Умматты фикх негизинде фикрий башкаруу – Ислам саясаты

393
0

بسـم الله الرحمن الرحيم

 Умматты фикх негизинде фикрий башкаруу – Ислам саясаты

 Уммат дегени – бул бир акыйданы кабыл алган калк. Биз Ислам акыйдасын кабыл алганыбыздан улам, ИсламУмматынын бир бөлүгү болуп эсептелебиз. Мусулмандар үчүн өз иштеринде ыхтыяр жок, демек, “демократия” муминдер үчүн харам. Ибадат болобу, экономика болобу, саясат болобу – кайсы тармакта болбосун, Умматтын коомдогу ички-тышкы иштерин тартипке салуу жана башкаруу шаръий ҳукмдар негизинде алып барылышы шарт. Аллах Таала ар бир иштин шаръий өкүмүн баян кылып, иштерди ушул негизде жүргүзүүгө буйруду, демек, муминдин өз иштеринде ыхтыяры жок. Аллах Таала айтат:

وَنَزَّلْنَا عَلَيْكَ الْكِتَابَ تِبْيَانًا لِكُلِّ شَيْءٍ

“Биз сага Китеб-Куранды бардык нерсени баяндап берүүчү кылып түшүрдүк”. [16:89]

Аллах Таала айтат:

وَأَنَّ هَذَا صِرَاطِي مُسْتَقِيمًا فَاتَّبِعُوهُ وَلَا تَتَّبِعُوا السُّبُلَ فَتَفَرَّقَ بِكُمْ عَنْ سَبِيلِهِ ذَلِكُمْ وَصَّاكُمْ بِهِ لَعَلَّكُمْ تَتَّقُونَ

– «Албетте, мына ушул Менин туура жолум. Демек, ушул жолго ээрчигиле! (Башка) жолдорго ээрчибегиле, алар силерди Анын жолунан үзүп коёт. Балким таква кыларсыңар деп, силерди мына ушул нерсеге буюрду».      [6:153]

Эгер элдер чындап мумин болушса, Умматка башчылык кылып жаткан жетекчилер жана аалымдар ар қандай ишти өз билгендериндей, акылдарынан келип чыгып кыла албай калышат. Муну менен эч качан ийгиликке жете алышпайт. Анткени, бул иштер алардын элинин акыйдасына тескери келет. Аллах Таала айтат:

وَلَا تَقُولُوا لِمَا تَصِفُ أَلْسِنَتُكُمْ الْكَذِبَ هَذَا حَلَالٌ وَهَذَا حَرَامٌ لِتَفْتَرُوا عَلَى اللَّهِ الْكَذِبَ إِنَّ الَّذِينَ يَفْتَرُونَ عَلَى اللَّهِ الْكَذِبَ لَا يُفْلِحُونَ

– «Аллахтын шаанисине жалган жалаа ойлоп табуу үчүн (Аллах буюрбаган өкүмдөрдү Аллахтыкы деш үчүн) тилиңерге келген жалганды сүйлөп: «Бу халал, бу харам» дей бербегиле! Себеби, Аллахтын шаанисине жалган жалаа жапкан кишилер эч кутулбайт».  [16:116]

Росулуллох (с.а.в.) Румга каршы жихадга даярдык көрүп жатканда дүйнөдөн кайтты. Андан соң Уммат ишин башкаруу Абу Бакр(р.а)га жүктөлдү. Ислам мамлекети тикеленгенине эми гана он жыл болгон эле. Ушул учурда, бир тараптан муртаддар чыгып, ички иштерди тартипке салуу халифа мойнундагы үлкөн көйгөй болуп калды. Экинчи тараптан, сахабалар (р.а.) жихадды убактылуу токтотуп туруу, болбосо, командачылыкты жаш жана тажрыйбада Усама ибн Зайд(р.а)дан көрө улуураак болгон башка башчыга алмаштыруу жөнүндөгү өз райлары менен мамлекет жетекчисине каршы чыгышты. Ошондо Абу Бакр(р.а): “Росулуллох(с.а.в)дын мубарак жасады суубастан туруп анын сөздөрүн бузууну баштадыңарбы?! Аллахка касам, Росулуллох(с.а.в.) байлган ливаны да чечпеймин, ал зат (с.а.в.) дайындаган башчыны да бошотпоймун. Росулуллоҳ(с.а.в.) койгон чөптү да ордунан жылдырбаймын”– деген маанидеги катъий сөздөрүн айтып, алардын райлары ката экенин түшүндүрдү. Муну менен Умматты туура жолго багыттады.

О.э. ички саясатта да негиз акыл эмес, шаръий хукм болушу важиб. Эсиңерде болсо, Умар(р.а) махрды төрт жүз дирхамдан ашырууга тыюу салат. Бир аял аны мындан кайтарып: «Эй Умар, бу сенин акың эмес, Аллах Субханахунун:

وَءَاتَيْتُمْ إِحْدَاهُنَّ قِنطَارًا فَلاَ تَأْخُذُوا مِنْهُ شَيْئًا

„…абалкысына сансыз мал-дүйнөнү (махр кылып) берген болсоңор да, андан бир да нерсени кайтарып албагыла!“,       [4:20] дегенин уккан эмессиңби?» – деди. Ошондо Умар(р.а): «Аял туура тапты, Умар ката кылды», – деди.

