РФ Коопсуздук кеңешинин катчысы Кыргызстанга келди

360
0

РФ Коопсуздук кеңешинин катчысы Кыргызстанга келди

 Кыргызстандын атайын кызматтары калкты ар түрдүү террордук аракеттерден эскертип турган бир мезгилде Россия Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев жумушчу сапар менен Кыргызстанга келди. Алмазбек Атамбаев 23-августта Николай Патрушевди кабыл алды.

Президенттин маалымат кызматы кабарлагандай, жолугушууда аскерий-техникалык кызматташтык чөйрөсүндө мамиелелерди мындан ары өнүктүрүү маселелери, терроризмге жана экстремизмге каршы биргеликте күрөшүү маселелери талкууланган.

 О.э. аймактык жана эл аралык коопсуздукту камсыз кылуунун актуалдуу маселелерин талкуулашкан.

 Кабарда келишинче, Патрушев Бишкекке эки өлкөнүн компетенттүү органдарынын ортосунда пландаштырылган жумушчу консультацияларга катышуу үчүн келген.

Туркистон: 

Патрушев 1999-жылы ФСБнын директору болуп турган кезде, жүздөгөн жарандарды жардырып жиберүү операцияларынын башында турганы жашыруун сыр эмес. ФСБнын кызматкерлери көп кабаттуу имараттар астына жардыргычтарды жайгаштырып жаткан учурда бир нече жолу кармалып, ал нерсе далилдер жана фактылар менен тастыкталган. Ошого карабастан, Патрушев Путиндин авторитардык режиминин демөөрчүлүгү жана колдоосу астында дагы кайрадан террордук операцияларын уланта берди. Натыйжада, жүздөгөн бейкүнөө жарандар каза болду!

Патрушев Кыргызстанга да Россиянын кудум ошол 1999-жылдагы долбоорунун көчүрмөсүн алып келди! Бул карамүртөз адамдын келиши менен Кыргызстанда башаламандык башталды. “Sputnik” сайты 20-августта “Айчүрөк” дүкөнү жардыруучу зат коюлду деген шек менен курчоого алынгандыгын кабарлады. “Азаттык” болсо 22-августта Кара–Суу районуна караштуу Нариман айылында жардыруучу заттарды алып жүргөн бир адам кармалгандыгын кабарлады. “vesti.kg” 24-августта милициянын “перехват” долбоору тууралуу кабарлады. Бул ирет бир адам милицияны жардырып жиберем деп коркуткан имиш. “24.kg” Бишкекте 5- микрорайонду милиция кызматкерлери курчап алганы тууралуу кабарлады. Себеби, кечинде милиция токтотуп документтерин текшерип жаткан бир машина, текшерүү бүтө элегинде качып кеткен имиш.

Жогорудагы ызы-чуулар Патрушев алып келе жаткан ыпылас долбоордун башталышы эмеспи? Алар чуу көтөрүп жаткан кылмыштар, негизи күндө эле жүз берип жаткан кылмыштардан болуп эсептелет. Бирок, расмий сайттар аркылуу таратылып жаткан бул кабарлар маалыматтык чабуулдун башталышы болуп, бул нерсе калкты чоңураак террордук операцияга даярдоо тактикасы болуп эсептелет. Демек, Россия Кыргызстандагы саясатын Патрушевдин ФСБ кызматкерлеринин жашыруун аралашуусу жана кызматташтыгы аркылуу өтө ыпылас ыкмалар менен сактап калмакчы болууда.

АКШнын Афганистандагы аскерий аралашуусу жанданып бара жатканы да Россияны жаңы стратегиялык аракеттерге үндөй баштады. Т.а. Борбор Азияга карата эл аралык саясаттын мамилеси өзгөрүп барууда. Бул долбоордо Россия четте турбайт. Ошондуктан, Кыргызстан эл аралык саясаттын өзгөрүшүндө Борбор Азиядагы эң бир ыңгайлуу стратегиялык чекит жана аракет майданы болуп калышы мүмкүн.

Демек, Кыргызстан жарандары сак болушубуз керек! Куфрдун стратегиясы өтө кооптуу жана кескин кырдаалдарга алып барышы мүмкүн. Алар өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн биздин өлкөнү күрөш майданына айландырмакчы болушууда! Патрушевдин келиши дал мына ушундай максаттарга ишара кылат! Алар пландаштырып жаткан операциялар, сөзсүз түрдө исламий жамааттар жана мусулман адамдардын атынан ишке ашырылат. Демек, биз мусулмандар алардын маалыматтык чабуулунан кабардар болуп, жалган маалыматтарды четке кагып, өзүбүз да Ислам чегарасында бекем турууу аркылуу, ыйманий мухит менен бир бүтүн абалда турушубуз важиб. Себеби, исламий мухитти таза сактап туруу аркылуу гана куфрдун максаттарына жол бербейбиз, инша Аллах!   

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here