АКШнын дагы бир эки жүздүүлүгү
АКШнын коргоо министри Жеймс Мэттис НАТО коргоо министрлеринин жыйынында Түркиянын коргоо министри Нуреттин Жаникли менен жолугушту. Жолугушууда министрлер эки өлкөнүн коргонуу тармагындагы кызматташтык маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу АКШнын коргоо министрлиги (Пентагон) кабарлады.
Пентагондун маалымат катчысы Дэйна Уайттын басма сөз билдирүүсүндө: “АКШнын коргоо министри Жеймс Мэттис 23-августта Анкарада болуп өткөн сүйлөшүүлөрдөн кийин Түркиянын глобалдык коопсуздугуна жана “Ислам мамлекети” уюмун жеңүүгө салым кошкондугу үчүн Түркиянын коргоо министри Нуреттин Жаниклиге ыраазылык билдирди. Мэттис Түркия дуушар болуп жаткан коркунучтардан кабардар экендигин о.э. Америка ПКК жана башка террорчу уюмдарга каршы Түркиянын жанында турушун дагы бир жолу баса белгиледи”, – деп айтылат.
Эки министр коргоо тармагындагы кызматташтыкты улантууга келишип алгандыктарын билдирген Уайт, алар келечекте АКШ жана Түркиянын коргоо тармагындагы кызматташтыкты бекемдөө жолдорун издөө боюнча бир пикирде экендигине басым жасады.
Туркистон:
Эки министрдин жолугушуусунда АКШнын коргоо министри Түркия бийлиги ашынган террорчу уюмдардан деп эсептеген ПККны (Курдистан жумушчулар партиясын) “террорчу уюм” деп айтышы көңүл бурууга арзыйт. Себеби, Түркиянын нааразылыгына карабастан, АКШнын өзү аталган уюмду жеңил жана оор куралдар о.э. аскерий техникалар менен ачык эле камсыздап келет. Адистердин билдиришинче, АКШнын ПККга берген аскерий куралдары, ал тургай, кээ бир мамлекеттердин армияларында да жок.
Ошондой болушуна карабастан, Пентагондун башчысы Түркия коргоо министри менен жолугушканда – АКШнын өзү жеңил жана оор куралдар менен камсыздап жаткан о.э. анын террорунан Түркия калкы көптөгөн зыян тарткан – ПККга каршы Түркиянын жанында турушун билдирүүдө. Бул болсо, АКШнын эки жүздүүлүгүн дагы бир жолу далилдеп турат.