Астанада сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан учурда Сирияда кыргын улантылды

387
0

Астанада сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан учурда Сирияда кыргын улантылды

АКШ, Россия, Түркия жана Иран мамлекеттеринин өкүлдөрү Астанада Сирия оппозициясынын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан учурда Россия жана Асад күчтөрү Хомс шаарын бомбалады. Бул бомбалоонун натыйжасында жаш балдар курман болду.

Астана жолугушуусуна чакырылган оппозициялык топтор Асад режими ок атууну токтотуу келишимине амал кылбай жатканы себептүү жолугушууга келбестигин жарыя кылышкан эле. Себеби, Астана сүйлөшүүлөрү келишимден кийин өткөрүлүшү керек болчу. Бирок, арадан эки күн өткөндөн кийин: “Келишим жана гуманитардык жардам боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Астанага барабыз”, – деп жолугушуу башталбай туруп чегине башташты.

Белгилүү болгондой, Астана жолугушуусун АКШ өзү “мээлүүн” деп билген топтордун колу менен ишке ашырууда. Бул топ Сирия калкынын өкүлү болбосо да, кыянаттык менен Сирия калкынын атынан келишимдерге кол коюуда.

Алты жылдан бери Сирия калкын кыргын кылып жаткан канкорлор менен бир столго отуруу эӊ чоӊ кыянат болуп эсептелет. Себеби, Астана жана Женева сүйлөшүүлөрү да, кудум Халаб сыяктуу, бүтүндөй Сирияны Асад режимине тапшыруудан башка нерсе эмес. Астана жана Женева сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасы боюнча, бийлик Сирия калкын жана динин саткан топтор менен канкорлор ортосунда бөлүштүрүлөт.

Астана жолугушуусу Сирия калкы менен бирге экендигин тынымсыз айтып келе жаткан Түркия үчүн да шерменделик болуп эсептелет. Исламий өлкөлөр жетекчилеринин Сирия калкына жардам берүү үчүн козголуунун ордуна Астана, Женева жана башка сүйлөшүүлөрдү курсантчылык менен кабыл алышы, алардын канчалык паскеч адамдар экендигин көрсөтүп турат. Сириядагы кырдаал бир нече акимдердин жана Хизбулла сыяктуу жамааттардын чыныгы жүзүн ачып таштаганы сыяктуу эле, мындай кызматташтыктын да чыныгы жүзүн ачып таштайт, инша Аллах.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here