Кыргызстанда теракт болот деген сөздөр пайда боло баштады
Кыргызстанда террордук аракеттер күтүлүп жатканы тууралуу сөздөр пайда боло баштады. Бир катар Батыш маалымат каражаттары жана кыргызстандык эксперттер бул сөздөрдү жайылтууга салым кошууда
Туркистон:
“Дин, укук жана саясат” аналитикалык борборунун директору Кадыр Маликов: “Террордук аракеттер күтүлүп жатат. Бул Сириядан мужахиддердин чыгарылышына байланыштуу. Бирок, Кыргызстанда террордук аракеттер көбүрөөк расмий бийликке каратылышы күтүлөт”, – деди. Бийлик өкүлдөрү, орган кызматкерлери о.э. башка саясий серепчилер да ушундай абал болушун тастыктап жатышат.
Түркия полициясы 1-январда Машрапов Яхя аттуу кыргызстандык соодагерди Рейна түнкү клубуна чабуул кылган деген шек менен кармап тергөөгө алган. Машрапов 31-январь күнү Кыргызстанда болгонун далилдеп бергенден кийин аны коё беришкен. Бул нерсе, Кыргызстанга басым өткөрүү үчүн Түркиянын атайын кызматтары алдын ала даярдык көргөн операция окшойт. Алар мындан бир аз мурда массалык адам өлтүрүүдө Өзбекстан же Кыргызстандын жараны шектелип жатканын жарыя кылышкан эле. Демек, алар Өзбекстан же Кыргызстан жарандары ичинен бирер шектүү адам издешкен. Ошол адамды айыптуу кылуу менен Кыргызстанга саясий басым өткөрүү максатын көздөшкөн. Бирок, алар кармаган кыргызстандык жаран четке кагуу мүмкүн болбогон далили бар адам болуп калды. Антпесе, бул жигит мамлекеттер ортосундагы жаӊжалга себепкер болгон курмандыкка айланып кетиши мүмкүн эле. Түрктөр Кыргызстан жарандары арасынан бир курмандык издегендигинин далили, Машраповду айыпкер кылуу мүмкүн эместиги туурасындагы кабар жетип барбай калган маалымат каражаттары “Рейна түнкү клубуна чабуул кылган кыргызстандык жаран кармалды” деген кабарды таратып жиберишти. Демек, эл аралык саясат Түркия аркылуу Кыргызстанга басым өткөрмөкчү болгон. Алар ИШИМди (ИГИЛ) исламий коркунуч катары көрсөтүү менен биздин өлкөбүздөгү таасирин күчөтүп алмакчы болушкан.
Кыргыз бийлиги болсо өз кызыкчылыктарына тескери барып, батышчыл маалымат каражаттары жана эксперттердин айтканына ишенип, түрктөргө отчёт даярдай баштады. Орган кызматкерлерин бутка тургузуп, өз жарандарынан коргонуу боюнча кеӊири иш-чараларды баштоого даярданып жатат. Түркия бийлигинен өз жаранын коргоп, андан кийин Кыргызстан мамлекетинин аброюна зыян жеткиргендиги үчүн жооп берүүнү талап кылуунун ордуна, өзүн айыптуу сезип, эл аралык саясат алдында отчёт берүүгө даярданууда. Кыргызстан алардын басымы себептүү, “Сириядан кайтып келе жатат” деген күмөн менен Түркиядан кайтып келе жаткан жарандарын текшерүүнү күчөтө баштады.
АКШ эмне үчүн алгач Кыргызстан сыяктуу мамлекеттердин жарандары Сирияга кетишине Түркия аркылуу кеӊири жол ачып берип, эми алардын кайтып келүү жолдорун тосуп коймокчу болууда? Мунун жообу, АКШнын максаты Шамда мужахид топторду кармап калуу. Аларды Халабда (Алеппо) үммөттүн кубатынан ажыратып алды. Эми мужахиддерди өзүнүн белгилүү бир максаты үчүн кармап турмакчы. Максаты, Шамда жаңы же эски бийликти дүйнөлүк илманий система негизинде калыптандырууда мужахиддерден пайдалануу. Т.а. бул жаңы мамлекет башчылары АКШнын саясий колониясынан тышкарыда калыптанып калбастыгын кепилдеп алганга чейин мужахиддер армиясын кармап туруу. Башкача айтканда, каалаган учурда дагы кайрадан жарандык согуш баштап жиберүү мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбай туруу. АКШ бул аркылуу жаңы калыптанып келе жаткан өкмөттү жана аларга таасир өткөрүүгө аракет кылып жаткан жетекчи, колонизатор мамлекеттерди коркутуп турат. Мисалы Афганистандагы сыяктуу, бир нече күчтөр теӊ салмактуулугун кармап туруу аркылуу мамлекетти башкаруу системасын пайда кылмакчы.
Кыргызстан болсо жогорудагы популист эксперттер жана батышчыл маалымат каражаттарынынын билдирүүлөрүнөн таасирленип, өз жарандарына зыян жеткирүүнү уланта бермекчи болуп турат. Зулум – зулумду гана алып келет. Кыргызстан өз жарандарын кечирүү жолу менен жүрүшү керек. Бул болсо, бийлик үчүн эӊ пайдалуу жол. Себеби, Сирияга кеткен көптөгөн мусулмандар исламий туйгулары козголуп, мусулмандарга жардам берүү үчүн, Түркия ачып берген жол аркылуу чыгып кетишкен. Ал жакта алардын абалы кандай болгонун билбейбиз. Эми кудум ошол Түркия бийлиги Кыргызстанга басым өткөрмөкчү болуп жатат. Кыргызстан бийлиги жок эле коркунучтан качып, чыныгы коркунучка дуушар болуп калышы мүмкүн. Себеби, АКШга айырмасы жок. Т.а. Орто Азияда жарандык согуш пайда болсо, аны Сириядагы абалды жөнгө салууда пайдаланып, бийликке каршы чыккан күчтү колдоп кете берет. Ошондуктан, Кыргызстан Батыш системасын ыраазы кылуу чекитинен пикирлөөнү токтотуп, өз мамлекети жана жарандары кызыкчылыгы негизинде пикирлебесе, саясий ката кетирип коюшу мүмкүн.