КУМТӨР КӨЙГӨЙЛӨРҮНӨ ЧЕЧИМ КӨРҮНӨБҮ

288
0

Албетте, капитализм табиятына ылайык, ар кандай келишим колонизаторлордун пайдасына чечилээри анык. Ал нерсе азыр Кумтөр  жаатында болуп жаткан окуялардан да көрүнүп калды. Бирок, колонизаторго малай саясатчылар мунун колонизаторлукка тиешелүү экендигин жаап-жашырып, бул окуяларды эл көзүнө ички саясий күрөш катары көрсөтүүгө урунуп жатышат.

Өткөн аптада Жогорку Кеңеш “Центерра Голд” менен кыргыз өкмөтү жетишкен меморандумду четке какты.Өкмөткө 23-декабрга чейин Кыргызстандын Кумтөр долбоорундагы позициясын жакшыртуу үчүн сүйлөшүү жүргүзүү тапшырылды. Эгерде сүйлөшүүдөн натыйжа чыкпаса, анда өкмөт Кумтөр боюнча мурунку келишимдерден чыгуу жараянын баштоого тийиш.

Меморандумду четке кагууда “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен “Ата Журттун” иш жүзүндөгү лидери Ахматбек Келдибековдун аракети күчтүү болду. Айрыкча “Ата Мекен” позициясы парламенттеги көпчүлүк коалицияны өз өкмөтүнүн меморандумун четке кагууга мажбурлоодо чоң роль ойноду.

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев бул окуялардын колонизаторлукка тиешелүү жагын тымызын тан алды, бирок, чечимге келгенде, аны азыркы жасалма “революцияга” такап, акыйкаттан буйтап койду. Ал минтип айтты: “Бардык үчүнчү дүйнөнүн жүздөгөн өлкөлөрү, Латын Америкасы, Азия, Африка, тарыхты карап окугула, бардык жерде кендерди тартып алган. Анткени аны уурдап кеткен. Алдап кеткен. Мурунку мыйзамсыз режимди кетиргенден кийин жаны режим макулдашууларды кайра карап чыгыш керек. Болбосо революция болбойт. Болгону биз Бакиевдин кабинетине кирип алган болобуз”.

Өмүрбек Текебаев дагы: “Кумтөр” 20 жылдан бери жергиликтүү чиновниктерди алдап, жалдап, сатып алып, канадалыктар алтыныбызды казып алып кетип жатат. Өзүбүз болсо көрүнгөн жерден карыз сурап жүрөбүз. Ошондуктан кайрылуу жасап, жергиликтүү чиновниктерди сатып алуу менен табигый байлыктарына ээлик кылгандарды биргелешип айыптап чыгышыбыз керек. Алтынды, байлыкты, кенди компаниялар жөн эле бере койбойт. Алар кен үчүн жарандык согуш уюштурушкан, алар менен тил таба албаган президент, өкмөт башчыларын өлтүртүшкөн, оппозицияга акча берип, тукуруп, төңкөрүш жасап, бийликти алмаштырышкан. “Центерра” да жөн эле кетип калбайт. Биздин чиновниктерди, маалымат каражаттарын сатып алышат, элди эки-үчкө бөлөт. Биз болсо бир чечимге келбей, он жылдап талашып отура беребиз, тигилер болсо алтынды тездик менен казып алып ташый берет”, – деп айтты.

Негизи, колонизаторлуктун ачкөз кебетесин көр-сокурлар деле көрө турган учур келди. Бирок, ага карабастан, биздин саясатчылар атайлаппы же чындап эле сокурлардын сокуру болуп кетишкенби, айтор проблемалар чечимин дагы деле ошол колонизаторлук алкагында айланып издеп жүрүшөт. Кайра эле баягы колонизаторлор жаттатып койгон жомокторду сайрап жатышат.

Депутат Марат Султанов мындай дейт: “Кумтөр – бул кыргыз парламентине окшош да. Ал эми Кумтөрдөгү кыргыз өкмөтүнүн орду парламенттеги “Ата-Журт” фракциясына окшош. Мына азыр “Ата-Журт” парламенттеги орундардын көбүн ээлеп олтурат, бирок эч нерсени чечпейт. Анткени башкалар коалицияга биригип, көптүк болуп кетишкен. Кумтөрдү башкарууда деле ушундай эле кырдаал. Центтерадагы эң чоң акционер – кыргыз өкмөтү, колунда 33% акциясы бар. Бирок башкалар биригип кеткен дагы, биз эч нерсеге таасир эте албагандай абалга келип калганбыз. Андыктан азыр Кыргызстан Центтеранын курамынан чыкпай туруп, өзүн конкреттүү сунуштарын бериши керек. Кыргыз өкмөтү билимдүү-илимдүү башкаруучуларды сынактын негизинде жалдашы керек. Анан аларга, силер жаңы коалиция түзгүлө, ошол жерде биздин ролубуз чоң болсун, деп тапшырма бериши керек. Мына ошондо Кыргызстан 33% менен деле Кумтөрдү башкара алат”.

Жогорудагыдай чечимдерди сунуштоо менен, колонизаторлор сызып берген сызыктан чыга албай жүрө берсек, Кумтөр эле эмес башка маселелерде да баткакка батканыбыз баткан.

Негизи, бүткүл проблемалардын түпкү чечими чыныгы идеологиялык-системалык революцияда жатат. Б.а. бүгүнкү күндө дүйнөгө өкүмдарлык кылып жаткан, демократия чүмбөтүн жамынган ачкөз капитализмди омкоруп таштап, анын колонизаторлук саясатын түп-тамыры менен кууратып, алардын ордуна Исламды алып келүү керек. Бул болсо, кайрадан Рошид Халифалык мамлекетин тикелөө аркылуу болот!

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here