Илманийлер менен исламчылар кай жерде туш болушат?

493
0

Илманийлер менен исламчылар кай жерде туш болушат?

Уммат перзенттери арасында түрдүү хизб-партиялар бар. Кээ бирөөлөрү диний багытты кабыл алган, кээ бирөөлөрү илманий (динсиз) багытты кабыл алган. Умматтын итикадына жана динине ыклас койгондуктан, диний партиялардын болушу табигый. Бирок, дүйнөдө илманий идеологиянын көптүгү жана өкүмдарлыгы себептүү илманий партиялардын Уммат перзенттери арасында болот. Диний партиялар динге негизделген, мунун тескериси катары, илманий партиялар динсиздикке негизделген болуп, илманийлик идеологиясы үстүнө курулган. Илманийлик динди бөлүүнү түшүндүрөт. Т.а. мамлекеттик мекемелерде да, адамдардын турмушу тартипке салынышында да динге орун жок болот. Балким, илманийликте дин адамдын Роббиси менен болгон алакасына гана чектелет. Ошондуктан, илманий партиялар улутчулдук, мекенчилдик, демократия сыяктуу Исламга алакасы жок негиздер үстүнө курулат. Диний партиялар болсо, алар динге негизделет т.а. дин турмуштук жол, бардык турмуштук иштерде жана мамлекеттик мекемелерде динге амал кылынышы керек деген этибарда динге негизделет.

Бул илманий партияларга жетекчилик кылып жаткандардын көпчүлүгү мусулмандар. Ошондуктан, илманийлик ушул партия мүчөлөрүндөгү динге сезилээрлик таасир кылган. Илманий мафкура дүйнөгө өкүмдар мафкура болгондуктан, исламий партиялар түрдүү даражада илманий пикирлерден таасирленген. Мисалы, айрым исламий партиялар улутчулдукка, же мекенчилдикке, же болбосо демократияга даъват кылып жатышканына күбө болуп жатабыз. Алар бул нерселерди Исламдан же Исламга тескери келбейт деп эсептешкени үчүн даъват кылып жатышат. О.э. диний жана илманий партиялар ортосунда жолугушуулар болуп жатканы, алар пикирлерин өз ара жакындаштырууга, бардыгы мусулман болгону үчүн бирдей аракет кылууга жана ушул пикирлердин кызыкчылыгы үчүн аракет кылууга чакырып жатышканы күзөтүлүүдө.

Исламий кыймылга назар салган киши анын негизи Ислам т.а. Ислам акыйдасы жана андан алынган өкүмдөр, анын үстүнө курулган пикирлер экенине күбө болот. Себеби, Ислам инсандын турмуштагы бардык мамилелерин өз ичине алган жетик түзүм. Мисалы, Ислам азык-оокат, кийим-кече сыяктуу инсандын өзү менен болгон мамилелерин, акыйда жана ибадаттар сыяктуу Роббиси менен болгон мамилелерин, мамиле жана жаза сыяктуу башка адамдар менен болгон мамилелерин өз ичине алган түзүм. Ислам турмуштун ар бир бурчун өзүндө камтыган болуп, турмуш үчүн жетик жол. Ислам акыйдасы Ислам өкүмдөрү жана пикирлери үчүн жалгыз булак. Ушул жактан алганда, Куръан менен сүннөт мыйзамчылыктын булагы. Куръан менен сүннөт жана сахабалар ижмасы, шаръий кыяс да шаръий далил. Мусулмандар бардык турмуштук иштеринде ушул булактарга кайрылууга, алардан башка булакка эч качан амал кылбоого буйрулушкан. Бул туурасында Аллах Таала мындай дейт:

﴿وَمَا آتَاكُمُ الرَّسُولُ فَخُذُوهُ وَمَا نَهَاكُمْ عَنْهُ فَانْتَهُوا﴾

«Расулуллах силерге тартуу кылган нерсени алгыла, ал силерди кайтарган нерседен кайткыла жана Аллахтан корккула, албетте Аллахтын жазасы катуу»                    [59:7]

Ушул аятта Аллах Субханаху мыйзамчылыкты Пайгамбар алайхиссалам алып келген нерселерге чектеди, бизди ал зат тартуу кылган нерседен башка нерселерди алуудан кайтарды. Муну менен бүткүл Уммат, өзгөчө, партиялар Мухаммад мустафа ﷺ берген нерселерге амал кылууга, ар кандай себеп, же актануу, же болбосо шылтоо болсо да, андан башкасына амал кылбоого буйрулганы келип чыгат. Исламий партиялар бардык аракеттеринде Исламды булак кылып алууга, Расулуллах ﷺдын тарыйкатын турмуш жолу кылып алууга буйрулушкан. Ибн Масъуд G риваят кылат: «Расулуллах ﷺ колу менен сызык сызып: «Бул Аллахтын туура жолу», – деди. Кийин сызыктын оң жана сол тарабына бир нече сызык сызып: «Бул жолдор Шайтандын жолдору, андан башка жолдор болушу таптакыр мүмкүн эмес», – деп, ушул аятты тилават кылды:

