Өзбекстан ИИМ: Ташкенттеги “жарылуу” машыгуулардын бир бөлүгү болгон

281
0

 “кun. uz” сайтынын Өзбекстан ИИМинин маалымат кызматына таянып кабар беришинче, 4-сентябрь күнү Ташкенттин Чорсу базарына жакын жерде жүз берген “жарылуу” Ташкент ИИБнин машыгуу сценарийинин бир бөлүгү болгон.

ИИБдин маалымат кызматы: “Саат 13:32де Ташкенттеги мечиттердин биринин жанында жайгашкан автобустун аялдамасында шарттуу террорчу жардыруучу затты аракетке келтирди. Ошондон кийин “тревога” буйругу менен шаардык милициянын күчтөрү жана техникалары бутка тургузулуп, ички жоболордо талап кылынгандай жарылуу жүз берген аймак курчап алынды”, – деп билдирди.

Машыгуунун сценарийи боюнча ошол эле убакта “кылмышкерди” издөө боюнча ыкчам иликтөө операциялары уюштурулду жана 15 мүнөттөн кийин кошуна аймактан бул “кылмышкер” кармалды.

“Машыгуулардын сценарийи максималдуу даражада реалдуу абалга жакындаштырылды. Анын маанилүү уюштуруучусу Ташкенттин башка ыкчам аракеттенүүчү  кызматтары т.а. өрт өчүрүүчүлөр жана тез жардам кызматынын ыкчамдыгын текшерүү болду”, – деп түшүндүрмө берүүдө Өзбекстан ИИМнин өкүлү. Анын баса белгилешинче, машыгуунун биринчи баскычында бул кызматтарга машыгуулар өткөрүлүшү тууралуу алдын ала кабар берилбеген.

Туркистон:

Калкты эскертип отурбастан машыгууларды өткөрүү Өзбекстан өкмөтү үчүн адаттагы көрүнүшкө айланып калган. Мындай иштерден кийин расмий өкмөт кааласа муну исламий күчтөргө шылтайт жана мусулмандарга каршы жүргүзүп жаткан аёосуз күрөшүн ого бетер күчөтүүдө пайдаланат, кааласа машыгуу өткөрүлдү деп кабар таркатат.

  Жогорудагы жарылуудан кийин “Азаттык” радиосу Ташкент шаардык ИИБдеги булагына таянган абалда, “Шарк” тойканасынын алдында, Чорсу базарына жакын жердеги Токтобай мечитинин жанындагы автобустук аялдамада белгисиз адам тарабынан таштап кетилген колго жасалган жарылуучу зат жарылганы, адамдарга зыян жетпегени жана жардыруучу затты таштап кеткен адам изделип жатканы, жарылуу жүз берген жерде Ташкент шаардык ИИБинин, ӨКМдин бөлүктөрү иштеп жатканы туурасында кабарлаган болчу. Күбөлөр болсо жума намазынан кийин жүз берген жарылуу күчтүү болбогонун, бирок анын добушу Чорсу базарын силкинткени туурасында айтышкан эле.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here