Өзгөчө абал режими алынат, бирок карантиндик посттор иштей берет

254
0

Өзгөчө абал режими алынат, бирок карантиндик посттор иштей берет

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларына жана Ат-Башы районуна киргизилген өзгөчө абал режими 11-майда алынат. Ал эми жалпы өлкө боюнча өзгөчө кырдаал режими кала берет.

  Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев  республикалык штабдын 10-майдагы жыйынында: “Санитардык-карантиндик посттор эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин иштей берет. Бир облустан экинчисине өтүү боюнча киргизилген чектөө күчүндө калат, көзөмөл күчөтүлөт. Ошол эле учурда Бишкек жана Ош шаарларында, Нарын облусунун Ат-Башы районунда жана Жалал-Абад облусундагы Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында эпидемиологиялык кырдаалдын оордугуна байланыштуу карантин киргизилет” – деди.

Ал эми вице-премьер-министр Кубатбек Боронов болсо, эгер коронавирустун жайылышы күчөп, кырдаал курчуса өзгөчө абал режими кайрадан киргизиле тургандыгын билдирди.

 Комментарий: Кыргызстан өкмөтү да, дүйнөдөгү бардык мамлекеттер сыяктуу эле, коронавирус пандемиясынан өз кызыкчылыгы жолунда пайдаланып калууга аракет кылууда.Т.а. кыргыз бийлиги пандемияны артынан шайлоонун алдында саясий абалды көзөмөлдөп туруу жана эл аралык уюмдардын көңүлүн буруп, алардан жардам алуу максаттарын ишке ашырып жатышат.

 Кыргыз бийлиги өлкөдө өзгөчө абал жарыялагандан кийин дүйнөлүк уюмдардын дээрлик бардыгынан жардам сурап чыкты. Жээнбеков Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы, Дүйнөлүк банк, Европа Союзу, Азия өнүктүрүү банкы жана Эл аралык валюта фондунан жардам сурады. Эл аралык валюта фонду 31-мартта Кыргызстанга 120,85 млн. доллар карыз берген болсо, 8-май дагы 121,1 миллион доллар карыз бере турган болду. Ушул аркылуу кыргыз бийлиги бир тараптан мамлекеттик бюджеттеги дефицитти жапмакчы болсо, башка тараптан күздө өтүүчү парламенттик шайлоого чейин саясий абалды тизгиндеп турмакчы болууда.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here