Россия Сириядагы химиялык чабуулдарды текшерүүгө дагы бир жолу вето койду

400
2
GERMANY/

Россия Сириядагы химиялык чабуулдарды текшерүүгө дагы бир жолу вето койду

 Россия вето коюшунун натыйжасында химиялык куралдарга тыюу салуучу уюмдун эксперттери жума күндөн баштап Сириядагы химиялык куралдар колдонулганын иликтөө иштерин токтотушат.

Эксперттер жакында эле жарыя кылган тыянактарга Россия нааразылыгын билдирген эле. Тыянакта, Сирия армиясы үстүбүздөгү жылдын 4-апрелинде мамлекеттин түндүгүндөгү Хан-Шейхун аймагында зарин газын колдонгон деген маалымат жарыяланган эле. Чабуулдун натыйжасында 90дон ашуун жай тургун каза болгон. Комиссия тыянак чыгарууда күбөлөрдүн сөздөрүнө, фото жана видеоматерилдарга, топуракты изилдөөнүн тыянактарына таянды. Коопсуздук себептүү окуя болгон жерде текшерүүлөр жүргүзүлбөгөндүгү Москванын сынына себеп болду.

 Москванын  бул аракеттерине Вашингтон жана анын союздаштары нааразылык билдиришти. АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Никки Хейлинин билдиришинче, Россия иш жүзүндө Сирияда уулуу заттар колдонулушуна жол ачып жатат, бул нерсе аскерий кылмыш болуп эсептелет.

 Хейли Россия делегациясына кайрылып: “Химиялык куралды колдонуу дагы жүз берсе, муну силердин абийириңерге койдум”,- деди.

Коопсуздук Кеңешинин Сириядагы кризис боюнча резолюциясына Россия  ушуну менен онунчу жолу вето койду.

2 COMMENTS

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here