Жүз миңдеген мусулмандарды өлтүргөн канкорлор Рейна чабуулун каралашты

389
0

Жүз миңдеген мусулмандарды өлтүргөн канкорлор Рейна чабуулун каралашты

Ирак, Афганистан, Сирия, Кашмир, Чеченстан, Алжир жана башка мамлекеттерде жүз миңдеген адамдарды кыргын кылган канкорлор Стамбулдагы Рейна түнкү клубуна уюштурулган чабуулду каралоодо бири-биринен өтүп кетишти.

11-сентябрь шылтоосу менен Афганистан жана Иракта мусулмандардын канын төккөн АКШ Реина түнкү клубундагы окуяга катуу кайгыргандыгын билдирди. Ак үйдүн маалымат катчысы Эрик Шульц өзүнүн жазма билдирүүсүндө, Гавай аралында эс алып жаткан АКШ президенти Барак Обама чабуулда көз жумган бейкүнөө адамдар үчүн көӊүл айткандыгын кабарлады. О.э. АКШ Мамлекеттик департаменти да бул чабуулду каралады.

Чеченстанда карапайым калкты жырткычтык менен кыргын кылган жана ушул күндөрдө бүт дүйнөнүн көз алдында Сирия калкын кыргын кылып жаткан, ал тургай ооруканадагы оорулуулар жана мектептердеги жаш балдарды да аёосуз бомбалаган Россия жаңы жыл майрамын белгилеп жаткандарды өлтүрүү өтө оор кылмыш экендигине басым жасады. Түркия президентине көӊүл айткан Владимир Путин: “Жаңы жыл майрамын белгилеп  жаткан бейкүнөө адамдарды өлтүрүүдөн да оорураак кылмышты элестетүү кыйын. А бирок, адамдык жана ахлактык түшүнүктөр террористтерге чоочун. Террорго каршы биргеликте күрөшүүбүз керек”, – деген билдирүү берди.

Мусулман уйгур калкын өлтүрүп жаткан, карапайым калктын үйлөрүнө бастырып кирип, айыпсыз адамдарды жалган жалаа менен камакка алып, аларды абактарда оор кыйноолорго салып жаткан Кытай да Рейна түнкү клубунда ишке ашырылган чабуулду катуу каралай тургандыгын билдирди. Кытай Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Хуа Чуньин жазма билдирүү чыгарып, Кытай бийлиги бардык түрдөгү терроризмге каршы экендигин о.э. аймактык жана глобалдык тынчтыкты сактап калуу үчүн Түркия жана эл аралык коомчулук менен кызматташтыкта аракет кылууну каалай тургандыгын баса белгиледи.

Алжирде эсепсиз мусулмандарды эч бир себепсиз кыргын кылган жана Сирия кыргынына салым кошкон Франция да Рейна клубундагы чабуулду каралады. Франция президенти Олланд өзүнүн жазма билдирүүсүндө, “Стамбулда уюштурулуп, 39 адамдын өлүмүнө себеп болгон террордук чабуулду катуу каралаймын. Франция бул окуялар каршысында Түркия менен бирге болуп, союздаштары менен биргеликте бул балээге каршы аёосуз күрөшүтү улантат”, – деди.

Залим Асад тарапта болуп, Сирия калкынын канын төккөн жана пакиза муслималардын намысын булгаган Иран да бул окуяны каралай тургандыгын билдирди. Иран Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Бахрам Касими жазма билдирүүсүндө Стамбулдагы чабуулду катуу каралай тургандыгын билдирип, ал окуяда өлгөндөрдүн жакындарына көӊүл айтты.

Палестинада аялдар жана жаш балдарды “колунда бычак бар” деген шылтоо менен атып өлтүрүп жаткан коркок яхудийлер бул чабуулга катуу кайгырды. Израилдин президенти Реувен Ривлин Стамбул чабуулдарын каралап, Твиттердеги расмий баракчасы аркылуу түрк жана англис тилинде: “Жүрөгүбүз Түркия калкы менен бирге. Ушул чабуул адамзатка каршы ишке ашырылды. Жакындарын жоготкондордун жана жарадар болгондордун акысына дуба кылабыз”, – деген билдирүү берди.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here