﴿وَأَنَّ هَذَا صِرَاطِي مُسْتَقِيمًا فَاتَّبِعُوهُ وَلاَ تَتَّبِعُوا السُّبُلَ فَتَفَرَّقَ بِكُمْ عَنْ سَبِيلِهِ﴾

«Албетте ушул Менин Туура Жолум. Демек, ушул жолго ээрчигиле, (башка) жолдорго ээрчибегиле, алар силерди Анын жолунан үзүп коёт, балким таква кылаарсыңар, деп силерди мына ушул нерселерге буюрду»                                                                                   [6:153]»

Ушуга ылайык, исламий партиялар бир гана Ислам негизинде түзүлүшү, нажат жолуна карай аракетте Исламга негизделүүлөрү лазым. Ислам гана булак, анда жасакерленүү да, эки жүздүүлүк да болбойт, бул акыйкат, Исламга анык далил негизинде амал кылган ар бир киши үчүн ачык-айкын белгилүү.

Илманийлик – бул динди турмуштан бөлүү. Ал диндин мекени ибадат кылына турган жерлерде деп билет. Илманийликтин келип чыгышын үйрөнгөн киши ушуга күбө болот, ал Европада пайда болгон. Ал жерде пайда болушуна себеп – чиркөө адамдар жашоосуна өкүмдарлык кылып, падышалар жана акимдер адамдарга зулум кылышкан, динге жамынып жер жүзүндө бузгунчулук жайышкан. Мына ошондо динсиздикке чакыргандар пайда болду. Алар диндли турмуштан четтетүү керек, адамдар туш болгон бардык балээ жана зулумдар ушул дин себептүү болууда деп үгүттөштү. Алар динди турмуштан бөлүүгө тынымсыз чакырып, акыры, түзүмдү өзгөртүүгө жетишишти. Бул алгач Франция козголоң, кийин Европада арты-артынан болгон козголоң жана ыңкылаптар натыйжасында ишке ашты. Илманийлик идеологиясы жеңишке жетишип, динди Европа турмушунан жок кылды, ал жердеги башкарууну демократиялык түзүм алып бара турган болду. Ошентип, Европа мамлекеттери динди турмуштан бөлүү идеологиясын кабыл алышты жана аны бүткүл дүйнөгө жеткиришти. Европа мамлекеттеринин ушундай жеңишке жетишүүсү жана көпчүлүк дүйнө мамлекеттерин колония кылуулары акыбетинде, турмушта белгилүү мафкура илманийлик болуп калды. Мусулман өлкөлөрүндө демократиянын колдонулушу жана бийликке илманийлер келиши акыбетинде, көптөгөн мусулман өлкөлөрүндө илманий партиялар пайда болду.

Булар Исламий партиялар менен илманий партиялардын негизи жөнүндө кыскача назария. Ушул назарияга ылайык, исламий партия менен илманий партия ортосунда үлкөн айырма бар экендиги маалым болууда. Исламий партиялардын негизи – Ислам. Илманий партиялардын негизи болсо, динди турмуштан бөлүү. Кээ бир үстүртөн пикирлеген кишилер максаттардын биримдиги же жалпы кызыкчылыктар деген этибарда, улуттук кызыкчылыктар исламий жана илманий партияларды өз ара жакындашып, бирдей аракет кылууга үндөйт дешет. Бул туура эмес. Себеби, исламий максаттар эч качан илманий кызыкчылыктар менен туш болбойт, анын кызыкчылыктары илманий кызыкчылык менен таптакыр бир болбойт. Исламий кызыкчылыктар исламий акыйдадан алынышы керек, Исламда этибарга алынган кызыкчылык бул акыл белгилеген кызыкчылык эмес, шарият белгилеген кызыкчылык. Илманий партияларда болсо башкача. Алар өз максаттарын динден алыс түрдө белгилешет, кызыкчылыктарга жана мыйзамдарга акылды негиз кылышат. Ушул көз караштан алып катъий айта алабыз, исламийлер менен илманийлер эч качан туш болушпайт. Илманийлердин даъваты адаштыруудан башка нерсе эмес. Исламийлердин даъваты Исламдан тайылуу, Расулуллах ﷺ калтырган ачык-айкын жолдон адашуу. Мусулмандар ушул акыйкатты түшүнүп жетишеби?!

﴿وَأَسِرُّوا قَولَكُم أَوِ ٱجهَرُوا بِهِ إِنَّهُۥ عَلِیمُ بِذَاتِ ٱلصُّدُورِ + أَلَا یَعلَمُ مَن خَلَقَ وَهُوَ ٱللَّطِیفُ ٱلخَبِیرُ﴾

«Силер сөздөрүңөрдү жашыргыла же ашкере кылгыла, Ал дилдердеги сырларды билүүчү. Жаратган Зат (Өзү жоктон бар кылган нерселерди) билбейби?! Ал мээримдүү жана кабардар Зат»                                                                                                                                       

                                                                                                                            [67:13-14]

Роя гезити

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here