Сирия конституциялык комитетинин биринчи жыйыны болуп өтүүдө

411
0

Сирия конституциялык комитетинин биринчи жыйыны болуп өтүүдө

Женевада болуп өткөн Сирия конституциялык комитетинин биринчи жыйыны БУУнун Сирия боюнча атайын өкүлү Гир О.  Педерсендин төрагалыгында ишин баштады.

Педерсен бул жыйынга Сирия режими жана оппозициясынан тышкары түрдүү диндердин өкүлдөрү  жана аймактардан келген 50 адамдык жарандык коомдун мүчөлөрү катышкандыгын жогору баалады.

“Режим жана оппозиция мүчөлөрү бул жерде бетме-бет отурушат. Бул тарыхий ирмем”, “Комитет кээ бир принциптер негизинде топтолууда. Бул принциптер БУУнун уставдары,  Коопсуздук Кеңешинин токтомдору, Сириянын биримдиги, аймактык бүтүндүгү жана суверенитетинен турат”, – деди Педерсен.

Комитеттин теңтөрагасы Хади ал Бахра ушул кезге чейин сүйлөшүүлөр натыйжа бербегени Сирия калкын үмүтсүздүккө түшүргөндүгүн белгиледи.

“Бүгүн биз мурда жетишпеген нерселерге жетишүү үмүтүндө бул жерге топтолдук”, – деди Бахра.

Конституциялык комитеттин теңтөрагасы жана Сирия өкмөтүнүн өкүлү Ахмад Кизбари болсо: “Биз ар бир тамчы канга ишенимдүү калып, калкыбыздын үмүттөрүн ишке ашырабыз”, – деди. О.э. Астана жолугушуусунун катышуучуларына т.а. Россия, Түркия жана Иран мамлекеттерине ыраазылык билдирди.

Конституциялык комитеттин жыйыны 150 адамдын катышуусунда бир аптага созулары күтүлүүдө.

Комментарий: Сирия конституциясын иштеп чыгууда негизинен аны кабыл алуу милдети жүктөлө турган комиссияны тандоого көңүл бурулду. Аталган комиссиянын мүчөлөрү 50 адам режим өкүлдөрүнөн, 50 адам оппозициядан жана дагы 50 адам карапайым калктын өкүлдөрүнөн түзүлгөнү айтылууда. Бул 150 сириялык тарабынан жаңы иштелип чыгып жатканы айтылып жаткан конституция Батыш мамлекеттеринин кызыкчылыктарына, эң оболу Америка кызыкчылыгына кызмат кылары табигый. Бул конституция Сирия калкынын атынан иштелип чыгып жатканы айтылса да, бирок, буга Сирия калкынын эч кандай тиешеси жок. Анткени, Сирия калкы конституция катары Шарияттан башкасын моюнга албай жатканына дүйнө жүзү күбө болуп турат. Негизи, баскынчы күчтөрдүн Сирия калкын кыргын кылышынын себеби да мына ушунда. Муну дилилдөөнүн кажети жок.

Эмнеси болгондо да конституция Американын көрсөтмөлөрүнө ылайык даярдалат жана аны кабыл алууга калкты мажбурлайт. Ушунча жылдан бери элдин башына кыйынчылыктар түшкөнүнө карабастан, бул маселеде эл менен кеңешилбейт жана конституция Батыштын каалоосуна ылайык даярдалат.

Мунун себеби, элдин атынан жыйынга катышып жаткандардын мабдада бекем турбастыгы, саясий максатта берилген акчаларга алданышы жана эң маанилүүсү максатынын анык эместиги, алардагы кыянаттын көптүгү жана башкалар.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here