Сахабалар (р.а.дар) үстөм болууларынын сыры да ушул шариятты бекем кармангандыктарында эле.

Ошондуктан, фикхти билбеген адам Умматты туура жолго жетектемек турсун, анын өзү да туура жолдо жүрө албайт. Фикхти фикрий түшүнбөгон адам шарият талабын өз ордунда амалга ашыра албай калат. Себеби ар кандай проблеманы түшүнүп, ага алакадар шаръий хукмду билүү акылдын иши болуп, ҳукмдарды фикрий түшүнбөгөн адамда аларга карата көңүл тынчтыгы болбойт жана анда өз вакиълигинен башкача кылып колдонуу коркунучу бар. Аллах Таала айтат:

فَلَا وَرَبِّكَ لَا يُؤْمِنُونَ حَتَّى يُحَكِّمُوكَ فِيمَا شَجَرَ بَيْنَهُمْ ثُمَّ لَا يَجِدُوا فِي أَنفُسِهِمْ حَرَجًا مِمَّا قَضَيْتَ وَيُسَلِّمُوا تَسْلِيمًا

– «Жок, Роббиңе касам, тээ алар өз араларында чыккан келишпөөчүлүктөрдө сени хакам кылышмайынча, кийин сен чыгарган хукмдан дилдеринде эч кандай мүчүлүштүк таппай, толук таслим болушмайынча эч качан мумин боло алышпайт».  [4:65]

Ошон үчүн муминдер шаръий өкүмүн билбеген иштерин кылуулары мүмкүн эмес, балким, билгендерден суроолору фарз. Абу Давуд Жабир(р.а)дан риваят кылат, Росулуллоҳ(с.а.в) мындай деди:

«أَلاَ سَـأَلُوا إِذْ لَمْ يَعْلَمُوا فَإِنَّمَا شِفَاءُ الْعِيِّ السُّؤَالُ»

“Билишпесе, сурашпаптыр да. Себеби, наадандыктын даабасы – суроо”.

Ошондуктан, даъватчыларда Умматка таасир өткөрүү жана даъват жолунда күрөшүү менен бирге үйрөнүү да токтобошу керек. Себеби, Ислам акыйда жана шаръий ҳукмдан турат. Анын акыйдасы да, андан келип чыккан ар бир хукм да – саясат. Нусустарда жүздөгөн тарых икаялары шаръий ҳукмдарды амалга ашырууга үндөй турган түстө туйгуларга таасир этүү үчүн келтирилген. Хукм өз далилдеринен истинбат кылуу тарабынан айтылганда “фикх” деп аталат. Маселен, Аллах Таала айтат:

إِنْ الْحُكْمُ إِلَّا لِلَّهِ

– «Хукм-акимдик Аллахтыкы». [12:40] же

Росулуллох(с.а.в): «Силерден бирер киши – качан анын каалоосу мен алып келген нерсеге багынмайынча – мумин болбойт» – деди. Мында мужтахид “муминдин каалоосу шариятка моюн сунушу, ар бир сөзү, амалдары жана чыгарган хукмдары шаритттан алынышы фарз” десе, бу фикх болот. Эми фарз-важибдердин иш жүзүндө колдонулушуна катуу кызыгуу, аракет кылуу, же харамдардан тыйылуу, андан жийиркенүү, же суннаттарга умтулуу сыяктуу иштерди тасаввур кылышы о.э. ар бир өкүмгө байлап турмуштагы вакиълигин тасаввур кылышы (элестете алышы) – фикрий түшүнүү болот. Лекин биз – иш ушуну менен токтоп калбашы керек, балким, ар бир муминди жогорку ҳадисте буйрулган абалга алып келүү үчүн туйгуларга таасир этүү, тарыхты, турмуштагы ибраттуу мисалдарды келтирүү менен муминдин жашоо жолундагы багытын Исламга карай башкаруу фарз о.э. улуулук чокуларына карай жетектеп баруу керек – деп табанний кылганбыз. Даъватчынын иши шаръий хукмдарга негизделген болсо да, Исламды түшүнүшү жана жеткириши фикрий болушу зарыл болсо да, лекин, көзгө көрүнүктүү жагы саясий жак болушу шарт. Т.а. фикхти билүү жана аны фикрий жакшы түшүнүүнүн өзү менен Ислам толук болбойт, балким, анын негизги жагынан: ички жана тышкы иштерди башкаруудан четте калат. Ошондуктан, фикхти билбеген же аны фикрий түшүнбөгөн даъватчы Ислам саясатын биле албайт. О.э. максад факиҳ, муфаккир же муаллим болуш да эмес, балким, өзүнүн жана Умматтын жашоосун Ислам негизинде туура жолго багыттоо иши болушу зарыл.

Гариб

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here