Араб Мамлекеттеринин Лигасы колонизаторлордун колундагы жараксыз абалга келген куурчак

413
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيم

Араб Мамлекеттеринин Лигасы колонизаторлордун колундагы жараксыз абалга келген куурчак

Устаз Мухаммаднасир Шувайха

Хизб-ут-Тахрир–Тунис вилаятынын маалымат бөлүмүнүн төрагасы

Араб Мамлекеттеринин Лигасын түзүү тууралуу пикир колониялык пикирлери ичиндеги эң ыпласы жана эң кооптуусу. Бул Лига өткөн кылымдын кыркынчы жылдары Британия тышкы иштер министри Энтони Иден тарабынан түзүлдү. Кийин Халифалыктын кайра тикеленишин алдын алуу максатында колонизатор тикелеген алсыз мамлекетчелерге таасир кылуу үчүн Лигага Америка таасири жарып кирди. Ушул себептен улам, бул уюм колонизатор эмнени талап кылса аткара турган куурчактан башка нерсе болбоду. Лига түзүлгөндөн бери чыгарган бардык токтомдору Фалестинадан баш тартуу жана яхудийлердин кызыкчылыгына кызмат кылуу болду, Иракты ойрон кылууну актады, канкор Башар Асадга катардагы адамдарды көбүрөөк кыргын кылышы үчүн мөөнөт артынан мөөнөт берди, Мисир фиръавнынын кыргынына көз жумду, Фарс Булуңунун мамлекеттери яхудий вужуду менен мамилелерди нормалдаштырууга аракеткылып жатса, бул Лига көзүн жумуп, кулагын жаап алды.

Тунисте 2019-жылы 31-март күнү болуп өткөн Араб Мамлекеттеринин Лигасынын кезектеги отузунчу саммити да кыянат жаатында мурдагы саммиттерден калышпады. Фалестина маселеси жана анын финансылык кризиси, Сирия кризиси, Ливия жана Ямандагы абал, Ирандын араб мамлекеттеринин иштерине аралашып жатканы… сыяктуу кайра эле ошол тамтыгы чыккан эски күн тартиби боюнча сөз сүйлөштү. Саммиттин корутунду токтомдорун жалпы «улуу» ураандарга окшотуу мүмкүн:

Араб мамлекеттеринин акимдери Фалестина маселесин биздин көңүл борборубузда деп келишкен жана бул ирет саммитте да ошол эски жалгандарын ташташкан жок. Мисалы: «Фалестина маселеси көңүл борборунда», «Фалестина мамлекетинин борбору болгон Чыгыш Куддустун арабий өздүгү» деген сыяктуу жалган сөздөр айтылды. Басып алынган Фалестина жери толук кайтарып алынышы шарт деген нерсе эми алардын назарында арзыбаган экинчи даражалуу маселеге айланып калды. Ал тургай, алар Фалестина маселесин качкындар жана алардын мекенге кайтышы проблемасы сыяктуу гуманитардык маселе деп билип болуп калышты. О.э. бул маселе яхудий вужуду тоңдуруп, фалестиналыктарга жетип келишине тоскоолдук кылып жаткан каражаттар маселесине айланды. Бул жер басып алынганы жана яхудийлештирилип жатканы болсо эскирип-унутулган маселе болуп калды. Бул араб мамлекеттеринин акимдери өз армияларын Фалестинага жолдоп, аны азат кылуу, яхудий вужудун түп-тамыры менен кулатып жок кылуунун ордуна, яхудий вужуду менен мамилелерди нормалдаштыруу туурасында бири-бири менен жарышууда. Мисалы, бир эле 2018-жылдын өзүндө Катар борбору Дохада, Абу Дабиде жана Марокко борбору Рабатта яхудийлердин мамлекеттик гимни жаңырды… Оман султандыгынын өкүмдары яхудий вужудунун премьер-министри Нетаньяхуну шаңдуу күтүп алды.

Американын Жулан дөңсөөсүн яхудийлерге берүү токтомуна карата Араб Мамлекеттеринин Лигасы «АКШ Жуланды «Израиль» көзөмөлүнө өткөрүү токтомуна нааразыбыз» деп чыгарган токтомуна келсек, бул болгону тил учунда гана айтылган сөз. Бул Лига 2018-жылы 15-апрелде өткөргөн саммитинде да көпчүлүк акимдер АКШ өз элчиканасын Куддуска көчүрүшүнө нааразылык билдиришкен. Бирок, 2019-жылы 13-14-күндөрү Варшавада болуп өткөн саммитте Америка чакырыгына ким озорго «лаббей» дешти. Бул Американын Жакынкы Чыгышта Иран коркунучуна каршы күрөшүү деген жалган чакырыгы болуп эсептелет. Ушул саммитте араб мамлекеттеринин акимдери Биньямин Нетаньяху менен бир столдо отурушту.

