БУУнун жардамдары Сирия калкына эмес, Асад аскерлерине берилгендиги аныкталды

258
0

БУУнун жардамдары Сирия калкына эмес, Асад аскерлерине берилгендиги аныкталды

БУУ тарабынан Сирияда оор абалда калган адамдарга жөнөтүлүп жаткандыгы айтылган гуманитардык жардамдар Сириянын мазлум калкына эмес, Асад акерлерине берилип жаткандыгы белгилүү болду. Бул тууралуу “Mepanews” маалымат агенттиги Британияда чыгуучу Гуардиан гезитине таянып кабарлады. Кабарда келишинче, ал-Маждал провинциясында Сирия оппозициясы Асад режиминен тартып алган базаны барып көргөн сириялык журналист Ходий Абдуллах, режим аскерлери бул желерде БУУ тарабынан качкындарга жиберилген жабдыктардан пайдаланып келгендигин ачыктаган.

Хама шаарынын түндүгүндө Сирия оппозициялык топтору Асад күчтөрүнөн тартып алган көзөмөл чекитинде күтүүсүз абалга дуушар болгон Абдуллахтын билдиришинче, БУУ тарабынан мазлум адамдарга жиберилген жардамдар ушул кезге чейин Сирия кошуундарынын көзөмөлүндө болгон жерлерде пайдаланылган.

Ходий Абдуллах өзү күбө болгон абалды камерага тартып “youtube” порталына жайгаштырган. Видеодо БУУга тиешелүү чатырлар жана шейшептерди Асад күчтөрү пайдалангандыгын көрүүгө болот. Буюмдарда “UNHCR- The UN Refugee Agency (Бириккен Улуттар Уюмунун качкындар боюнча Жогорку комиссары)деген жазуу даана көрүнүп турат. 

Ушул кезге чейин жардам катары Сирия мазлумдарына жөнөтүлгөн азык-түлүк, таза суу жана медициналык каражаттарды да Сирия режими пайдаланып келгендиги тууралуу айтылып келген.

Буга чейин айрым кайрымдуулук уюмдары Сирия калкы үчүн жөнөтүлүп жаткан жардамдар Асад режимине берилип жаткандыгын айтып, БУУ менен келишкен абалда ишмердүүлүгүн токтоткон эле.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here