Хамастын жетекчиси: Иран биздин эң чоң жардамчыбыз

337
0

Хамастын жетекчиси: Иран биздин эң чоң жардамчыбыз

Палестинадагы Хамас уюму Иран бийлиги менен алаканы кайрадан тикелөөгө киришти. Бул тууралу уюмдун жаңы саясий жетекчиси Яхя Синвар билдирди. Синвар өзүнүн билдирүүсүндө Иран бийлиги Хамастын куралдуу канаты болгон “Иззуддин Кассам” бригадасынын эң чоң каржылык жана аскерий демөөрчүсү экендигин билдирип, Иран менен Хамас ортосундагы алакалар өтө жакшы экендигине көңүлдү бурду.

Билдирүүдө Ирандын Хамаска берип жаткан жардамынын көлөмү ачыкталбады. Региондогу дипломаттардын билдиришинче, Ирандын Хамаска берип жаткан каржылык жардамы акыркы жылда кескин төмөндөп кеткен.

Тегеран бийлиги Сирия жана Ирактагы мусулмандарды массалык кыргын кылганы себептүү, мусулмандардын Иранды жек көрүүсү күчөп кеткени жашыруун сыр эмес. О.э. Хамас Сирия согушунда Тегеран бийлиги менен бирге Башар Асадды колдоп-кубаттабай койгону себептүү тараптар ортосунда келишпестик жүз бергендей болгон эле. Бирок Хамас уюмунун жаңы саясий жетекчиси Яхя Синвар өзүнүн билдирүүсүндө Хамас-Иран ортосундагы алака жакшырышын жана мурунку абалына кайтышын баса белгиледи.

20 жыл өмүрүн Израиль абактарында өткөргөн Яхя Синвар мурда Хамастын коопсуздук боюнча жооптуусу эле. Ал өткөн февраль айында Хамастын саясий жетекчиси болуп дайындалган. Синвардын айтымында, бүгүнкү күндө Израилге каршы согуш баштоо Хамастын стратегиялык кызыкчылыктарына таптакыр туура келбейт.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here