Саммит токтомдорунун биринде «Ирандын араб мамлекеттеринин иштерине аралашуусуна ыраазы болбоо, Ирандын региондогу коопсуздукту бузуу жана мазхабчылык, тайпачылык жаңжалдарын чыгарууга каратылган душмандык аракеттерин каралоо» делген. Бирок, Америка, Европа жана Россиянын башка өлкөлөргө аралашуусуна бул акимдер унчукпастан сүкүт сакташууда. Жада калса, алар «экстремизм жана терроризмге каршы күрөш» деп айтылган, түпкүлүгүндө Ислам Умматына каршы күрөшүү жана Уммат Ислам мамлекетин кайра тикелешин алдын алууга багытталган Америка планына ачыктан-ачык кошулушканына күбө болуп жатабыз. Ушуга ылайык, бул акимдер айрым мусулман жамааттардын исламий жүзүн бузуп көрсөтүү менен Америкага жардамдарын абай жатышат.

Акимдер өзүлөрүн «терроризм жана зомбулук, адам укуктары бузулушу, Мьянмадагы рохинжа мусулмандарына карата адам укуктарынын бузулушун» каралап жатышкандай көрсөтүштү. Түпкүлүгүндө, Мьянмада аялдар, наристелер жана кары-картаңдар көз жаш төгүп, кыргындан куткарууну сурап жатканда бул акимдер каралоо менен чектелип жатышат, мусулман армияларды казармаларда бекем кармап, Мьянмадагы кылмыштарды токтотуу үчүн бир даана ок атылышына жол бербей жатышат. Бирок, Америка буйруганда бул армиялардын учактары абага көтөрүлүп, Ямандагы мусулмандарга бомба жаадырууда. Саммитте акимдер Чыгыш Түркстандагы мусулмандар кафир Кытайдын колунда азап-кыйынчылыктарды чекип жатышканы жөнүндө унчугушпады, кудум бул иштин аларга алакасы жоктой.

Кыскасы, араб мамлекеттери акимдеринин жолугушуусу кудум болбогондой, андан да жаман өттү. Себеби, алар мусулмандардын бардык маселелерин колонизатор кафирдин колуна тапшырып коюшту. Кафир бул маселелерди каалаган тарабына тартат, араб акимдери болсо ага кулак салып, итаат кылууда, колонизатор мамлекеттер кабыл алган токтомдорду шексиз аткарууну улантышууда.

Араб Мамлекеттеринин Лигасынын Тунис жолугушуусу колонизатор кафир Халифалык мамлекетин кулаткандан кийин зордоп орноткон режимдер дагы эле өкүм жүргүзүп жатканынан кабар берет. Бул жолугушууда бийликтеги адамдар Умматтын козголоңу ийгиликсиз экенин далилдөө максатында топтолушту. Ушул жактан алганда, бул саммит араб мамлекеттеринин расмий режимдерин тикелеген колонизатор кафир үчүн маанилүү. Себеби, бул расмий режимдер Уммат козголоңун таркатып жиберүүнү каалайт, бул козголоң айрым араб мамлекеттеринин проблемасы гана, аны араб мамлекеттери өз ара келишип чечип алуулары керек деп билет.

Бирок, мунун тушунда…

Мунун тушунда, мусулман калктар араб мамлекеттери күчсүз зыянкеч мамлекеттер экенин, ал жердеги акимдер иш ээлери эмес экенин, тескерисинче, алар колонизаторлордон да кооптуу душмандар экенин түшүнүшүүдө. Ошондуктан, мусулмандар 2011-жылдан баштап бул акимдерге каршы козголушту. Козголоң биринчи Тунистен башталып жалындады, кийин башка араб мамлекеттерине жайылды. Козголоң дагы эле уланууда. Бул козголоңду душман канчалык багытынан буруп адаштырууга урунбасын, жашыруун эмес, ачык-ашкере ага каршы тил бириктирбесин, козголоң уланууда. Мына, бүгүн Судан жана Алжирде болуп, мусулман калк режимди түп-тамыр менен жок кылууну талап кылууда жана альтернатива түзүмгө, калыс аң-сезимдүү жетекчиликке умтулушууда. Шек-күмөнсүз, бирден-бир альтернатива – Ислам түзүмү. Себеби, исламий жана арабий өлкөлөрдөгү бул калктардын жүрөгүнө акыйда болуп Ислам жайгашкан. Исламий өлкөлөрдө козголгон калк Исламдын колдонулушуна ынтызар. Өлкө майданында Хизб-ут-Тахрирден башка калыстыкты да, аң-сезимди да жамдаган жетекчилик калбады. Хизб бул өлкөлөрдө иш алып барып, козголоңго жол көрсөтүүдө, анын туура жолуна т.а. колонизатордун режимдерин жана малайларын кулатуу аркылуу Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетин тикелөөгө жолдоодо.

Аткаруу керек болгон эмне калды?!

Калыс күч-кубат ээлери режимди кулатуу үчүн козголгон калк менен биригиши гана калды. Ушул күч-кубат ээлери өлкөнү, адамдарды колонизаторго саткан акимдерге моюн сунууну токтотуп, аң-сезимдүү жана калыс Хизб-ут-Тахрирге нусрат бериши гана калды. Ал Хизб жана Уммат сабына өтсө гана колонизатордон кутулуу мүмкүн. Кийин Расулуллах ﷺ башарат кылгандай, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык тикеленет.

Роя гезити

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here