Өзбекстан киносу Батыштын бузук сакофатын жаймакчы

904
0

Өзбекстан киносу Батыштын бузук сакофатын жаймакчы

Өзбекстандык режиссёр Сарвар Каримов Чыңгыз Айтматовдун «Кызыл жоолук делбирим» повестинин негизинде фильм тарткан. «Milliy TV» телеканалы болсо, фильмдин каармандары өбүшүп жаткан жерин жана башка уяттуу жайларын кыркып салган. Ошондуктан, эми режиссёр «Milliy TV» телеканалын сотко берүү тууралуу юристтер менен кеңешип жаткан кези. Бул тууралуу «Азаттык» радиосу кабар таркатты.

“Азаттык” бул кабар менен өзбек телеканалдарындагы кызматкерлер радикалдуу көз карашты карманаарын чагылдырууга да аракет кылды. Түпкүлүгүндө, бул кайчы пикир өзбек калкынын Исламдан мурас калган менталитети менен Батыштын бузуку сакофатынын кагылышуусу болуп эсептелет. Анткени, Батыш сакофаты аялдар укугун шылтоо кылып, аларды фильмдерде уятсыз ролдорду аткарууга мажбурлап, аны сүрөттөргө түшүрөт. Алар, аялдын бир эркекке тиешелүү болушун аялга карата зулум деп эсептешет. Мунун каршысында, Ислам аялга “жат адамдардан корголушу керек болгон ар-намыс” деп карайт. Ушундан келип чыгып, аялдары, кыздары жана энелерин коомчулукка жылаңач алып чыгууга, жат эркектер менен өбүшүү түгүл, ээн калуусуна жол бербейт. Ошондуктан, Батыш дүйнөкарашы Исламдан калган баалуулукту сындырып, анын ордуна Батыш дүйнөкарашынан келип чыккан бузукулукту жайылтууга аракет кылып келет. Бул үчүн Ислам баалуулугун карманган тараптын баарына эскичил, радикал, экстремист жалаалары жабылууда. Демек, биз мусулмандар, исламий баалуулуктарыбызды, ар-намысыбызды, ыйманыбызды о.э. коомдогу арам элементтерге карата ээлеген шаръий позицияларыбызды күчөтүүбүз шарт! Ушундан келип чыгып, өлкөбүзгө кирип келе жаткан “эркиндик”, уятсыздык түшүнүктөрүнө мүмкүн болушунча каршы туралы. Биздин диний баалуулуктарыбызга шек келтиришине жол бербейли. Анткени куфр тарапта болгону кубат жана акча гана бар! Биз тарапта болсо, Жаратуучубуз бар, Ага болгон ыйманыбыз бар! Ал Зат өз ишинде үстөм жана куфрдун үстөм болушуна эч качан жол бербейт.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here