КЫРГЫЗСТАНДА ҮЙЛӨРДҮ ЖЫЛЫТУУ ҮЧҮН ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫНАН ПАЙДАЛАНУУГА ТЫЮУ САЛЫНДЫ

291
0

Кыргызстан өкмөтүнүн билдиришинче, акыркы жылдарда Гидроэлектростанцияда суу запасынын азайып кеткендиги жана энергияны пайдалануу көбөйгөндүгү себептүү электр энергиясында таӊкыстык проблемасы пайда болууда.

Өкмөт электр таӊкыстыгы проблемасын чечүү үчүн үйлөрдү жылытууда электр энергиясынан пайдаланууга тыюу салды. Айрыкча, ишканаларга электр энергиясы үчүн бир топ чектөөлөр киргизилди.

А бирок, буга жарандар нааразы болушууда. Алар бул иштердө өкмөттү айыпташууда. Элдин көпчүлүгү, өкмөттүн электр жылыткычтарынан пайдаланууга тыюу салуу токтомун “көмүр жетишпей жаткан бир убакта элге каршы чыгарылган бир токтом” деп баалап жатат. Адамдардын айтуусу боюнча, проблема электр энергиясынын жетишпестигинде эмес, тескерисинче өкмөттүн туура эмес саясат жүргүзүшү себептүү пайда болууда.

Электр менен ысыбаган үйлөрдө да ысык суу сыяктуу коммуналдык төлөмдөрдүн көтөрүлүшүнө нааразы болгон жарандар мамлекетке нааразы экендиктерин жашырбай жатышат.

Бишкек шаарынын тургуну Нурзада Тынаева: “Квартиралардагы жылытуу системаларынын да баалары көтөрүлдү. Чатыр тигип ошол жерде жашаш керек болду, башка айлабыз калбады. Дем алып жаткан абаны да кысып жатышат”, – деди.

Жарандардын дагы бири: “Жүздөгөн фабрикалардын бири да иштебей жаткан бир мезгилде электр  энергиясынын жетишпестигин кантип түшүнүүгө болот. Бийликте отургандар суу жана энергия булактарын пландуу көрүнүштө иштеткенде мындай оор абалга кептелип калбайт элек”, – деди.

Туркистон:

Кыргызстандагы энергетика таңкыстыгы проблемасы, өкмөттүн алсыздыгынан келип чыккан ички проблема. Бирок, кыргыз өкмөтүнүн алсыздыгы, анын шалаакылыгынан же табигый кырсыктардын натыйжасынан эмес. Тескерисинче, эл аралык саясаттын бузук системасына – өз жарандарынын зыянына багытталып жатканын билген абалда – акмактарча амал кылып жаткандыгында. О.э. мини ГЭСтерди, трансформаторлорду, ал тургай электр өлчөгүч приборлорду иштеп чыгарууэлектр шарттарын жаратып алуу үчүн, оор өнөржайды ишке түшүрүү жолдорунун жабыктыгы. Энергетика таңкыстыгы болгондо Батыш мамлекеттери сыяктуу Атомдук электр станцияларын куруп алуу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу. Ушулардын бардыгына Кыргызстан сыяктуу үчүнчү дүйнө мамлекеттери үчүн эл аралык уюмдар тарабынан кээ бирлери ашкере көрүнүштө, кээ бирлери жашыруун көрүнүштө тыюу салынган. Алар ал тургай бул энергетикалык сырьёлорду соодалашуу багыттарын да белгилеп беришет.

Мындан тышкары, куфр системасы үчүнчү дүйнө мамлекеттеринин өнүгүп кетишинин алдын алуу максатында, алардын жетекчилерине пара берип, коррупционерлерге айландырышат. Натыйжада бюджеттен энергетика тармагында элге кызмат көрсөтүү тармагы үчүн бөлүнүп жаткан каражаттар ижарачы ишканаларга дээрлик жетип келбей турган даражада коррупциянын күчөп кетишине себеп болду. Пайдалануучу эл төлөп жаткан төлөмдөр болсо бюджетке жетип барууда бир нече жеке менчик фирма же компаниялар ортомчулугунда таланып-тонолуп бара жатат. Кыргызстан өкмөтү болсо элди ыраазы кылуунун ордуна, жетекчи мамлекеттерди ыраазы кылууга катуу аракет кылышат. Анткени, өкмөттөрдүн бар болуп турушу элди ыраазы кылып андан бийликти алууга эмес, көбүрөөк ошол жетекчи мамлекеттердин ыраазылыгына байланыштуу болууда. Бул нерсе мамлекет өтө алсырагандыгынын, эл өз акимдеринен үмүтүн үзгөндүгүнүн жана аларга өтө кайдыгер экендигинин кабарын берет.

Энергетика таӊкыстыгы проблемасы – жогорудагы абал бар болгон соӊ – чечилбестен кала берет. Аны өкмөттөрдү же президенттерди алмаштыруу менен өзгөртүүгө болбойт. Бул дүйнөлүк системаны түптөн өзгөртүү аркылуу т.а. бузукчулукка негизделген куфр системасынын ордуна, ыйманга негизделген Ислам системасын алып келүү аркылуу ишке ашат, инша Аллах.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here