Россия Жогорку Нарын ГЭС каскады боюнча эл аралык аудит өткөрүүгө акча төлөөдөн баш тартууда

396
0

Россия Жогорку Нарын ГЭС каскады боюнча эл аралык аудит өткөрүүгө акча төлөөдөн баш тартууда

 “Рус Гидро” ишканасы Кыргызстандагы Жогорку Нарын ГЭС каскадынын эл аралык аудити үчүн акча төлөбөйт. Бул тууралуу депутат Алмамбет Шыкмаматов парламенттеги конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Регламент боюнча комитеттин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан курулуш иштери үчүн каражаттарды кайтарып алуу максатында, Россия компаниясын бир нече жолу эл аралык аудит өткөрүүгө чакырган. Бул жерде 37 миллион АКШ доллары тууралуу сөз болууда.

“Эл аралык аудиторду тандап алуу Кыргызстандын проблемасы, себеби, аудит өткөрүлүшүнө биз кызыкдарбыз. Россия буга акча төлөгүсү келбейт. Бирок, комиссия канча каражат талап кылынышын талкуулаган эмес”, – деди Алмамбет Шыкмаматов.

Эл аралык компаниянын аудити 1,5-2 миллион доллар турат.

Депутат Айнуру Алтыбаеванын билдиришинче, бул акча республика үчүн өтө эле чоң сумма. Мындан тышкары, Россия тарап аудиттин натыйжасын тааныбай да коюшу мүмкүн.

Туркистон:

РФ президенти В. Путин февраль айынын аягында Борбор Азия мамлекеттерине сапар кылышы күтүлүүдө. 28февралда Путин Кыргызстанга учуп келет. Россия президентинин расмий сапары тууралуу Кыргызстандагы саясатчылар жана маалымат каражаттары ар түрдүү божомолдорду айтып жатышат.

Жогорку-Нарын ГЭС каскадынын курулушу боюнча келишимге 2012-жылы 2-сентябрда, РФ өкмөтү менен КР өкмөтүнүн ортосунда мамлекеттер аралык бүтүм катары  кол коюлган. Долбоордун аткарылышын “РусГидро”компаниясы алган. Бирок, 2016-жылы 20-январда КР парламенти бул келишимден бир тараптуу чыккан. “РусГидро” буга чейинки сарп-каражаттар көлөмүн $37 млн деп баалаган.Эми болсо “РусГидро” сарпталган каражаттарды накталай акча менен кайтарып берүүнү талап кылууда.Кыргызстан тарап болсо сарп-каражаттар көлөмү эл аралык аудит компаниялары тарабынан бааланышын каалап жатат.

Путиндин визити астынан Кыргызстан менен Россия ортосундагы ушундай талаш-тартыш маселелер кайрадан көтөрүлө баштады. Путин делегациясы келгенде ушул маселелерди көтөрүп, алардан Атамбаевге басым жасоодо пайдалануулары мүмкүн деген басма сөз кабарлары таркалып жатат.

Т.а. Путиндин визити Кыргызстанда Россияпарас саясий элитанын ортосунда болуп жаткан бөлүнүүнүн алдын алууга каратылышы мүмкүн. Путин КР элитасынын алсырап баратканын жана аны Батышпарас күчтөр өз тарабына оодуруп алып жатканын көрүп турат. Элитаны сактап калуу үчүн, Кыргызстандагы саясий оппозициялык күчтөрдүн кызыкчылыктарын да этибарга албаса болбойт. Себеби, саясий элита өкүлдөрүнүн негизги бөлүгү оппозиция тарабына өтүп барууда же ага ыктап жатат. Мындай дайынсыздыкка окшош саясий абалдын пайда болушунда Атамбаевдин каталары абдан көп. Ошондуктан, Атамбаев Путиндин келишине кабатырланып жатат деген пикир алга сүрүлүүдө.

26-январь күнү “24 kg” кабар агенттиги таркаткан маалыматка таянсак, Путиндин визити учурунда – президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурун өткөрүү маселеси да – каралышы мүмкүн делет. Себеби, Кыргызстанда саясий кырдаал курчуп баратат. Жылдын акырына белгиленген президенттик шайлоого чейин абал өзгөрүп кетиши мүмкүн. Ал эми абалды жөнгө салуу үчүн президентти шайлоого чейин эле тактысын таштап кетүүгө Путин гана көндүрө алат. Ошондуктан, жогорудагыдай басым жасоо мүмкүн болгон ГЭС келишими проблемалары аркылуу азыртан ызы-чуу көтөрүлүп жатат. Себеби, Кыргызстан азыр экономикалык кризис абалында. Өкмөт азыр ал тургай аудиторлорго төлонүшү керек болгон 1.5 миллион долларды да төлөй албайт. Бюджет дефицити болсо үлкөн. Эл аралык валюта уюмдары тышкы донор мамлекеттер карыз берүүдөн баш тартып жатышат. Абалдан чыгуунун дээрлик бир эле жолу калгандай, бул президенттин өз ыктыяры менен мөөнөтүнөн мурун бийликтен кетүүгө ыраазы болушу. Бул чара Кыргызстан саясий элитасын сактап калуунун бирден-бир жолу болуп турат. Болбосо, жазда дагы саясий туруксуздук башталышы мүмкүн. А түгүл бу күтүлүп жаткан туруксуздук Кыргызстанды түстүү революцияга алып кирип кетиши ыктымал. Абалдын мындай багытта барышы Кыргызстанды эле эмес, Казакстан жана Өзбекстанды, ал тургай Россияны да ташбишке салат.   

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here