Жогорку Кеңеште диний уюмдар жөнүндө мыйзам талкууланды

394
0

Жогорку Кеңеште диний уюмдар жөнүндө мыйзам талкууланды

Жогорку Кеӊеште “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Бул мыйзамдын иштелип чыгуусуна “Жахабалар күбөлөрү” сектасынын Конституциялык палатаны мыйзамда каралган «диний уюмду түзүүдө жергиликтүү кеңештер менен 200 адамдын тизмесин макулдашуу керек» деген норма «Баш мыйзамга туура келбейт» деп утуп алуусу түрткү болгон. Ошондон улам, мыйзамдын 10-беренесиндеги «жергиликтүү кеңеш менен макулдашылган» деген сөздөрдү алып салуу сунушталууда.

Бүгүнкү күндө мусулмандар көпчүлүктү түзгөн Кыргызстандагы мыйзамдар мусулмандарды кысымга алууда гана иштеп, чет элдик миссионерлер тарабынан каржыланып, уюшулган “Жахабалар күбөлөрү” сыяктуу акыйдасы бузук уюмдардын ээн-эркин иш алып баруусуна шарт түзүп берет. Алардын укуктары корголуп, а түгүл соттор өз алсыздыгын көргөзөт. Ошол эле соттор “даъватчы” бир туугандарыбыздын ишмердүүлүгүнө тыюу салуу ишин ашыгып кылышат. Анткени, бүгүнкү Үммөт Пайгамбарыбыз с.а.в башарат бергендей, туш тараптан асылган душмандардын талоонунда калды. Албетте, мындай абалдан өз динибизде бекем туруу жана үммөткө акыйкатты жеткирүү менен гана чыга алабыз.  

Пайгамбарыбыз с.а.в айтты: «Жеп тойгус жаныбарлар өз табагына жутунганы сыяктуу жакында улуттар бардык тараптан силерге жутунушат, деди. Ошондо сахабалар: Я Расулуллах, ошол кезде саныбыз аз болгондон ушундай болобу? – деп сурашты. Ал зат: Силер ал кезде көп болосуңар. Бирок селдин көбүгү сыяктуу болосуңар. Аллах душманыңардын жүрөгүнөн силерден коркууну алып коёт, силердин жүрөгүңөргө болсо вахнды салып коёт, деди. Ошондо: Вахн эмне? — деп суралганда, Ал зат: Дүйнөнү жакшы көрүү, өлүмдү жаман көрүү» деп жооп берди (Абу Давуд риваяты).

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here