Эрдоган: АКШ Ракка ишинде ПЙДны тандады
Түркия президенти Режеп Таййип Эрдоган, АКШ бийлиги Ракка ишинде ПЙД (Сирия демократиялык партиясы) менен кызматташууга бекем туруп алганын билдирди. Эрдоган бул тууралуу Португалиянын “РТП” каналына берген интервьюсунда айтып өттү. Эрдогандын ырасташынча, ал өткөн айда АКШга жасаган сапарында президент Дональд Трампты эскерткенине карабай, АКШ Ракка ишинде ПЙД менен кызматташууну тандаган.
“Азыр мен Американын ПЙД (Сирия демократиялык партиясы) менен ЙПГ (Сирия элдик кошуунуна) жакындашуусун мезгил талабы деп билбейм. Бул өтө ката жандашуу. Бирок, Американын аскерлери жана жетекчилери террордук уюмдар менен бирге иш алып барууда. Өкүнүчтүүсү, Америка буларга өтө көп курал-жарак берди. Алардын арасында оор куралдар да, жеңил куралдар да бар. Бул куралдардын саны өтө көп. АКШ алар менен бирге турганына караганда, демек аларды террордук уюм катары кабыл кылышпады. Бүгүнкү күндө АКШ террордук уюм менен кызматташып, Раккага чабуул кылууда. Биз аларга айтып өтөбүз, келгиле бул ишти бирге кылалы. Неге бул ишти террордук уюм менен кылып жатасыңар? Америка сыяктуу күчтүү мамлекетке террордук уюм менен иш алып баруу туурабы? Муну өздөрүнө да айттык жана биз мындай көрүнүштү кабыл кыла албайбыз. Бирок, көрүп тургандай, алар бул позициясында бекем туруп алышты. Биз да “жакшылыкка болсун” дедик. Бирок, ушуну да айттык, эгер мамлекетибизге кичине бир кол салуу болсо, биз бул тууралуу эч ким менен эсептешип отурбайбыз, билгенибизди кылабыз”,- деди президент Эрдоган.