Кызмат мөөнөтү бүткөндө сый акы алуу

56
0

Суроо-жооб: 
Кызмат мөөнөтү бүткөндө сый акы алуу
Суроо: 
Ассаламу алейкум, Аллах сизге тифик жана нусратын берсин.
Мүмкүн сиздин иштериңиз көп болсо керек. Аллах сизге жардам берсин. Мен суроомо жооп алууга муктажмын.
Көп жылдар бою өз ишин дыкат аткарып, ишине шалакылык кылбаган адам кызматы бүтөөр мөөнөтүндө жумуш берүүчүдөн сый акы талап кылуусунун шаръий өкүмү кандай?
Башкача айтканда, учурда иштеп жаткан азыркы мыйзамдарда каралган кызматчы кызмат мөөнөтү аяктаганда сый акы алуусу шаръий жактан туурабы? Жумуш берүүчү бул сый акыны кызмат кылган адамга берүүнү четке кагуусу анын акысын жеген жана арам иш кылган болуп саналабы?
Маалым болгондой, азыркы иштеп жаткан мыйзамда каралгандай, беш жылдан кем эмес иштеген кызматкердин айлыгынын үчтөн бири ар жылы ага сый акы катары берилиши керек. 5-10 жылдан кем эмес кызмат өтөгөн адамга айлыгынын үчтөн экиси ар бир жылына сый акы катары каралган. 10 жылдан ашык иштеген адамга толук бир айлыгы ар бир жылына сый акы катары каралган.
Аллах сизге берекесин берсин. Зарыл болгондуктан жоопту тездетип берүүңүздү өтүнөм.
Саид Мари.
Жооб: 
Ассааламу алейкум рахматулоохи уа баракаатуху. 
Урматтуу мусулман бир тууганым. Мусулмандар хадисте келгендей шартташканына жараша болушат. Тирмизи риваяты, бул хадисти хасан сахих деген:
Бизге Касиир бин Абдуллоох бин Амр бин Авф, ал Музний атасынан чоң атасынан айтты: Пайгамбар A айтты: «Мусулмандар шартташкандыктарына жараша (болушат), адалды арам кылган же арамды адал кылган шарттарды гана (алышпайт)».
Ушуга негизделип жумуш берүүчү менен кызмат өтөөчү адам «кызмат бүткөндө мындай сый акы болот» деп шартташышса, шартка жараша кызмат кылган адам кызматын бүткөндөн кийин сый акы алуусу анын акысы болуп саналат. 
Ошондой эле жумуш берүүчү менен жумушчунун ортосундагы эмгек келишими учурда иштеп жаткан мыйзамда каралган «кызмат мөөнөтү бүткөн учурда мындай сый акы» алат деген шарттын негизинде түзүлсө, анда кызмат кылган адам кызматын бүткөн учурда келишим шартына ылайык сый акыны алуусу анын акысы болуп эсептелет. Эгер, жогоруда айтылгандай шарттар каралбаса, анда жумуш берүүчү жумушчуга айлыгын гана берет, ага сый акы берилбейт.
Бул маселедеги менин туура көргөн басымдуу пикирим ушул. Аллах билүүчү жана өкүмдар.

Боордошуңар Ата бин Халил Абу Рушта 11-ражаб, 1440-х.
18-март, 2019-ж.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here