкү өзгөрүү жасоо үчүн убакыттан пайдаланбайсыңарбы? Качан акыл жүргүзөсүңөр, качан кеңешчилердин коркутууларынан кутуласыңар. Алар Батыштагы кожоюндары себептүү сокур болуп калышкан. Аллах Тааланын ушул сөзүнө кулак салуунун учуру келбедиби?!

﴿مَثَلُ ٱلَّذِينَ ٱتَّخَذُواْ مِن دُونِ ٱللَّهِ أَوْلِيَآءَ كَمَثَلِ ٱلْعَنكَبُوتِ ٱتَّخَذَتْ بَيْتاً وَإِنَّ أَوْهَنَ ٱلْبُيُوتِ لَبَيْتُ ٱلْعَنكَبُوتِ لَوْ كَانُواْ يَعْلَمُونَ﴾

«Аллахтан өзгө «досторду» тутунган кишилер кудум үй куруп алып (ошол үйүнөн жардам издеген) жөргөмүшкө окшойт. Албетте үйлөрдүн эң начары жөргөмүштүн уясы. Эгерде алар билишкенде»                                                                                                                 [29:41]

Эй мусулмандар!

Колонизатор капитализмдин жараксыздыгы ачыкталды, айыптары көрүнүп калды. Анын зомбулугуна жана ырайымсыздыгына далилдер толуп ташат, кулоо алдында турган жетекчилердин ач көздүгү баарына ачык-айкын. Бүгүн дүйнө өзгөрүү жараянында бара жатат жана ал үчүн Исламдан башка альтернатива жок. Силер бул жөнүндө күмөн кылбасаңар да болот. Эй мусулмандар, абал ушундай болгон соң, исламий жашоону кайрадан баштоого даярсыңарбы? Пайгамбарыбыз ﷺ сахабалары розияллаху анхумдарга калтырган рошид Халифалык мамлекетин тикелөө үчүн Хизб-ут-Тахрир менен бирге аракет кылууга даярсыңарбы? Силер тарыхты жазууга, Ислам жолунда жаныңарды берүүгө, дүйнөнү куфр караңгылыгынан Ислам нуруна алып чыгууга о.э. Ислам адилетинде, бейпилдигинде жана кадыржамдыгында жашоого даярсыңарбы?

﴿لِمِثْلِ هَذَا فَلْيَعْمَلِ الْعَامِلُونَ﴾

«Амал кылуучулар мына ушул үчүн амал кылышсын!»                                             [37:61]

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here