Бишкекте Евро Биримдик-Борбор Азия экономикалык форуму өтөт

20
0

Бишкекте Евро Биримдик-Борбор Азия экономикалык форуму өтөт

12-февралда Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Европа Биримдигинин Тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррель менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда ЕБ-БА Биринчи экономикалык форумун Бишкек шаарында өткөрүү маселелери талкууланды. Жозеп Боррель өз сөзүндө Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча жаңы стратегиясын ишке ашыруунун алкагында бул форумдун өзгөчө маанилүүлүгүн белгиледи.

Белгилей кетсек, Евро Биримдик өткөн жылы 15-майда Борбор Азияга карата жаңы стратегиясын жарыялаган. Стратегияда адам укугу, сөз эркиндиги, инвестиция жана соода тармагында кызматташуу маселелери камтылган. Түпкүлүгүндө, Европа башка мамлекеттерге өз таасирин жаюуда дал ушул тармактардан пайдаланат. Орун-очок алган соң, мамлекет байлыктарын ташып кетүүнү көздөйт.

Европанын мындай аракети өз кезегинде Орусиянын тынчын алууда. Тагыраагы, Европа Орто Азияга карата стратегиясын жарыялагандан көп өтпөй эле, Орусия өзүнүн позициясын билдирип, Европаны Орто Азиянын кабыл алган чечимдерин сыйлоого чакырган. Анткени, Орусия бул аймакты өз ээлиги катары карайт. Аны ар дайым көз каранды абалда кармап тургусу келет. Ушул максатта өзү лидерлик кылган КМШ, ЖККУ, ШКУ, ЕАЭБ уюмдарын майнаптуу пайдаланып келүүдө.

Тыянактап айтканда, Орто Азияда АКШ, Орусия, Кытай менен бирге, эми Евро Биримдик да таасир талашуу жараянына кирип келе баштады. Ушундан улам, Кыргызстан мына ушул колонизатор мамлекеттердин талашы астында күн кечирип жатат. Ошондуктан да, эл колонизаторлордун куурчагына айланган позиция-оппозиция өкүлдөрүнүн дээрлик бардыгына карата ишенимдерин жоготкон. Андыктан, мусулмандар жогорудагы колонизаторлордун ар кандай тузактарына түшпөстөн, ыйманий чөйрөнү сактап калууга аракет кылышы шарт. Ал эми, мусулмандар жамааты болсо, исламий чөйрөнү таза сактап калуусу зарыл. Мына ушул эки иш менен коомдо исламий пикирлер, туйгулар, мыйзамдар орношуна салым кошуп, сак-саламат, туура жолдогу исламий коом кура алабыз. Аллахым бизди ушул туура коомду куруучулардан кылсын!        

Мумтаз Маверанахрий

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here